(Башталышы өткөн сандарда)
Дуулат аргасыз макул болду. Уулун эми артка кайтара албайт. Кызын сакташы керек. Чын эле Алинага да кол салышсачы? Жок, Дуулат аны көтөрө албайт. Үчөөнүн тең паспортторун байкатпай алып чыгып Чыңгызга берди.
Эки күн өткөн соң сөөк коюла турган мезгил келди. Арсендин апасы ыйлай берип үнү чыкпай калыптыр. Сөөктү үйдөн алып чыгып жатканда үнүнүн барынча чаңырып, же анысы көкүрөгүн бошотуп чыгып кетпей кыйылдап ыйга, ызага муунуп турду.
«Ушул бизге керек беле, досум?» Чыңгыз Арсен жаткан табыттын бир чекесинен көтөрүп жатып ичинен үн катты.
– Байке-е!- Алинанын чаңырганын укту. Чыңгыздан эмнегедир жаш чыкпай жатты. Анын ойлору башка жакта болчу.
Арсен Чоң-Арыктын четиндеги мүрзөдөн жай тапты. Дуулат боздоп гана туруп берди. Чыңгыз анын жанында жөлөп-таяп турган болчу.
– Кайрат кылыңыз,- деди капыстан Чыңгызга тааныш үн. Өйдө карай берип бет маңдайынан Санжарды көрдү. Жүрөгү оозуна кептеле түштү.
– Арсен жакшы жигит болчу. Эч кимге зыяны жок...- Санжар дагы бир нерселерди сүйлөдү. Анан бир убакта Чыңгызга бурулуп:
– А эмнеге сенин телефонуң өчүк?- деп өктөм сурады.
– Бул жакка чакырышканда шашып унутуп баса бериптирмин. Үйдө калган.
– Жүрсөң мындайраак, сүйлөшөлү,- Санжардын бул сөзүнө макул болуп, Чыңгыз Дуулатты таштап бери басты.
– Эмне болуптур? Кыз атыптыр дейби?
– Ооба. Сиздер эмне жаңы эле келдиңиздерби?
– Ооба. Милиция эмне деп жатат?
– Азырынча ошол кызганычтын айынан атып салган деген божомолду карап жатышат.
– Сөөк коюлган соң биз менен жөнө, макулбу?
– Макул. Болгону Арсендин атасынын жанында бир аз болоюн. Кантсе да досум эмес беле. Анан бара калам. Сиздер үйгө бара бериңиздер. Кайрат айтып турбасам болбойт го.
Санжар Чыңгызды теше тиктеп турду. Бирок эч нерсе деле байкай албады. Анын ансыз деле санаасы көп болчу. Чыңгызга макул дегендей баш ийкеп бери басканда эле анын жолун Болуштун жардамчысы тороп чыкты. Санжарга жанаша басып:
– Санжар аке, салам алейкум. Мен Болуш Сардаровичтен. Ал сиз менен жолуксамбы дейт. Окуяга анын тиешеси жок.
– Ал каякта?
– Кеңседе.
– Кеңседен жолуга албайм. Капчыгайга келсин. Ал билет кайсы капчыгай экенин.
ххх
Лизанын сөөгү көмүлгөн капчыгай. Болуш жол тандабас унаасын өзү айдап келди. Санжар аны күтүп туруптур.
– Кандайсың?- деди ал Санжарга кол сунуп.
– Сен кылдың, билип турам.
– Мен кылсам сени менен жолукпайт элем. Бетим ачылып калбасын деп жан талашпайт болчумун. Баягы менден талашкан кызы атты. Кокустук гана болду окшойт.
«Өх» деди Санжар ичинен. Жеңилдей түштү.
– Сен тузактасың, Болуш. Катуураак кыймылдасаң, ал тузак сени катуураак кысат.
– Мен түшүнүп турам, Санжар. Бирок күнөө менде эмес. Бул ачкыч үйдө калыптыр. Унаасыныкы го? Атасына берейинби же?..- Болуштун үнүндө коркунуч бар эле.
– Ал кайдан сенин үйүңдө калып жатат?
– Арсен менин элиталуу батиримде жашап баштаган. Ачкыч ошол жерде калыптыр. Милиция берди.
– Милиция кандайча сага берет?
– Санжар, түшүнсөң, бул жерде ашыкча чуу чыгарбаш керек болду. Ал менин үйүмдө атылып өлтүрүлдү. Машинасы короодо токтоп турат. Аны ачып жиберишпесин дедим. Акча берип жатып милициядан эптеп алдым. Балким, ал жерде тиги орус сойкуну көмгөндөгү күрөктөр болсочу? Же мени тарткан видеокамера ошол жерде болсочу? Ал менин жардамчым болуп алган. Менден сурап башташмак. Ызы-чуу чыкмак. Унаасын алып атасыныкына токтоттуруп салайын дегем. Кааласаң ачкычты бер, мен өзүм барып эле токтотуп коём.
Санжар Болушка ишенди. «Мунун да чебелектегидей жайы бар» деди ал ойлонуп.
– Биз менен жүр. Сенин унааңды Нурдин айдап алат.
Болуш аргасы кетип Санжардын жанына отурду. Аз өтпөй алар унаа токтотуучу жайга келишти. Арсендин кара Гелендвагени ээсин күтүп дымып турган экен.
– Сен бери айдап чык.
Болуш Гелендвагенди айдап чыкты.
– Эми кеңсеге чейин айдап бар. Биз сенин унааңды артыңдан жеткирип барабыз,- Санжар баары бир толук ишене албай жатты. Ал отурганда жарылып кетеби деп коркту. Ошон үчүн Болушту айдатып көрдү. Жок, жакшынакай эле бара жатат. Бул унаа ага абдан жага турган. Ач көздүгүнө жеңдирип койду. "Баары жайында болсо Ошко алып кетиш керек" деп ойлоду.
Болуш камырабай гана кеңсесине чейин Гелендвагенди айдап барды.
– Ишенбей жатасың го, ээ? Бирок, Санжар, ошол ишти бүтүрсөк жакшы болот эле. Мага баягы видеотасманы сат. Каалаган сумманы берем,- деди ал унаадан түшүп.
– Миллион доллар десемчи?- Санжар кытмыр жылмайды. Анын санаасы тынчый түшүптүр.
– ...
– Дагы сүйлөшөбүз, ээ, Болуш. Баса, милициянын оозун басып кой. Ашыкча маселенин экөөбүзгө тең кереги жок,- Болуштун унаасынан түшүп, Гелендвагенге отуруп жатып сүйлөдү. Болуш макул дегендей баш ийкеди.
– Айда, тиги жакка барып менин машинамды алалы. Муну мен Ошко айдап кетем,- деди Нурдинге. Гелендваген жулкунуп Болуштун кеңсесинен алыстады.
– Кетти!- Болуш кимдир бирөөгө телефон чалып шашкалактады. Бул убакта Гелендваген Лев Толстой көчөсүнө чыгып зуулдап бараткан. Бир убакта дүң-ң эткен катуу добуш чыкты да, Гелендвагенди өрт каптап, 2-3 ирет ала салып барып кулап түштү. Ичиндеги Санжар менен Нурдин тирүүлөй өрттөнүп жатышты.
ххх
– Камера табылды. Сейфте экен!- Болушка кимдир бирөө телефондон сүйлөдү.
– Мага алып кел. Ичинде флеш-карта бар бекен?
– Ооба.
– Өх...
ххх
ххх
– Эмнеге атканыңызды түшүндүрүп бере аласызбы?- тергөөчү Бегимайдан сурады. Чачтары саксайып, көздөрү киртийип калган Бегимай ийинин куушурду.
– Биз мас элек.
– Эмне ичтиңиздер эле?
– Коктейль. Сүйүү, жек көрүү, кек аралаштырылган коктейлге мас болчубуз. Аман калууга жол жок болчу.
– Акыл-эсиңиз ордунда элеби?- тергөөчү түшүнбөгөндөй жооп кайтарды. Жооп жок. Бул сүйлөшүүдөн бир ай өтпөй Бегимайды чын эле акыл-эси ордунда эмес деп табышты. Мажбурлап дарылоо керек деп Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жөнөтүштү.
ххх
(Аягы)