ООРУБАЙ, УЗАК ЖАШАЙМ ДЕСЕҢИЗ, КҮНҮНӨ 2 ИРЕТ 15 МҮНӨТ КӨНҮГҮҮ ЖАСАҢЫЗ!

Көп жумуштар замандын жана техниканын өнүгүшү менен кыймылды аз талап кылган жумуштар менен алмашты. Жумуш процесси жеңилдегени менен, кыймылдын аздыгынан оорулардын «гүлдестеси» да жаралды. Көпчүлүк оорулардын алдын алуу үчүн сөзсүз эле спорт залга барып, акча коротуунун кереги жок. Сизден каалоо жана убакыт гана талап кылынат. Каалаган убакта, каалаган жерде жасалчу оңой көнүгүүлөрдү «Биспорт» фитнес-клубунун машыктыруучусу Мирбек Буларкиев көрсөтүп бермекчи.


ОТУРУП ИШТЕГЕНДЕРДЕ КЕЗДЕШЧҮ НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛЕР:
Кеңсе кызматкерлери, тикмечилер, айдоочулар, сатуучулар жана башкалар үчүн.

1. Көп кыймылдабагандан ич чыгат. Курсакта пайда болгон ашыкча майлардан улам ички органдар кысылып, органдардын иштөөсү бузулат. Адам басып баратканда демигип, бат чарчап, көп тердейт. Бара-бара жүрөк-кан тамыр оорулары жарала башташы мүмкүн.
2. Простатит (урук безинин сезгениши). Отуруп иштеген эркектерде кан жана зат алмашуу бузулгандыктан бул ооруга көп кабылышат.
3. Остеохондроз.
4. Өнөкөт ич катуу.
5. Геморрой.
6. Өнөкөт эстөө. Организмге таза аба жетпегендиктен адам оозун ачып көп эстейт.


АЛДЫН АЛУУ

1. Ар 2 саат сайын туруп, 10 мүнөт ары-бери жай басуу керек.
2. Тамак рационуңуздан майлуу, туздуу, таттуу азыктарды азайтканга аракет кылыңыз.


КҮНҮ БОЮ ТУРУП ИШТЕГЕНДЕРДЕ КЕЗДЕШЧҮ МАСЕЛЕЛЕР:
Официант, ашпозчу, тамада, аскер кызматкерлери жана башкалар үчүн.

1. Муун оорулары жаралат.
2. Кан тамырлар кеңейип, варикоз келип чыгат.
3. Бөйрөк, омуртка (анын ичинде бел) оорулары пайда болот.
4. Бут-колдун иштөөсү бузулуп, оорулар жаралат.


АЛДЫН АЛУУ

1. Ар 2 саат сайын 10 мүнөттөн отуруп же жатып бутуңузду эс алдырганга аракет кылыңыз.
2. Кечинде үйгө келгенде бутуңузду 15-20 градуска өйдө көтөрүп (мисалы, алдына бир нерсе коюп) 15-20 мүнөт тынч жатыңыз.
3. Тамандан баштап тизеңизге чейин 10-15 мүнөт укалаганды унутпаңыз.
4. Бутту-колду сергитип, эс алдыруучу жана калыпка келтирүүчү ванналарды кабыл алыңыз же атайын дары май, кремдерди пайдаланыңыз.

Күнүнө 2 жолу 10-15 мүнөт көнүгүү жасаңыз да, «бир мүшөк» оорунун алдын алыңыз. Төмөндөгү көнүгүүлөр отуруп да, туруп да иштегендер үчүн. Бирок жаш куракка карай: 36 жашка чейинки жана кийинки болуп бөлүнөт.

36 ЖАШКА ЧЕЙИНКИЛЕР ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР

1. Оң бутту бүгүп, сол бутту артка сунуп, сол буттун тизесин ылдыйлатып жерге 10 сантиметр жеткирбей бүгүп, кайра туруу керек. Эки колуңузга алгач 0,5 кийин 1-1,5 литр суу куюлган бөтөлкөлөрдү кармап алыңыз. Ар бир бутка 10 жолудан 4 ирет кайталоо керек.


2. Эки колго 1-1,5 литрлик суусу бар бөтөлкөлөрдү көкүрөк туштан жылдырбай кармайбыз. Эки буттун аралыгы 30 сантиметрдей ачык болушу шарт. Отургучта отургандай абалга чейин гана отурабыз, бүгүлгөн тизе буттун учунан алдыга чыгып кетпеши керек. Көнүгүүнү 20 жолудан 4 ирет кайталоо керек.


3. Полго тизелеп туруп, буттун бүгүлгөн жерине ичинде суусу бар 1,5 литрлик бөтөлкөнү коёбуз да, ошол бутту өйдө көтөрүп, кайра түшүрөбүз. Бул анан экинчи бутка кайталанат. Ар бир бутка 10 жолудан 5 ирет кайталоо керек.


4. Ийинди түз кармап, эки колго ичинде суусу бар бөтөлкө алып алдыга сунуп, отургучта отургандай абалда отуруу керек. Отурган сайын колдор тизеге түшөт. 20 жолудан 4-5 ирет кайталоо кажет.


36 ЖАШТАН КИЙИНКИЛЕР ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР

1. Сөзсүз түрдө отургуч керек. Отургучка түз отуруп, колго 1-1,5 литрлик бөтөлкөлөрдү алып, кулачты кенен жайып, колдорду кайра алдыга түз сунабыз. Бул көнүгүүнү 20 жолудан 4 ирет кайталоо керек.


2. Отургучка артыңыздан эки кол менен таянып, ылдый отуруп-туруу керек. 20 жолу 4 ирет кайталайбыз.


3. Отургучтун жанына капталыңыздан туруп, бир кол менен аны таянып, бир бутту бүгөбүз да, экинчи бут артка сунулуп, жерге 10 сантиметр жеткирбей отуруп-туруу керек. 20 жолудан 4 ирет кайталайбыз.


4. Отургучка отуруп, колго узун шыргый (таяк) алып ийинге коёбуз. Таякты өйдө-ылдый түшүрүп 20 жолу 4 ирет кайталоо керек.


5. Эң оңой көнүгүү – бул басуу. Өзгөчө 60тан ашып калган куракта канчалык көп бассаң, ошончолук муундар, булчуңдар бекемделет. Күнүгө эртең менен 10 мүнөттөн улам убакытты көбөйтүп жай басуу (чуркабай!) керек. Кечки тамакты ичкенден кийин да короону 2-3 жай айланып басып келиңиз. Күнүгө кайталасаңыз, сергек, дени сак жашоонун булагын таптым дей бериңиз.

Айзада Жамгырчиева, алып баруучу: «СЕРГЕК ЖАШОО ҮЧҮН ЭЛДИ СПОРТ МЕНЕН МАШЫГУУГА ЧАКЫРАМ»
– Өзгөчө биздин кесиптин ээлерине бир күндүк телеберүүнү даярдаш үчүн суткалап монтаж менен алек болуп бир орунда отурууга туура келет. Ошол жерде чай ичип, тамак жеп дегендей же тескерисинче, 5-6 саат тикебизден тик туруп калабыз. Албетте, мындай иш графиги арка-белге,бутка терс таасирин тийгизет. Азыркы көнүгүүлөрдү биринчи жолу жасап жатам, оңой экен, бирок натыйжасы дароо эле сезилип жатат. Ошондуктан бүткүл кыргыз элимди жаш-карысына карабай узак жана сергек жашоо үчүн өзүбүзгө кам көрөлү, спорт менен машыгалы деп чакырып кетким келет. Өзүм бокс менен машыкчу элем, эми бул көнүгүүлөрдү да күнүгө жасайм деп турам.


Урмат Борченов, алып баруучу, тамада: «ДЕНИ САК АДАМ ӨЗҮНӨ ЭЛЕ ЭМЕС, КООМГО ДА ЧОҢ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ»
– Быйылкы жылды мен үчүн өзгөрүүнүн жылы болсун деп максат кылып жатам. Эң биринчи өз келбетимден, ден соолугумдан баштайын, болгондо да эртең же бир айдан кийин эмес, бүгүнтөн башташ керек деп турам. Өз ден соолугубуз өзүбүздүн колубузда эмеспи, тиги-бу деп шылтоолоп өзүбүзгө көңүл бурбай жүрө берип ооруканага барабыз, акча коротуп дары-дармек ичебиз дегендей. Дарылардын да терс таасирлери болот. Мунун баарын алдын алса болот. Дени сак адам өзүнө эле эмес, коомго да чоң пайда алып келет. Ал үчүн күнүгө өзүбүзгө кам көрүп, бир аз убакыт бөлүү керек.


Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
farida.kg.1991
2018-01-16 12:09:48
кыйын конугуулор экен боюнда бар аялдар учун кооптуу.
+2
love_you
2018-01-16 22:38:54
админ, бойдо бар мезгилде жасалуучу конуугулордон чыгаргылачы. бел, кыр арка аябай талып ооруйт го агы, катуу кыймылдабагандан кан айлануу да начарлайт, ошону жакшыртчу конугуулор тууралууда. ии баса, толгоо учурунда дем алуу ж.б. кош бойлуулукка керек нерселер ждо байма- бай жазгылачы
+3
admin_media
2018-01-17 11:00:20
love_you,
Саламатсызбы! Гезитибиздин кийинки сандарынан окуй аласыз, сунушуңузга рахмат!
+4
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан