МАССАЖ МЕНЕН ӨЗҮҢДҮ АЙЫКТЫР!

Рефлекстик терапиянын түркүн ыкмалары бар. Алар ийне саюу менен дарылоо, электрдик пунктирлөө, сүлүк менен дарылоо, анан албетте, массаж.

КОЛДУН АЛАКАНЫ – ДЕНЕНИН КИЧИРЕЙТИЛГЕН ЧАГЫЛУУСУ

Андагы сырткы же ички органдарга таандык чекиттерге таасир этүү менен кан басымды төмөндөтүп же жогорулатууга, баш оорудан кутулууга, чыңалуудан арылууга болот. Анын үстүнө, массаждын сунуштала турган бул түрүн ар ким эле жасай алат.

ЗОНАЛАРГА ТААСИР ЭТҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ

Ыкмаларга бир беткей түз жана тегерете сылагылоо, сүргүлөө, манжа менен басуу, чойгулоо кирет. Буларды жеңил же катуу ооруп турганыңызга карап, ылайыктап колдонууңуз зарыл.

КЕРЕКТҮҮ ЧЕКИТКЕ ТААСИР ЭТКЕНДЕ ООРУБАСА...

Негизги ыкма: энергиялуу түрдө таасир этиңиз. Манжа менен бат басып, кайра коё бериңиз. Манжа учу менен басып, саат жебеси боюнча айланта массаждаңыз. Мындан башка жогоруда айтылган ыкмалардан колдонсоңуз болот.

ЧЕКИТКЕ ТААСИР ЭТКЕНДЕ ООРУСА...

Керектүү зонаны оору басылгыча бир калыпта басып туруңуз. Же ал зонаны басып, 10 секунд кармап коё берип туруу талапка ылайык. Манжа учун саат жебеси боюнча айлантып массаждаса энергиянын чогулуусун шарттайт.

МАССАЖ ЗОНАЛАРЫ

1-зона. ОМУРТКА ЗОНАСЫ
Көрсөтүлгөн зонага таасир этүү омурткадагы ооруну басат. Манжа менен бир калыпта басып туруп, саат жебеси боюнча акырындан укалоо керек.

2-зона. ЛИМФАТИКАЛЫК ЖОЛДОР (БЕЗ ЖОЛДОРУ) ЗОНАСЫ
Бул жолдорго таасир этүү үчүн сылагылоо, сүргүлөө, басуу, чойгулоо керек. Булар лимфатикалык системаларды тазалап, иммундук системаны активдештирет.

3-4-5-6-зоналар. ТАМАК-АШТЫ СИҢИРҮҮ ЖОЛДОРУ: БООР, ӨТ, АШКАЗАН, ИЧЕГИ
Көрсөтүлгөн зоналарга таасир этүү тамак-аштын сиңишин жакшыртат. Ич катканда зоналарга активдүү таасир этүү зарыл. Саат жебеси боюнча тегерете сылап-сыйпоо, бир калыпта сүргүлөө жана басуу керек.

7-8-зона. БАШ ЗОНАСЫ
Баш зонасы баш бармактын уч жагында жайгашкан. Баштын жана баш сөөктүн башка областтары калган манжалардын учтарынан орун алган.
Көрсөтүлгөн чекиттерди массаждоо кан айланууну жакшыртып, баш мээнин иштөөсүн активдештирет. Нервденүүнү басат.
Эгер уйкуңуз жакшы болбосо, анда 5 мүнөт бат жана энергиялуу түрдө баш бармактагы зоналарды кезектештире басыңыз. Бул адамды тынчтандырып, жакшы уктоого шарт түзөт.

9-зона. КҮН ЖЕЛЕЛЕРИНИН БИРИГҮҮСҮ
Бул зоналарды массаждоо тынчтанууну, стресстен, коркуудан арылууну шарттайт. Ал үчүн зоналарды 5 мүнөттөн акырын басуу керек.

ЖҮРӨКТҮН ЖАНА КАН АЙЛАНУУНУН ЗОНАСЫ
Бул колдун сырт жагында муун сөөктөрүнүн аралыгында жайгашкан. Бул зоналарды массаждоо менен кан айланууну жакшыртып, кан басымды калыпка келтирүүгө болот.


Эскертүү:
массажды дененин табы жогорулап турганда, лимфа бездеринин сезгенүүсүндө, талмада, оор депрессияда колдонууга болбойт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан