«АКЫЛДУУ ШААРДЫ» ИШКЕ АШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ 6 ФАКТЫ

2018-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоору боюнча «Huawei Technologies Co., Ltd» кытай компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койду.
Ишке ашырылчу долбоордун алкагында салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 60 миллион АКШ долларын түзөт. Долбоордун тең укуктуу инвесторлору катары «Huawei» компаниясы менен бирдикте «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» жана «Ака минералз энд майнинг» ЖЧКсы чыгууда.
Биз компания жана инвестициялык келишим тууралуу кызыктуу фактыларды чогулттук.

1. ЭМНЕГЕ «HUAWEI»?
«Нuawei» – телекоммуникациялык жабдууларды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат.
Адистердин баамында, компаниянын продукциясын жана тейлөөсүн дүйнөдөгү калктын үчтөн бири пайдаланат. «Huawei» компаниясы дүйнөдө мобилдик түзүлүштөрдү өндүрүүчүлөр арасында 3-орунду ээлейт. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча компания тарабынан 153 миллион даана уюлдук телефон сатылган.
«Huawei» компаниясы 2013-жылы Дүйшөмбү шаарында «Акылдуу шаар» сыяктуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып, ал жергиликтүү тургундар тарабынан жакшы кабыл алынган.
"Акылдуу шаар" долбоору Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында, ошондой эле Бишкек–Ош, Бишкек–Чолпон-Ата жана Бишкек – «Манас» аэропорту унаа жолдорунда ишке ашырылат.

2. ТЕҢ-ИНВЕСТОРЛОР КИМДЕР?
Тең-инвесторлорду “Huawei” кытай компаниясы тапкан, анткени компаниянын саясаты боюнча ал өзү инвестиция сала албайт. Тең-инвесторлордун саясаты өздүк ишкерлерди колдоого, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана башка өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө негизделип, аталган долбоордо финансылык кызыкчылыкка ээ эмес. 5 миллиард долларды башкарган “Beijing China Veterans Lingxin Capital Management” инвестициялык фонду жана башка тең-инвесторлор үчүн «Акылдуу шаар» долбоору коммерциялык эмес, имидждик кызыкчылыкты көздөйт.

3. «АКА МИНЕРАЛЗ ЭНД МАЙНИНГ» ЖЧКСЫ ЭМНЕ УЮМ?
«АКА Петролеум» ЖЧК компаниясы 2014-жылдын 14-апрелинде негизделген. Аталган компаниянын юридикалык дареги: Мюнхен (Германия). Компаниянын негизги иши: долбоорлоо, даярдык иштери жана пайдалуу кендерди, тактап айтканда, жаратылыш газын, мунайды казып табуу: капиталдык салымдын бардык түрүн алуу, сактоо, тескөө жана пайдалануу.
“AKA International” Дубай, Германия, Великобритания, Кытай жана Борбор Азияда турак жай, мейманкана долбоорлоруна байланыштуу эл аралык кыймылсыз мүлк жаатындагы инвестициялар жана иштеп чыгуулар менен алектенет.
Аталган компания бул долбоордон эч кандай финансылык пайда көрбөйт, ага кошумча ал өздүк 9 миллион АКШ долларын салууда.

4. ЭМНЕГЕ КЫРГЫЗСТАН ӨЗҮ «АКЫЛДУУ ШААРДЫ» ИШКЕ АШЫРА АЛБАЙТ?
«Акылдуу шаар» долбоору алкагында «Huawei» компаниясы интерактивдүү жана көп функционалдуу камераларды орнотот, алардын программалык камсыздоосунда жасалма интеллекттин элементтери бар. Бул абдан заманбап жана жогорку технологиялык тутум. Бюджетте мынчалык каражат болгон күндө да, Кыргызстан аны өз алдынча ишке ашыра албайт. Учурда өлкөдө мындай экспертиза, тажрыйба жана жаңылыктар (ноу-хау) жок.

5. ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ТЕНДЕРСИЗ?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Huawei» компаниясынын инвестициялык келишими тендерсиз, түз инвестициялык келишим жолу аркылуу түзүлгөн. Мында белгилеп кетүүчү нерсе, эгерде инвестициянын суммасы 50 миллион АКШ долларынан жогору болсо, ал эми инвестордун эл аралык аброю жана мындай долбоорлорду ишке ашырууда оңдуу тажрыйбасы болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тендерсиз инвестициялык келишим түзүүгө укуктуу.

6. ДОЛБООРДУН 60 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК СУММАСЫН КАНТИП АНЫКТАШКАН?
Долбоордун наркы иштин көлөмү жана татаалдыгына ылайык түзүлгөн. Анын бир бөлүгү алдын ала түзүлгөн ТЭН негизинде бийик тоолуу шартта өткөрүлөт.
«Акылдуу шаар» долбоору боюнча келишим алкагындагы сумма башка шаарлардагы ишке ашырылган долбоорлордон айырмаланары тууралуу айтсак, долбоор эки ири шаарда жана бир катар ири трассаларда ишке ашырылат. Биздин өлкөдөгү иштин көлөмү көлөмдүүрөөк, татаалыраак, орнотулчу жабдуулар комплекстүү жана заманбап. Жалпы суммага эки өз ара кайталап иштөөчү командалык мониторингдөө борборун, маалыматтарды иштеп чыгуучу эки борбор ачуу, ошондой эле жетишпеген жерлерде инфраструктураны: акылдуу светофорлор, акылдуу жарыктандыруу жана башкаларды орнотуу кирет. Борборлордун платформасында өз ыйгарым укуктарынын алкагында абалды мониторингдөөсү үчүн коммуналдык кызматтардын, министрлик жана ведомстволордун кошулуу мүмкүндүгүн караган чектөө каралган.
«Акылдуу шаар» долбоору инвесторлор үчүн коммерциялык эмес, имидждик мүнөзгө ээ, анткени инвесторлор
60 миллион доллар өлчөмүндөгү салынган каражатты 5 жылдан соң гана пайызсыз кайтарып ала алышат. Долбоор өзү 1,5 жылда ишке ашырылат. Көптөгөн мындай долбоорлор кредиттин эсебинен ишке ашырылып келген жана төлөнгөн пайыздык үстөктөрдү эсепке алганда жыйынтык суммасы боюнча кымбат түшкөн.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан