СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Катуу ойго чөгө түшкөн экенмин, «Малика» деген үндөн чочуп кеттим. Жанымда алыс тууганымдын уулу турган экен.
– Эмне, жол боюнда ыйлап турасың?- деп таң калып сурады.
– Ыйлап дейсиңби?- деп кайра өзүнөн сурадым.
– Ооба, көзүңдөн аккан жашты кара, бирөө катуу таарынттыбы? Капа кылдыбы?
Ал мени чындап аяп, боор тартып кетти.
– Мага акча керек, зарыл болуп турат,- деп жашырбай чынымды айттым.
– Эмне болду?
– Сураба, себебин сураба. Эгер колуңдан келсе, акча тапканга жардам кыл,- деп суранып жибердим.
– Канча керек?
– Миң сом.
– Жинди десе,- деп ал каткырып жиберди.
– Ошол миң сом үчүн ушинтип ыйладыңбы?
Ал көзүмдүн жашын аарчып, колума сураганымдан ашык акчаны карматты да, караңгы түшүп калгандыктан таксиге салып узатып койду. Көктөн издегеним жерден табылып, атам тирилип алдыма келгенсип кубанып үйгө бардым.
Беш ай бою же айлыгымды ала албай же башка жумушка кире албай жүдөдүм. Бактияр буларды көрсө да көрмөксөн. Кааласам барып, кааласам калып, жумушка да көңүлүм чаппай, тамакка да табитим тартпай сенделип жүрүп кызматымдан бошоп алдым.
– Малика, бактылуусуңбу?– деп бирге иштеген кесиптешим сураганы эсимде.
– Албетте.
Мен күлүп жооп бергенге аракет кылдым. Ал башын чайкап койду.
– М-м... Күйөө бала капа кылган жокпу?
Кайрадан шектүү сурады.
– Жок, эмнеге капа кылмак эле?- деп тайсалдап жооп бердим.
– Билбесем, жаңы үйлөнгөн жубайлар башкача болчу эле… Сен турмушка чыкканы өзгөрүп кеттиң, көздөрүңдө таптакыр бакыттын белгиси жок, нурсуз, ойлуу. Телмирип отурганың отурган.
– Эми мурдагыдай секелек кыз эмесмин. Токтоло турган мезгил келди да,- деп тамашалашканга аракеттендим.
– Сен күчтүү кызсың! Турмушта ар кандай нерселер боло берет. Кандай азап кыйнап жатканын сураганга акым жоктур. Ошентсе да өзүңө бышык бол.- деп кеңеш берди.
Күндөрдүн биринде жумуш убактысында Бактиярга байланышка чыгып, анын айылга кетип калганын билдим. Эртели-кеч кетери анык эле, муну өзүм да күтүп жүргөм. Жадакалса акыркы убадасын аткарбай, калп кубантып кетип калганы биротоло акылымдан адаштырды. Акыркы экзаменин тапшырган соң «бул ийгилигим үчүн кафеге алпарам» деп кечээ эле айтпады беле. Анын биротоло таштап кеткенин дагы эле моюнума алгым келбей жатты.
– Кетип калыптыр…- деп буулугуп, бул сөздү миллион кайталап жүрөгүм эңшерилди.
– Акыры кетиптир… Эми келбейт… Эч качан келбейт…- деп күбүрөп, жинди болуп кете жаздадым. Ызага буулуп, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турдум. Иш үстөлүмдө турган шише чөйчөктү дубалга чаап жибергенимди байкаган жокмун. Андан соң кармана албай колума эмне тийсе баарын талкалап, чачып, ыргытып жаттым. Сырттан жабалактап кирген кесиптештерим мени жинди болуп калды деп ойлошту окшойт, коркуп кетишти. Жакшы эле тынчтандырууга аракет кылышты, бир тилге келсемчи. Баарын жек көрүп, көрөргө көзүм жок эле. Беш айдан бери айлыгымды бербей жаткандыгы үчүн башкарманы да катуу тилдеп алдым. Мага тиешелүү акчаны талап кылып, «иштен кетем» деп ыйлай баштадым. Ошол бойдон эки ай бою үйдөн чыкпай тирүү арбак болуп жата бердим. Эмне жеп, эмне ичтим ким билет, ач-тогумду да сезбептирмин. Бирге жашаган кыздардан да алыстап, түнт болуп кеттим. Мага операция жасаган врач жыл сайын жаз, күз айларында дарыланып туруумду катуу эскерткен болчу. Унутуп да калган экенмин. Оорум козголуп кыйнала баштаганымда гана эсиме келип жатпайбы. Бул учурда жумушум да, жолдошум да, акчам да жок эле.
Ошол мезгилдерде батирде бирге жашаган курбу кыздарымдын бирөөсү жок жерден чыр чыгарып, уруша кеттик. Айрыкча анын «жакшы болсоң Бактияр таштап кетмек беле?» деген сөзү катуу тийди. Экинчи жолу курбудан көңүлүм калып, арадан бир жума өткөндөн кийин өзүмчө бөлүнүп кеттим. Кыздардын баарына «Бактияр айылдан келгенде өзүбүзчө жашай турган болдук» деп жалган айттым.
Тирүү болгондон кийин жашашым керек эле. Кайра өзүмдү колго алып, тааныштар аркылуу мыкты кызматка орноштум.
Ошентип, чындыкты жашырам деп жалгыз жашай баштадым. Бактиярдын мени таштап кеткенин айтуудан намыстандым. Менин жалгыздыгымды бир тууганым да, кесиптештерим да, курбуларым да, эч ким билген жок. Баары мени мыкты кызматта иштеген, сүйгөнү менен жашаган, ишке тың, сөзгө чебер, бактылуу инсан катары кабылдап жүрүштү.
Иштеген ишимден сырткары кошумча жумуш таап, тигүү цехтеринде, ар кандай соода-сатык түйүндөрүндө да иштеп жүрдүм. Тапкан акчамды карыздарыма берип, аздан кутула баштадым. Аз жеп, арзан кийинип, тапкан азыноолак акчамды сарамжалдуу колдонуп, күрөөканада калган буюмдарымды да алдым. Чөйрөм жакшы адамдар менен толукталып, улуу инсандар менен катар кешиктеш болууга жетиштим. Бирок Бактиярды унута алган жокмун. Аны биротоло унутуп коюуга кудуретим жеткен жок. Ал менин алгачкы махабатым эле!
Сүйүүмдү акылым менен башкара алганымда, башка жолду тандаган болор элем. Сүйүүм үчүн күрөшүп жатканымды же кектенип күйүп жатканымды да түшүнө албадым. Бактиярдын кокус мага келбей башкага үйлөнүп жатканын элестетсем, жаным жай таппай өзөгүмдү өрт каптап, туттугуп кетер элем. Канчалык кайраттуу, чечкиндүү, курч болбоюн, арамза адамдардын арам оюн, бузук ниетин жеңе албадым. Мен Бактиярдан да, тагдырымдан да, демек, дос-душманымдан да жеңилдим.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aizita
2010-06-01 09:07:12
malika murun ele ushundai oz jashoosun bashtoo kerek ele. birok erkek bolgon son erkek atyn jerge tashtabasa abdan jakshy bolmok...
0
Elle
2010-06-01 09:26:11
да блин качан аягы болот ыя аз аздан жазат экенсинер кызык жерине келгенде тугонуп калды (((
0
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан