Каарманым 30 жашында кара кийип, бир баланы кучактап жесир калды. Бирде ыйлап, бирде өткөн күндөрдөгү бактылуу көз ирмемдерди эстеп жылмайып отурган Гүлнара айым чыгаан актёр Марат Козукеевдин жубайы. Ичинде арманы, күйүтү быкшып жаткан Гүлнара айым жолдошунун каза болгонуна дагы деле ишене албай, күнү-түнү күтүп жатканын айтат.
«МАРАТТЫ СТУДЕНТ КЫЗДАРДЫН БААРЫ ЖАКШЫ КӨРҮШЧҮ»
- Мен кичинекей кезимден эле актриса болгум келчү. Шайыр Касымалиева, Гүлайым Каниметова эжекелерибизди кумир тутуп, аткарган ролдоруна таасирленип чоңойдум. Аларды жакындан көргүм келип, биринчи жолу 11-классымда Кыргыз драма театрына «Узак сапардагы поезд» спектаклине келдим. Спектакль аябай жакты. Ошондон тарта «ушул жерде иштейм» дей баштадым. Андан кийин «Жолугушуу» деген спектаклге барып Мараттын ойногонун көрдүм. Ошондо эле менде актёр катары ага сый пайда болду. Мектепти аяктаган жылы Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайга экзамен тапшырып, өтүп кеттим. Эмнегедир бизге аял киши мугалим болсо керек деп ойлоп жаткам, бирок Марат куратор болуп, актёрдук чеберчилик боюнча сабак бере баштады. Анда ал 35 жашта, келбеттүү, кыздардын баары ашык болуп жатып калдык. Биздин эле тайпа эмес, окуу жайдагы студент кыздардын баары жакшы көрүшчү. Бул киши сүйлөгөндө куюлуштуруп, айтайын дегенин жеткире айткан оратор, өз кесибинин чебери эле. Биз анын кураторлук кылган биринчи тайпасы болгондуктан, бизге өзгөчө мамиле кылчу. Маратты агай катары жакшы көрөмбү же сүйүүбү башында түшүнчү эмесмин.
Спектакль коёрдо агай мени чакырып «кел жаныма отур, сен да байкачы, кандай болуптур?» деп жанына отургузуп алчу. Негизи эле агайдын жакшы көргөн, ишенген 5-6 студенти бар эле, алардын катарына мен да кирчүмүн. 3-4-курстан сөз менен ачык айтышпаганыбыз менен, бири-бирибизди жактырып жатканыбызды сезе баштадык. Студент менен агайдын ортосундагы чекти буза алган жок окшойбуз. 4-курстан кийин дипломдук ишимди жактырып, мугалимдер театрга актриса кылып алып калышты. Иштей баштаганда Марат СМС жазып, телефон чала баштады. Китеп өтө көп окучу, ошондон жагып калган саптарды, ырларды жөнөтчү. Биринчи белеги китеп болду. Өзгөчө сөздөрдү жазып келип, аягына «сенин ызылдагың» деп коюптур. Бир заматта чаң-будуң чыгарып жиберген мүнөзүнөн улам театрда «ызылдак» деп коюшчу.
«АПАМ БАШЫНДА БИЗГЕ КАРШЫ БОЛДУ»
- 2012-жылы 31-декабрда Марат үйгө келип апамдан менин колумду сурады. Апам башында каршы болду. Макул болбой, үйгө киргизбей койсо, көчөдө карга 6 саат жатып алып, кетпей койду. Үйдө мен жаман болуп, улам сыртка чыгып карап коём. Акырында апам «Экөөң бири-бириңди жакшы көрөрүңөрдү түшүндүм. Мен макулмун, мындан ары жакшы болсун» деп батасын берди. Марат «бактылуу кылганга аракет кылам» деди. Алгач Айсалкын эжеге өзү барып уруксат сурады. Андан кийин экөөбүз чогуу барып сүйлөштүк. Эже экөө шариат жолу менен ажырашышты, экөөбүз күбөлөр менен мечитке барып, нике кыйып баш коштук. «Жактырбаган жар менен өмүр бою жашаганча, сүйгөнүң менен 5 жыл жашаган артык» деп коюшат го, ошонун сыңары биз 5 жыл бактылуу жашадык. Бир да жолу казан-аягыбыздын үнү катуу чыккан жок.
«ЭРКЕК ТӨРӨБӨСӨҢ КӨРӨСҮҢ» ДЕЙ БЕРЧҮ»
- Марат экөөбүз 2013-жылы 14-февралда баш коштук. Театрда 2 жыл иштедим, анан уулдуу болдук. Ошондон бери үйдө балам менен отурдум. Азыр Ибрагим 3 жашта. 2 кызы бар эмеспи, мен кош бойлуу болгондо «уулдуу болсом» деп аябай күттү. Төлгө кылып чүкө чогултту. «Назым түшүмө кирди, күрөң коляска белек кылды. Асел Турдалиева түшүмдө «уул болот» деди» деп күтүп жүрдү. УЗИге барган сайын «эркек төрөбөсөң көрөсүң» деп тамашалап муштумун көрсөтө берчү. Толгоо кечки 10до башталды, ошондо төрөтканага алып барган, мен төрөгүчө таңкы 4 жарымга чейин оорукананы тегеренип жүрдү. Өзү палатага кирип, баласын көрүп, анан үйгө кеткен эле. Ошол кезде 6 сааттык спектакль коём деп бир китеп окуп жүргөн. Ошондогу каармандын атынан уулунун ысымын Ибрагим койгон.
«УУЛУНУН АКТЁР БОЛУШУН АЯБАЙ КААЛАГАН»
- Экөөбүздүн үй-бүлө экенибизди жакын тааныштарыбыз билгени менен, ага-тууган билчү эмес, бетим ачыла элек эле. Ага кыжалат болуп, маселе деле кылган жокмун. Анткени ал иш дегенде, спектакль дегенде баарын унутчу. Биринин артынан экинчи спектаклди коюп, ооруп турса да «эс алайын, дарыланайын» деген ой жок болчу.
Ибрагим төрөлгөндө «Мен уулумдан эргүү алдым. Ишим да ойдогудай жүрүшүп жатат. Мен сага арнап ыр, пьеса жаза албайм, бирок сага белек кылып спектакль коём» деп катарынан 3-4 спектакль койду. Баары жакшы чыкты.
«Ушул жазда уулубузду сүннөткө отургузуп, чоң той берип, анан бетиңди ачып, туугандарым менен тааныштырам. Жакшылыктын эрте-кечи жок» деп жаткан. Тилекке каршы, ал максатыбызга жетпей калдык.
«Атам Жумабек Козукеев мыкты актёр болчу» деп атасы менен аябай сыймыктанчу. «Мен атамдын ишин уланттым, эми уулум менин ишимди улантат. Сен баланы куурчак театрга көп алып бар» дегендери азыр да кулагыма жаңырат. Мен «коё тур, азыр эмнени түшүнмөк эле?» деп алып барчу эмесмин.
Дүйнөдө Мараттай ата жок. Кыздарына, баласына аябай жоопкерчиликтүү мамиле кылды. Кечинде жумуштан келгенде Ибрагим түшүнбөсө деле манас айтып берип, кээде жомок айтчу. Баласы да түшүнгөндөй муюп угуп отуруп уктап калчу. «9-классты аяктасынчы, театрдын алдындагы окуу жайга өткөрөм, өзүм окутам» дейт эле. Марат тилегине жетпей кетти. Уулумдун ата жолун жолдошуна, атасындай мыкты актёр болушуна алымдын жетишинче салым кошом, татыктуу тарбиялайм. Бул менин Мараттын алдындагы милдетим деп билем.
«МАРАТТЫН КАЗА БОЛГОНУНА ИШЕНГИМ КЕЛБЕЙТ»
- Акыркы күндөрү жумушу аябай көп болду. «Боромбай бий тууралуу «Керээз» спектаклин коюп алсам, анан ооруканага жатам» деп жаткан. Кант диабетинен сырткары жүрөгү да ооруп жүргөн. Дарыгерлер «ооруканага жатыңыз» десе болбой, дары жаздырып алып ичип жүрө берчү.
Каза болор күнү кызы Акылайга кеткен. Уулумду кандай көрсөм, Мараттын кыздарын да ошондой көрөм. Айсалкын эже экөөбүз сен-мен дешип айтышмак түгүл, жаман карашкан эмеспиз. Эжени баламдын эки эжесинин апасы, кесиптешим катары сыйлайм.
Мен Мараттын каза болгонуна ишенгим келбейт. Акылым дагы, жүрөгүм дагы ал нерсени кабыл албай жатат. Гастролго кеткендей, эшик ачылып кирип келчүдөй эле сезилүүдө. Телефон шыңгыраса эле Мараттын үнү угулчудай болот. Азыр кеч киришин гана күтүп, түшүмө кирсе экен деп калдым. Кечээ түшүмдө «бири Акылайга, экинчиси Ибрагимге» деп эки колуна 2 оюнчук көтөрүп алыптыр. «Эртең келесизби?» десем «жок, келбейм, сен барасың да» деп чоң бассейнде сүзүп жүрөт. «Ии, мен барам да» деп коём. Күндө ыйлаганга бассейн кирдиби деп койдум.
Балам азыр атасынын каза болгонун түшүнө элек. «Атам качан келет?» деп сурай берет. Акыркы жолу да Мараттын бутуна жармашып алып «кетпе» деп ыйлаган эле. Күндө эртең менен жоолугумду салынып жатсам балам «апа, бүгүн ыйлабайсызбы?» деп сурап ого бетер ыйлатат.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg