«Өлүм алдында биз 2 нерсе үчүн гана өкүнүшүбүз мүмкүн. Аз сүйгөндүгүбүз жана аз саякаттагандыгыбыз үчүн» деген экен америкалык жазуучу Марк Твен. Каарманыбыздай болуп саякаттоо сиздин кадимки графикке салынган жумушуңуз болсо, ал үчүн акча да төлөнүп берилсе, мүмкүн өкүнүүгө себеп болбосо керек. Маектешибиз Бириккен Араб Эмираттарындагы авиакомпаниялардын биринде иштейт. Борт коштоочу Айнура Абдыкадырова кесибине байланыштуу кыдырып көргөн 50дөн ашык өлкөлөр тууралуу кызыктарды айтып берди.
«БОРТ КОШТООЧУЛАРГА ТАЛАПТАР КҮЧТҮҮ»
-2012-жылы И.Раззаков атындагы Техникалык университетти инженер-программист кесиби боюнча аяктап, ылайыктуу жумуш издеп жүргөм. Ал кездеги Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Бириккен Араб Эмираттарына жумушчуларды жөнөтүп жатканын кулагым чалып калып резюмемди таштап койдум. Аңгемелешүүдөн өтүп, Дубай шаарында "Ahmed Seddiqi & Sons" компаниясында кымбат баалуу Швейцария сааттарын сатуучу болуп иштеп баштадым. 2,5 жылдан кийин борт коштоочулукка өттүм. Борт коштоочуларга талап күчтүү. Сырткы келбетиңден баштап адамгерчилигиңе чейин сыноодон өтөсүң. Борт коштоочу боло турган адамдын ден соолугу чың, ар кандай кырдаалдан чыгып кетүүгө жөндөмдүү, стресске чыдамдуу, психологиялык жактан туруктуулук, ар кандай адамдар менен тил табыша жана маселени чече билүү сапаттарына ээ болушу керек. Кооптуу учурларда жүргүнчүлөргө дем-күч берүүгө, учууда адамдардын коопсуздугуна жооптуубуз.
«МАГА АБА ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ. УЧАКТЫН ТЕРЕЗЕСИН АЧЫП КОЙСО БОЛОБУ?»
-Кесибимдин жыргалы менен бирге оорчулугу да бар. Адамдар менен мамиле түзүү өзүнчө искусство. Жүргүнчүлөр ар кайсы өлкөдөн, ар кандай менталитет, жүрүм-туруму менен болушат жана ар кандай максат менен учушат. Баарына тең карап, сабырдуулук жана түшүнүү менен маселе чече билүү маанилүү. Кээде күлкүлүү окуяларга да туш болобуз. Мисалы, бир ирет жүргүнчү мени чакырып, «мага аба жетпей жатат, терезени ачып койсо болобу?» деп суранган. Ден соолукка байланыштуу оор жагдайларда борт коштоочу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр болушу керек. Биз алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү, оорулардын түрлөрүн, анын симптомдорун, кайсы учурда кандай дары берүүнү окуп үйрөнгөнбүз. Көбүнчө Америкага учканда аба жетпей же башы ооруп, өзүн жаман сезгендер көп болот. Анткени жол алыс, 12-16 саат учабыз.
«ЭМИ АНТАРКТИДАНЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
-Жумушумдун арты менен дүйнөдөгү алты материктин бешөөсүндө болдум. Санын так билбейм, бирок 50дөн ашык өлкө, 100дөн ашык шаарды кыдырганга жетиштим. Эми Антарктиданы көрүүгө ашыгып жүрөм. Көптү көрсөң, көптү билесиң. Ар бир өлкөдө өзүм үчүн ачылыштарды жасадым. Ар бир жаңы жерди көргөн сайын билим куржунум толуп, башкача сезимдерге кабылам, жаңы энергия алам. Жаңы эл, жаңы маданият, үрп-адат, каада-салттар менен таанышам, көз карашым, жашоого болгон мамилем өзгөрөт. Мисалы, Африканын кээ бир өлкөлөрүндө жери кенен, жаратылышы кооз, бирок экономикасы төмөн. Жаш балдар көчөдө кайырчылык кылып жүрөт. Ошол эле убакта аянты жагынан кичинекей Европа өлкөлөрү канчалык өнүгүп кеткенин, өз жарандарына жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенин көрүп, буларды салыштырасың. Маданияты, элинин ой жүгүртүү деңгээли боюнча мени Япония таң калтыра алды. Адамгерчилик жагынан да ушул өлкөдөн үлгү алса болот. Түштүк Африка Республикасындагы Кейптаун шаарын жаратылышынын кооздугу менен бөлүп караса болот, абдан кооз шаар. Австралиянын эли жаратылышка мээримдүү мамиле жасаганы менен көңүлүбүздү бурду. Бийик имараттары көп, транспорту өнүккөнүнө карабастан сейил бактар, жолдордун четтериндеги жашыл бак-дарактар жаратылышка көрк берүү менен бирге экологияны булгануудан сактап турат.
«ӨЛКӨ ҮЧҮН АР БИРИБИЗ ЖООПТУУБУЗ»
-«Тазаланган жер эмес, булганбаган жер таза». Бул Сингапурга тиешелүү. Ал жакта сагыз чайноого да тыюу салынган. Эң таза өлкө десем жаңылышпайм. Бизде да мыйзамдарды катаалдаштырышыбыз керек деп ойлойм. Эреже бузган же көчөгө таштанды ыргыткандарга чоң өлчөмдөгү айыптарды тагуу керек. Ал адамдардын чөнтөгүнө зыян келген соң эрежени бузбоого аракет кылып отуруп көнүмүш адатка айландырып алабыз. Өнүгүү ушул сыяктуу майда-барат иштерден башталат. Швейцария болсо чын эле Кыргызстанга окшош. Ак мөңгүлүү аска-зоолору, көчө бойлогон жашыл бак-дарактар биздин кооз жаратылышты элестетет. Ал эми экономикасын, албетте, азырынча салыштырууга болбойт. Биз негизи абдан кооз өлкөдө жашайбыз. Менин оюмча, туризм тармагына көңүл буруу менен эле биз бир канча тепкич алдыга чыга алабыз. Биздин күчүбүз ошондо деп билем. Швейцариянын деңгээлине жетиш кыйын. Бирок мүмкүн. Ал үчүн ар бир жаран өлкө алдындагы жоопкерчилигин сезе билиши жана жапа тырмак аракет кылуубуз керек. Көпчүлүгүбүз мекенибизден алыста жашап, иштеп, окуп жүрөбүз. Жүргөн жерибиздин жакшы тараптарын, жаңы идеяларды, жаңы көз караштарды өлкөгө алып келип ишке киргизүү менен салым кошо алабыз. Мен да ошого аракет кылам. «Дүйнөнү өзгөрткүң келсе, өзүңдөн башта» дейт эмеспи улуу ойчул Конфуций. Бийлик башындагыларды сындап отура берүү кемчилигибиз деп билем. Өлкө үчүн ар бирибиз жооптуубуз. Кыргыз жаштарынын тарбиясы, аң-сезими, ой жүгүртүүсү, айлана-чөйрөгө, бири-бирине, жаратылышка кылган мамилесинин жыйынтыгында гана Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула алат.
«РОМАНТИКАЛУУ КЕСИП»
-Саякаттоону ар бир адам жакшы көрөт жана аны кыялданат деп ойлойм. Мен да кичинемде жерди кыдырууну кыялданып, бирок бул ишке ашпай тургандай сезилчү. Азыр мен бардык нерсе мүмкүн экендигин түшүндүм. Ал үчүн каалоо жана аракет гана керек. Кыялдарыңарды ишке ашыруу өзүңөрдүн гана колуңарда экенин ар бир окурмандын эсине салгым келет. Өзгөчө саякаттоо тууралуу кыялыңарды чындыкка айланткыла. «Миң уккандан бир көргөн артык» дейт элибиз. Саякаттоо унутулгус эмоцияларга жетелеп, жан дүйнөңүздү байытат. Көпчүлүк борт коштоочу кесибин романтикалуу деп эсептешет, ал чын. Эртең менен Париждин көчөлөрүндө сейилдеп жүрүп, кечке маал Дубайда тамактанып отурган болосуң. Керемет эмеспи?..
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg