УЛУТТУК БАНКТЫН УЛУУЛУГУ – СОМДУН ТУРУКТУУЛУГУНДА

Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленсе, 2018-жылы улуттук валютабыз – сомдун жүгүртүүгө чыкканынын 25 жылдыгы белгиленгени турат. Тажрыйба көрсөткөндөй, дүйнөлүк экономикада кандай гана финансылык кризис жаралбасын ал бардык борбордук банктарга өз таасирин тийгизбей койбойт. Мындай кыйынчылыктар Кыргызстандын Улуттук банкынын да башына келген. Бирок бардык көйгөйлөргө татыктуу туруштук берип, сомубуздун туруктуулугун сактап, өлкөбүздүн финансы-кредиттик саясатын мактанарлык деңгээлде жүргүзүп келе жатат. Борбордук банктын жаралгандан берки жетишкендиктери жана учурдагы абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий өкүлү Карабаева Аида Мырзакуловна төмөнкүдөй маалыматтарды берди.

УЛУТТУК БАНКТЫН ЖАРАЛУУ ТАРЖЫМАЛЫ
– Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №873-ХII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп 1992-жылдын 6-мартында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статусу, милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам тарабынан аныкталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин башкы максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук акча бирдигинин (сомдун) туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдына койгон милдеттерди аткаруу үчүн өз ишин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан көз карандысыз, өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАНК СИСТЕМАСЫ ЧЕЙРЕК КЫЛЫМ ИЧИНДЕ
– Кыргыз Республикасынын банк системасынын өнүгүү жолунун башаты 1991-1995-жылдарга таандык. Бул мезгилде банк тармагында жигердүү реформалар жүргүзүлүп, анын натыйжасында азыркы банк системасынын мыйзамдык, нормативдик жана институттук базалары түзүлгөн. Улуттук банктын көз карандысыз иштөө режими мыйзамдуу бекемделип, чет өлкө валюталары менен операциялар либералдуу жүргүзүлө баштаган. Өлкөнүн банк системасынын өнүгүү этабын изилдеп көргөнүбүздө жүргүзүлгөн реформалар финансылык туруктуулукту алып келгендигине, банктардын экономикага көбүрөөк катышуусуна жол ачылганына жана калктын банктарга болгон ишеними артканына күбө болобуз.
Банк тармагы 25 жыл ичинде бир катар оор сыноолорго кабылып, ар кандай себептерден улам бир нече жолу финансылык кризистерди башынан кечирген. Мисал катары, коммерциялык банктарга Орусиядагы кризис, соода жагынан өнөктөш өлкөлөрдө жүргүзүлгөн валюта девальвациялары, айрым коммерциялык банктардын кредиттик саясатты туура эмес жүргүзүүсү сыяктуу терс көрүнүштөрдү айтсак болот.
Улуттук банктын капиталынын минималдык көлөмүн аткаруу боюнча койгон талабы жана банк активдеринин бааларына коюлган катуу талаптар банктардын капиталдык базасынын чыңдалышына, коммерциялык банктардын активдеринин, калктын акча салымдарынын өсүшүнө түрткү болгон.
Белгилей кетүүчү жагдай, 25 жыл мурда Кыргызстанда он чакты гана банк иш алып барса, микрокредиттик уюмдар жокко эсе болгон. Чейрек кылым ичинде коммерциялык банктардын калыптануу процесси жүрүп отуруп, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 25 банк жана алардын 300дөн ашуун филиалы иш алып барууда. Ошондой эле 650дөн ашуун банк эмес финансы-кредит уюмдар каттоого алынып, өлкөнүн финансы тармагында маанилүү ролду аткарышууда. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Улуттук банк мына ушул коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салат жана көзөмөлдөйт.


КЫРГЫЗ СОМУНУН ТУРУКТУУЛУГУН САКТООДОГУ ИЙГИЛИКТЕР
– Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курс саясатын жүргүзгөндүктөн, валюталык рыноктогу түзүлгөн кырдаалга жараша валюта курсунун кескин серпилүүсүн жумшартуу жана туруктуулугун сактоо максатында валюталык интервенцияларды өткөрүп турат. Мисалы, сомдун алмашуу курсу кескин төмөндөп бараткан учурда Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюталык интервенция өткөрүлөт, ал эми сомдун алмашуу курсу өтө жогорулап баратса, чет өлкө валютасын сатуу боюнча операция жүргүзүлөт. Мындан тышкары Улуттук банк өз ыйгарым укуктарына ылайык валюта рыногунда кандайдыр бир татаалдык жаралган учурларда ар кандай иш-чараларды иштеп чыгышы мүмкүн. Мисалы, 2014-2015-жылдары валюта рыногундагы жагдайга жана экономиканын кырдаалына ылайык Улуттук банк менен өкмөт бир нече иш-чараларды иштеп чыккан. Алардын эң негизгилеринин бири катары чет өлкө валютасындагы милдеттик камдык талаптар өлчөмү жогорулап, тескерисинче, улуттук валютадагы милдеттик камдык талаптар өлчөмү төмөндөтүлгөндүгүн айтсак болот. Ошондой эле чет өлкө валютасындагы потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резерв көрсөткүчтөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатып, улуттук валютасындагы потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резерв көрсөткүчтөрүнүн өлчөмдөрү төмөндөтүлгөндүгүн жана чет өлкө валютасында берилген ипотека кредиттерин улуттук валютага трансформациялоо программасы ишке ашырылгандыгын мисал катары айтсак болот.
2017-жылы ички валюталык рынок туруктуу болду. Сомдун бекемделиши жана анын курсунун туруктуу кармалышы Кыргыз Өкмөтү менен Улуттук банктын экономикадагы доллардан арылуу аракеттери (дедолларизация) менен дагы түшүндүрүлөт.

УЛУТТУК ВАЛЮТАГА 25 ЖЫЛ
– Улуттук валютаны киргизүү муктаждыгы экономикалык сыяктуу эле саясий жагдайдагы көптөгөн факторлордон улам келип чыккан. СССР урагандан кийин республикадагы экономикалык абал тез эле начарлап кеткен. Мурдагы союздук республикалар менен болгон соода-сатык, экономикалык алака үзгүлтүккө учурап, өлкөдөгү өндүрүш төмөндөөгө дуушар болгон. Импорттук товарларга болгон баалар кымбаттап, ички баалардын структурасы дүйнөлүк бааларга жакындап калган. Өлкөдө жогорку темптеги инфляция өкүм сүрүп, ал гиперинфляцияга чейин жеткен. Ушундай шарттарда Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты 90-жылдардын башында өлкөдөгү инфляциялык кысымды басаңдатуу аракетине багытталган. Ошонун негизинде улуттук валюта – сом киргизилген. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган жана ошол мезгилден бери Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты катары кызмат кылып келет. Белгилей кетсек, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасын киргизген.

ЗАМАН ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ КЕЛГЕН НАК ЭМЕС ТӨЛӨМ
– 1992-жылы түптөлгөн Улуттук банк үчүн ошол кезде 6 облустагы төлөмдөрдү жүргүзүү өтө көп машакаттарды талап кылып, банк системасы татаал акыбалга кептелген. Анткени кагаз жүзүндөгү толгон-токой төлөм документтерин кол менен иштеп чыгуу көп кыйынчылыктарды жараткан. Ошондо рыноктук экономикага ылайыкташкан төлөм системасы керек экени анык болуп, 1996-жылы мамлекет толугу менен жаңы клиринг төлөм системасына өткөн. «Клиринг» деген сөз төлөмдөрдү чогултуу, аларды топтоштуруу жана төлөм операциялар туурасында билдирүүлөрдү жана башка маалыматтарды системанын катышуучуларына жөнөтүү дегенди түшүндүрөт.
Нак эмес төлөөгө жана эсептешүүлөргө өтүү, ошондой эле өлкөдө нак жана нак эмес эсептешүүлөр деңгээлинин оптималдуу катышын, акча жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындуулугун жана көмүскө экономиканын үлүшүн төмөндөтүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2002-2008-жылдары жана 2012-2017-жылдары Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүнүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа бекитилген.
Аталган мамлекеттик программалардын алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылган:

Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы банктар аралык майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн каралган.
Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын бирден бир оператору болуп саналат. Ал банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча өнүккөн инфраструктурага ээ (банкоматтар, POS-терминалдар).
«Пенсионердин карты», «Бюджеттик каражаттарды алуучунун карты», «Банктык карттарга социалдык төлөөлөр» сыяктуу долбоорлор, бюджетке салык, бажы алымдарын, айыптык жана башка мамлекеттик төлөмдөрдү нак эмес формада төлөө ишке ашырылган.

Мындан сырткары белгилей кетүүчү нерсе, 2018-жылдын 1-январына карата банктык төлөм карттары, анын ичинде «Элкарт» улуттук карты республиканын бүткүл территориясында жайгашкан 1413 банкоматта жана 8285 терминалда кабыл алынып жатат.
Өлкөдөгү банк жана терминалдарда тейленүүчү, жүгүртүүдө жүргөн банктык төлөм карттардын жалпы саны 2018-жылдын 1-январына карата 2 миллион 346 миң 100 даанадан ашты. Ошондой эле айлык акы долбоорунун алкагында ар түрдүү төлөм системалары аркылуу ишке ашылырып, оң жылыштар байкалып жатат. Бүгүнкү күнгө карата бюджеттик уюмдардын баары «Элкарт» улуттук төлөм картасына өтүшкөн.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан