«ДАРЫ ЧӨП ӨСТҮРҮП, САТСАҢ ЭМГЕГИҢ КӨП ЭСЕЛЕП КАЙТАТ»

Дары чөптөрдү эгип, сатып бизнес кылууга да болот. Бул жааттагы маалыматты Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Нововознесеновка айылынын тургуну, «Ысык-Көл Органика» кооперативинин жетекчиси Сонунгүл Жылтырова баяндайт:

«КӨЛДҮН КЛИМАТЫ ДАРЫ ЧӨПТӨРДҮ ӨСТҮРҮҮГӨ ЫҢГАЙЛУУ»
-Башында жашылчаларды өстүрүп жүрсөм, 2012-жылы дары чөптөрдү өстүрүп, сатууну чечтим. Анткени Союз кезинде биздин райондо фармацевтикалык заводдор үчүн сырьё катары дары чөптөр эгилчү. Көрсө, биздин жердин климаты жумшак, жылуу жана нымдуураак болгондуктан, дары чөптөрдү өстүрүүгө ыңгайлашкан экен. Союз тарагандан кийин дары чөптөрдүн кээ бирлерин гана экпесе дээрлик унутулуп калган.
Дары чөптөрдүн эң көп керектелгени мышык тамыр (валериана лекарственная) болгондуктан, аны тамдын артындагы 2 сотых жерге эктим. Өзүбүздүн райондун Маман айылынан 2000 даана көчөтүн 2000 сомго сатып келип отургуздум. Арыктагы суу менен сугардык. Кийин казганда 200 килограмм тамыр алып, килограммын 35 сомдон өткөрдүм. Элден мышык тамырды сатып алган фирма Германияга жөнөтөт. Айта кетчү нерсе, дары чөптөр химиялык жер семирткич колдонулбай өстүрүлөт. Аларды сатып алып жаткан фирма да текшерип алат. Кык, компостту гана колдонобуз.
Мышык тамырдын биринчи жылы уругун себебиз, экинчи жылы гана гүлдөйт. Ошондо уругун, тамырын чогултуп алабыз. Уругун июль, август айларында себүү туура. Эгер жетишпей калса, анда февралда уругун үйдө парникте же теплицада өстүрүп, анан жазында жерге көчөт кылып отургузуп, тамырын күздө казып алууга болот. Бирок уругун башкалардан сатып алууга туура келип калат.
Өсүмдүктүн жалбырактары канчалык көп жана барпайган болсо, ошончолук тамыры жакшы болот. Жумушу картошканыкына окшош. Отоп, түптөп, сугарасың. Нымды сүйүүчү өсүмдүк. Андыктан аба ырайына карап жайында 8-10 күндө бир сугаруу керектелет.
Казылып алынган мышык тамырлардын топурагын силкип, дароо cууга чайкап, жел жүрүп турган жерге илип, кийин көлөкө жерде же кургаткычта кургатуу керек.
Мышык тамыр нерв жана жүрөк-кан тамыр системинин ооруларында колдонулат. Нервди тынчтандыруучу касиетке ээ. Эл арасынан «мышык тамырды ичип, кан басымым жөнгө салынып кармабай калды» дегендерди угуп жүрөбүз.
2013-жылы мышык тамырды 5 сотыхка, 2014-жылы 15 сотыхка мышык тамыр менен жалбыз эктим. 2015-жылы мышык тамырды 5 сотыхка, жалбызды 12 сотыхка эгип, 1 тонна 600 килограмм жалбыз, 400 килограмм тамыр алдым. Тамырлардын килограммы 50-55 сомго, ал эми жалбыздыкы 220 сомго айланды.

«МАКСАТЫБЫЗ – ЧӨПТӨРДҮ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ТҮЗ САТУУ»
-2016-жылы кооперативди түздүм. Анын багыты – дары чөптөрдү жана жашылчаларды өстүрүү. Азыркы учурда 223 мүчөсү бар. Азырынча дары чөптөрдү ар кимибиз өз алдынча эгип, өстүрүүдөбүз. Мен өзүм 2016-жылы 10 сотыхка мышык тамыр, 12 сотыхка жалбыз эктим. Түшүмгө келсек, 200 килограмм тамыр, 800 килограмм жалбыз болду. Кооперативдегилер (менден башкалары) жалпысынан мышык тамырды 16 гектарга, 30 сотыхка дары календула, 30 сотых жалбыз айдашты. Отоо, түптөө иштерин үй-бүлө мүчөлөрү менен бүткөрүштү. Кык, компост дегендерди ар ким өздөрүнүкүн колдонушту. Жыйынтыгында 22 тонна тамыр, 850 килограмм жалбыз, календуладан 1 тонна алынды. Тамырлардын килограммын 55 сомдон, дары календуланы 200, жалбызды 130 сомдон өткөрдүк.
2017-жылы өзүм мышык тамырды 2 сотыхка эгип, 200 килограмм тамыр, 40 сотыхка дары календула эгип андан 300 килограмм түшүм алдым.
Кооперативдегилер мышык тамырды 7 гектарга, дары календуланы 30 сотыхка айдашты. Дары календуладан 200 килограмм, мышык тамырдан 12 тонна түшүм алынды. Тамырды 55, дары календуланы 220 сомдон өткөрдүк. Кыскасы, дары чөп өстүрүп, сатсаң эмгегиң көп эселеп кайтат.
Календуланын баркыт сымал түрү да бар. Аны да талаага гектарлап өстүрүүгө болот жана бат өсөт. Андан фармацевтикада мал, иттердин ичегисиндеги мителерди жок кылчу дарылар жасалат. Аны там аркасына өстүргөндөр өздөрү деле кайнатып ичип, малга да берип жыйынтыгын көрүшүүдө. Ичеги курттан арылган мал бат семирет экен.
Биз эми дары чөптөрдү чет өлкөгө ортомчу фирмалар аркылуу сатпай, келишим менен түз иштешчү фирмаларды издеп жатабыз. Ошондо эмгегибиз көбүрөөк акталат эле. Буюрса, индиялык фармацевтикалык бир компания менен иштешебиз деп турабыз. Планда дары чөптөрдүн ичинен эң кымбат бааланган шафранды өстүрүп, сатуу да бар. Биздин көл кылаасынын дары чөптөрүнө Орусия, Кытай тарабынан суроо-талап жогору. Эл аралык стандартка тууралап иштеп чыгарып, фито чайларды, сиропторду жасап сатса да болот.

1 ГЕКТАР ЖЕРГЕ ДАРЫ ЧӨПТҮ ӨСТҮРҮҮНҮН ЧЫГЫМЫ

Жерди айдатуу (тракторго) – 1200 сом
Сууга (1 жылга) – 300 сом
Сугатчыга – 2000 сом
Жер салыгы (1 гектар) – 380 сом
Жалпы – 3880 сом
Көчөт. Мышык тамырдыкы – 40 000 көчөт (1 көчөт – 1 сом). 40 000x1=40 000 сом
Урук. Мышык тамыр – 0,5 килограмм (парник кылып өстүргөнгө, 1 килограммы – 22 000 сом) 11 000 сом
Дары календула – 13 килограмм (1 килограммы – 750 сом). 13x750 = 9750 сом

КИРЕШЕ (БОЛЖОЛДУУ ТҮРДӨ)
Мышык тамырдын тамыры – 2,5 тонна. 2500x55=137 500 сом
Дары календула – 3 тонна (кургатылган гүлү). 3000x200=600 000 сом

ТАЗА КИРЕШЕ
Мышык тамырды даяр көчөтүнөн эксең – 137 500-40 000-3880=93 620 сом
Мышык тамырды парникте өстүрүп, отургузсаң – 137 500-11 000-3880=122 620 сом
Дары календуладан 600 000-9750-3880=586 370 сом

«БИЗДЕ ДАРЫ ЧӨПТӨРДҮН 48 ТҮРҮ ӨТҮМДҮҮ»
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Фитотехнология инновациялык борборунун директору Кайыркул Шалпыков:
– Кыргызстанда илимий жактан изилденип, алардан фармакологияда дары каражаттарды жасоого жана сатууга уруксат берилген дары чөптөрдүн 62 түрү бар. Булардын 48 түрү көбүрөөк чогултулат жана өтүмдүү. Чогултулгандардын 5 пайызы гана биздеги 4 фармацевтикалык компания тарабынан кабыл алынып иштетилет, калгандары чет өлкөгө кетет. Элдик медицинада болсо дары чөптөрдүн 200дөй түрү колдонулуп келет.

ОБЛУСТАРДЫН КЛИМАТТЫК ШАРТЫНА ЖАРАША ӨСТҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨРДҮН САТЫКТА ӨТҮМДҮҮ ТҮРЛӨРҮ



Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
almanbetperm
2018-01-30 09:52:12
Билебиз колдуктордун даары чобун )))))
0
moon90
2018-01-30 13:02:30
almanbetperm,билсен жазбай эле кой.
-1
Flowhive
2018-01-30 13:18:00
Ош Баткен Жалал-Абад аймагында үч эле түрү өстүрүүго жарайт дейт го :(
0
Eli.91
2018-01-30 13:20:03
Мио тамырды канчадан алат?ошолор жонундо да маалымат алсаныздар админ?
0
admin_media
2018-01-30 15:44:21
Eli.91,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
datkayimjan
2018-01-31 13:47:33
Биздин туштукто дарбыз,коон,курма деген дары жемиштер осот.
0
№ 795, 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан