Колтуктун колоңсосу адамдарды бир топ ыйгайсыздыкка салып, түйшүк жаратат. Мисалы, терге кошо жыттын чыгышы, кийимдердин колтугунда тактардын калышы, ал так менен жытты кетирүү максатында кийимди бат-баттан жуу... Бул түйшүктү кантип жеңилдетип, колоңсодон арылууга болот?
ЭМНЕ ҮЧҮН ТЕРДЕЙБИЗ?
Адамдын организминде 2 миллионго жакын тер бездери бар. Алар жалпысынан бир суткада 600-900 грамм тер бөлүп чыгарышат. Кээде тер бөлүп чыгаруунун өлчөмү, мисалы, күн абдан ысыкта же адам кара күч эмгеги менен алектенгенде 1400 граммга чейин жетет. Мындан тышкары тердин көп бөлүнүп чыгышына суусундуктарды көп ичүү, бөйрөктүн оорусу, гепатит, кант диабети сыяктуу дарттар, ысыкта синтетикалык кийим кийүү да себепчи болот. Толкундануу, коркуу да көп тердөөгө кошумча. Тер бездери дененин температурасын бир калыпта кармап туруу үчүн керек. Ал эми көп тердөөнүн жана колоңсонун келип чыгышына келсек, ал төмөндөгүчө түшүндүрүлөт.
Адамдын терисин 182 миң түрлүү микроорганизмдер (микробдор) байырлайт. Мунун 100 миңден ашык түрү колтукта кездешет. Эгер адам бат-бат жуунуп турбаса, атайын каражаттарды колтукка сүйкөбөсө, анда колтуктагы микробдор нымдуу, ысык чөйрөдө бат көбөйүшөт. Анан терини, тери алдындагы безди сезгентишет. Ушундан улам тер көп бөлүнүп чыгып, жагымсыз жыттын чыгышы күчөйт. Башкача айтканда, гигиеналык эрежелерди сактабоо колоңсого алып келет. Мындан тышкары микробдор ар кандай калдыктарды (заң, заара) бөлүп чыгарышат. Ал калдыктар да колтуктун жаман жыттануусуна алып келет. Тердин жыты адамдын ичкен тамагына да жараша болот. Мисалы, адам ышталган балык, сало, колбаса, пияз, сарымсак жесе, ичимдик ичсе, тер сасык жыттанат. Андыктан көчөгө чыгарда аталган азыктарды жегенден, ичкилик ичүүдөн мүмкүн болушунча баш тарткан жакшы. Ал эми майлуу эмес күрүч тамактар, тамакка петрушка, сабиз жана сүт азыктарын колдонсо, тердегенде сасык жыт чыкпайт. Ысыкта тердин көп бөлүнүп чыгуусун шарттоочу татымалдарды, мисалы, ачуу кызыл калемпир, мурчту да колдонбогон оң.
ГИПЕРГИДРОЗ
Ашыкча тердөөчүлүк медицинада гипергидроз деп аталат. Латынчадан которгондо “гипер” – “күчөө”, “гидро” – “суу” дегенди билдирет. Мунун себептери бир топ:
ТЕРДӨӨГӨ КАРШЫ КАРАЖАТТАР
Колтуктун тердөөсүнөн арылууну эң жөнөкөй каражаттардан баштоо керек. Мисалы, формедрон, цинк жана Теймуров пастасы, гексаметилентетрамин (уротропин же метенамин). Булардын ичинен гексаметилентетраминди сүйкөө абдан жакшы жардам берет. Мунун ампула жана эмульсиясы да бар. Сүйкөгөндө таасири 2-3 күнгө жетет. Аталган дарылар кээ бирөөлөргө колдонгондо аллергия берүүсү мүмкүн. Андыктан этият болуу кажет.
Глутаральдегид, таннин менен да колтукту сүртүүгө болот. Бирок бир жаман жери, буларды узакка колдонуу терини дүүлүктүрүп, аллергияга алып келүүсү ыктымал.
ДЕЗОДОРАНТТАР ЖАНА АНТИПЕРСПИРАНТТАР
Булардын курамындагы алюминий, цинк, темир жана башкалар тердин көп бөлүнүп чыгышына, бактериялардын көбөйүшүнө бөгөт коёт. Курамында триклозан бар антиперспирант терди, жытты узакка чыгарбайт. Жөнөкөйлөрүнүн терди аз убакытка гана чектөөгө кудурети жетет. Терге жана бактерияга каршы курамында трикзолан бар “Palmolive”, “Camei”, “Protex”, “Safeguard” жана балдар үчүн чыгарылган самындарды колдонуу да көп тердөөгө жеткирбейт.
КОЛОҢСОДОН АРЫЛУУГА ДАГЫ КЕҢЕШТЕР
ҮЙ ШАРТЫНДА ДАЯРДАЛЧУ КАРАЖАТТАР
КЫЗЫКТУУ
Жамбаштын, жыныстык органдардын жана колтуктун айланасында тер бездери көп кездешет. Тер бездери адамдын маанайына жараша жыт чыгарып турат. Мисалы, адам жинденгенде, депрессияга түшкөндө денесинен жаман жыт бөлүнүп чыгат. Ал эми адамдын маанайы жакшы кезде денеден жакшы жыт бөлүнүп чыга баштайт.
Билип ал
АПТЕЧКАДА БАЛДАР ҮЧҮН ЭМНЕЛЕР БОЛУШУ КЕРЕК?
ТАҢДАЙДАГЫ КИЧИНЕ ТИЛ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Чындыгында, кичине тил тери эмес, ал – кекиртек менен тамакты бөлүп туруучу былжырлуу кабыкча менен капталган булчуң.
Кичине тилдин милдети – адам сүйлөп жатканда же бир нерсени жутканда, каңылжаарды жаап туруу. Болбосо тамак, суусундук же сүйлөгөндөгү аба каңылжаарга өтүп кетет.
Кичине тил тамак-аштын кулкун аркылуу өтүүсүн көзөмөлдөйт. Эгер тамак кичине тилге тийсе, анда какап кетүү мүмкүн. Ошентип, кичине тил калканчтын ролун аткарат.
ЧҮЧКҮРҮҮНҮ БАСЫП КОЮУ ЗЫЯНБЫ?
Чүчкүрүү келгенде чүчкүрбөстөн басып коюу кулакка, көзгө, мурун кемирчегине, бет сөөктөрүнө зыян. Чүчкүргүңүз келгенде оозду жаап, дем албай калуу менен сиз чүчкүрүү келгендеги басымды сыртка эмес, өйдөгө, кулак тарсылдагына дейре багыттайсыз. Мындай учурда басым кулак тарсылдагын бузат. Андыктан эл ортосунда болгон кезде чүчкүрүүнү токтотууну кааласаңыз, башка ыкмаларды үйрөнүңүз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg