Чыгыш ашканасына таандык болгон шорпону даярдоонун 2 түрү бар: кайнатма жана куурма шорпо. Бул жолу биз жашылчалардын, татымалдардын түрү кошулган витаминдүү, тоюмдуу жана бат сиңимдүү куурма шорпонун түрлөрүн сунуштайбыз.
НОКОТ ШОРПО
Порция - 10
Даярдоо убактысы – 2 саат
Керектелүүчү азыктар:
Кой эти – 1 килограмм
Нокот – 1 стакан
Пияз – 3 баш
Болгар калемпири – 2 даана
Сарымсак – 1 баш
Помидор – 3 даана
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Картошка – 5 даана
Сабиз – 2 даана
Укроп же ашкөк – 1 тутам
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Нокотту 7-8 саат жылуу сууга чылап коёбуз.
2. Пияз, сабиз, сарымсакты тазалап, жууп алабыз. Андан соң пиязды жарым тегерек, ал эми сабизди 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек кылып туурайбыз.
3. Казанга куюлган май ысыган кезде пиязды салып 6 мүнөт, андан соң чакан кесимдерге бөлүнгөн этти салып дагы 15 мүнөт кууруйбуз. Мындан соң татымына жараша туз, мурч салынып, 3 литрдей суу куюлат.
4. Эми казанга нокотту салып, жай отто нокот бышканча кайнатабыз.
5. Нокот бышкан соң казанга сабизди, сарымсакты, чоң-чоң тууралган картошка, помидор жана болгар калемпирин салып бышырабыз. Шорпобуз даяр! Аны чоң чыныга куюп, үстүнө майда тууралган укроп же ашкөктөн себелеп, дасторконго берсеңиз болот.
ВИТАМИНДҮҮ КУУРМА ШОРПО
Порция - 10
Даярдоо убактысы – 90 мүнөт
Керектелүүчү азыктар:
Кой же уй эти – 700 грамм
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 даана
Картошка – 4 даана
Бий алма – 2 даана
Түрп – 1 даана
Помидор – 2 даана
Сарымсак – 4 тишче
Болгар калемпири – 2 даана
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Укроп – 1 боо
Лавр жалбырагы – 1 даана
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти чоң-чоң кесимдерге бөлүп, казанда кызып турган майга 5 мүнөттөй кууруйбуз.
2. Эттин үстүнө майда тууралган пиязды, чоң-чоң тууралган сабизди, түрптү жана помидорду салабыз да, дагы 5 мүнөттөй кууруп, 3 литрдей сууну куябыз. Табитиңизге жараша чили калемпирин, жибитилген нокот, төө буурчак кошсоңуз да болот.
3. Шорпо кайнап чыккандан кийин чоң-чоң тууралган картошканы, болгар калемпирин жана бий алманы салып бышканча жай отто 30-40 мүнөттөй кайнатабыз. Тамак бышарга 5 мүнөт калганда лавр жалбырагын, тууралган укропту жана сарымсакты салабыз.
МАШ ШОРПО
Порция - 10
Даярдоо убактысы – 90 мүнөт
Керектелүүчү азыктар:
Уй же кой эти – 900 грамм
Маш – 200 грамм
Күрүч – 200 грамм
Түрп – 1 даана
Картошка –2 даана
Сабиз – 1 даана
Пияз – 2 баш
Сарымсак – 4 тишче
Томат пастасы – 2 аш кашык
Лимон – 1 даана
Укроп же ашкөк – 1 тутам
Өсүмдүк майы – 80 грамм
Татымына жараша туз, ачуу калемпир, мурч, райкан, ашкөк
Даярдоо ыкмасы:
1. Машты жууп, 7-8 саатка жылуу сууга чылап коёбуз.
3. Эт, аарчылып-тазаланган жашылчалардын баары бирдей, төрт чарчы формасында, пияз менен сарымсак майда тууралат.
4. Казандагы май ысыган кезде сарымсакты, андан соң дароо этти салып кууруйбуз.
5. Эт куурулган соң пиязды салып, бир аз туз, калемпир, райкан сыяктуу татымалдарды себелеп кууруйбуз. Мындан кийин түрп, сабизди салабыз.
6. Жашылчалар куурулган соң томат пастасын салып 5 мүнөттөй кууруп, казанга 3 литрдей муздак сууну куябыз.
7. Эми шорпого жибитилген маш салынат.
8. Маш бышкан кезде таза жуулган күрүчтү салып бышырабыз. Тузун даамдап, үстүнө майда тууралган укроп же ашкөктөн себелеп, 1 тиш сарымсакты майдалап туурап кошуп, лимондун кесимдерин салып койсок маш шорпобуз даяр! Чоң чыныга куюлган маш шорпого табитке жараша 1 аш кашык айран же каймак, мурч, калемпир салып берсеңиз болот.
ШОРПО ДААМДУУ БОЛУШУ ҮЧҮН...
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg