«ЭМЧЕКТИН МАСТОПАТИЯ ЖАНА РАК ООРУЛАРЫН КОФЕ, ШОКОЛАД, МАЙЛУУ ТАМАК КҮЧӨТҮП ЖИБЕРЕТ»

Бишкектеги Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордун алдындагы Маммологиялык борбордун хирургия бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Сергей Буюклянов эмчектин рак жана мастопатия оорулары тууралуу маалымат берет.


 

 

ЭМЧЕК ГОРМОНДОРГО КӨЗ КАРАНДЫ БОЛГОН ОРГАН.

РАК ООРУСУ
Дарттын белгилери:

• Эмчектин бири чоңоюп, ылдый болуп калат.
• Үрптүн тегерегинде бүдүрлүү темгилдер болот.
• Бир же эки үрптөн тең суюктук чыгат.
• Үрптүн тегерегинде чуңкурча же бүгүштөр жаралат.
• Эмчек ткандары калыңдайт, текшергенде шишиктин бар экени билинет.
• Дамамат оорутуу байкалат.

Дарттын себепкерлери:

• Эрте бойго бүтүү.
• Семирип кетүү.
• Бат-баттан аборт жасатуу.
• Аз төрөт.
• Бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттарды өз алдынча колдонуу.
• Эмчекке коюлуучу имплантаттар.
• Тукум куучулук.
• Ичкилик ичүү жана тамеки тартуу.


МАСТОПАТИЯ
Мунун 2 түрү бар.
Диффуздуу түрүнүн белгилери:

• Алгачкы убактарда этек кир келерден бир нече күн мурун эмчек бир аз шишип, оорутат.
• Эмчектин ткандары калыңдайт, майда бүдүрчөлөр жаралат.
• Этек кир келип бүткөндөн кийин оорутпай калат, эмчек калыбына келет.
• Кийинчерээк этек кир бүткөндөн кийин деле эмчек жумшарбаган бойдон калып баштайт.
• Оорутуу сакталат.
• Эмчектен суюктуктун чыгуусу мүмкүн.


Дарттын себепкерлери:

• Организмде эстроген гормонунун көбөйүшү.
• Улам-улам аборт жасатуу.
• Этек кирдин эрте келиши.
• 30 жашка чейин төрөбөө, стресс.
• Эмчектен жаракат алуу (жыгылып, кулап).
• Бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттарды өз алдынча колдонуу.
• Ички бездердин (калкан сымал бездин, эн безинин жана башка) оорулары.
• Жатындын миомасы.

Эскертүү: Эгер дарылабаса дарт түйүндүү мастопатияга өтүп кетет.


ТҮЙҮНДҮҮ (УЗЛОВАЯ) МАСТОПАТИЯ.

Оору белгилери:

• Эмчектин ткандарынын калыңдоосу күчөйт.
• Оорутуу басылбай баштайт.
• Эмчекте 1 эле чоң түйүн болот.


"АБОРТ – ЭМЧЕК ООРУЛАРЫНЫН КҮНӨӨКӨРҮ"

– Сергей мырза, өлкөдө 1 жылда канча аял эмчектин рак илдетине кабылат?
– 1 жылда 1000дей аял эмчектин рагы менен ооруса, анын ичинен 400дөйү көз жумат. Биздин маммологиялык борбордо 2017-жылы 805 аялга, анын ичинде эмчектин залалдуу шишигине 200, залалдуу эмес шишигине 605 операция жасалды. Мурун залалдуу шишик менен ооругандардын эмчегин толук кесип салсак, кийинки кездерде ракты гана алып, эмчекти болушунча сактап калууга өтүп жатабыз. Буга, албетте, медицина менен техниканын өнүгүшү себепкер.
Рактын 4 стадиясы бар.
I-II стадиясында аялдардын 98 пайызын айыктырууга болот. III-IV стадиясында рак коңшу органдарга чейин тарап (метастаз) баштаган же тарап кеткен болот. Андыктан бул стадиядагылардын өмүрүн узартып гана тура албасаң, өмүрүн сактап кала албайсың.

– Рак илдети кийинки жылдарда жашарып баратканы билинүүдө...
– Ооба, дарт 10-15 жашка жашарды. 20 жаштан тартып карыларга чейин ооруп жатышат. Өткөн жылы бизге 20-22 жаштардагы 3 кыз рак менен келди. Менин тажрыйбамда велосипед тээп баратып кулап, кийин жаракат алган жерине рак өсүп кеткен кыз кездешкен. Андыктан жаракат алганда врачка сөзсүз текшерилүү кажет.
Азыркы кезде жаштар жыныстык жашоону эрте баштап жатышат. Сактанууну билбеген, үй-бүлө курууга даяр эмес кыздар, албетте, боюнан алдырышат. Алардын кээ бирлери, ошондой эле карьера жасайм деген айрым келиндер абортту улам-улам жасатышат. Мунун жыйынтыгында гормондордун тең салмагы бузулуп отуруп ракка чейин жеткирүүдө.
Учурда жаштар да, улуулар да кофе, кара шоколад, майлуу тамак дегендерди көп жеп-ичишет. Аталган азыктар жана буурчакты көп колдонгондо организмдеги эстроген гормону (аялдардын эн бези иштеп чыгарат) көбөйүп кетип, мастопатияны, ракты күчөтөт. Демек, кимде мастопатия болсо, аталган азыктарды өтө аз, ал эми рак болсо таптакыр колдонбоо керек.
Эмчек имплантатынын сапатсызы коркунучтуу. Имплантатты мындан кийин төрөбөйм дегендер, эмчегинин бири тубаса кичинелер, рактан улам эмчегин кестирип салгандар колдонсо оң.
Тамеки тарткан кыз-келиндер да көбөйдү. Аларда жүрүп отуруп эмнеге эмчектин рагы жаралат? Анткени тамеки тарткандарда ракты жаратуучу стресс гормону – катехоламин көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Андыктан тамеки тартпоо зарыл.

– Анда кайсы азыктарды рак менен мастопатиянын алдын алуу, эгер оорулар бар болсо, өркүндөтпөй кармап туруу үчүн жеп-ичсе болот?
– Организмдеги эстроген гормонунун ашыкчасын чыгарып турчу азыктарды: алма, сабиз, кызылча, капуста, помидор, болгар калемпири, көк чай, шалгам, чамгырды дайыма жеши зарыл.

– Рак оорусуна диагноз коюу үчүн эмнелер керек?
– Биопсия (рак клеткасынан кичине үзүп алып, текшерүү), маммография, УЗИ, магниттик-резонанстык томография сыяктуулар керектелет. Айта кетчү нерсе, 30 жашка чейинкилер эмчегин УЗИде, 30 жаштан кийин маммограф аппаратына 1 жылда 2 ирет текшерилүү медицинанын талабы.

– Дарылоо кандайча жүргүзүлөт?
– Дарылоодо нур терапиясы, химиялык терапия (дары-дармек менен) жана операциялык жол бар. Оорунун стадиясына жана рактын келип чыгуу себебине жараша аталгандардын бири же экөөсү тандалып алынат. Иммунитетти көтөрүүчү каражаттар да сунушталат. Аял ысыкта жүрбөй, күнгө кактанбай, кыскасы, врачтын айткандарын сактоосу зарыл.

– Эми эмчектин залалдуу эмес шишик оорулары тууралуу сөз кылсак...
– Эмчек безинин залалдуу эмес шишик ооруларына: фиброаденома, киста , абсцесс, мастопатия (толугу фиброздуу-кистоздуу мастопатия), липома оорулары кирет. Эң көп жолукканы – мастопатия. Бул латын тилинен которгондо «сүт безинин патологиясы» дегенди билдирет. Өлкөдөгү аялдардын 60-65 пайызга жакынында кездешет. Мастопатиянын диффуздуу түрүн дарыласа толугу менен айыгууга болот.
Диффуздуу түрүн дарылабаса түйүндүү мастопатияга айланат. Түйүндүү мастопатияда дарыланбаса залалдуу ракка өтөт. Дарттын 2 түрүндө тең анализдердин жыйынтыгына карап гормоналдык каражат, гель, крем, таблетка, суюк дары жазылып берилиши мүмкүн. Туз, кантты өтө аз, ал эми уксусту, колтукка себилчү күчтүү дезодорантты колдонбоо, тар же кенен бюстгальтерди кийбөө керек. Бюстгальтерди түндө чечип, эмчекти эс алдыруу зарыл.

– Кээ бирлер мастопатияда эмчегине капуста тартышат. Жардам береби?
– Капуста эмчектин калыңдап, катуулап кеткен ткандарын кандайдыр бир деңгээлде жумшартат. Бирок айыгууга жардам бербейт. Элдик дарыгерлерге ишенип алардан дарылануу – убакыттан утулуу. Ошентип бизге кеч келишип, эрте көз жумууга аргасыз болушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
momun74
2018-01-16 11:11:52
Мен бир ай болду мастопатиянын женил туру мн ооруп дарыланып жатам кенен маалымат учун рахмааат
+6
Nagii
2018-01-16 17:13:43
Мастопатия деген бала эмгизгенде эмчекте калып калган суттон пайда болобу?
+2
kirgizstan
2018-01-16 18:24:09
Кудай сактасын. Мен бала эмизем чоочуп нетсемда көкүрөгүм сүтү без болуп катый түшөт. Аны укалап сылап жатып кайтарам кайтып кетет. Без түшкөндө ооруйт.
+2
Sarinakg
2018-01-16 20:41:13
Диффуздуу туру менен оорудум леч кылсамда айыкпай жатамго
+2
Sarinakg
2018-01-16 20:50:38
Сергей Б менен кантип байланышсак болот админ
+1
nurii
2018-01-16 22:12:48
Эмчеги ооруганда тороп бала эмизсе оорудан айыгып кетет деген соз чындыкка дал келеби?
+2
Sarinakg
2018-01-16 22:28:35
nurii, Мени торосон кайтып кетиши мумкун деген бирок анык айткан эмес айыгат деп
+2
aman0296
2018-01-17 21:53:01
Ким ушул дарт менен, же тууганынар ооруса тезинен больницага баргыла. Коз ачык, чоп дары, без операция айыктырабыз дегендерге барбагыла. Жон эле убакытты откоруп, рак башка органдарга тарап кете электе. Чуркап онкологияга баргыла
+5
aiur
2018-01-21 13:15:54
Мени торосон кетет деген,тороп ошол ооруган кокурогумду коп эмиздим,туура эле экен кетип калды баары жакшы буюрса,торт жыл болду
+5
akyla88
2018-01-22 13:09:51
мактанып жарымын коргозуп албай жылуу кармаш керек эмчекти, ото назик орган, тез ооруйт
0
Aijanar17
2019-03-18 12:32:54
мен 4 жылдан бери лечение алам сакайбай койду. Дары ичип жатканда оорубай калат анан кайра эле башталат. Тороп бала эмизсен кетип калат дешкен баламды эмизбей калгандан кийин ооруп эле жатат
0
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан