Мээрим Акулуева, Улуттук банктын кызматкери: «БАЙЛАНЫШ ОПЕРАТОРЛОРГО БАНКТЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ БОЛБОЙТ»

Жакында Улуттук банктын электрондук акчалар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору талкууга чыкты. Коомчулукта талкуу жараткан бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Акулуева Мээрим Шабыновна менен маектештик.

– Саламатсызбы? Айтсаңыз, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүп жаткан уюлдук операторлордун мобилдик капчыктарына тыюу салуу чечиминин башкы себеби эмне?
– Биз сөз кылып жаткан өзгөртүүлөр долбоору электрондук акчалар менен байланыштуу ишмердүүлүктү тыюуга эмес, электрондук капчыкты толтуруу механизмине тиешелүү. Электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүү тартибин тактоо жана электрондук акчаны чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо ишинде потенциалдуу тобокелдиктерди минимизациялоо максатында Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору иштелип чыккан жана коомдук талкуу жайгаштырылган. Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдеринин чегинде электрондук акчалар менен иш алып барып жаткан учурда эч ким ал ишмердүүлүккө бөгөт койбойт. Уюлдук операторлордун электрондук акчаларды жайылтуу ишмердүүлүгүнүн схемаларын кароо учурунда чыгарылган электрондук акчалардын финансылык камсыздоосунда тобокелдиктер орун алышы мүмкүндүгү аныкталган.

– Бул маселе боюнча өлкөдөгү электрондук капчык кызматын сунуштаган уюлдук операторлор менен кеңешме өткөрдүңүздөрбү?
– Бул өзгөртүүлөр 2017-жылдын август айынан баштап талкууланууда. Коомдук талкуу учурунда Улуттук банкка берилген өзгөртүүлөр, толуктоолор долбооруна жарандардан дагы жана бизнес-коомчулугунан дагы көп сандаган cунуш-пикирлер, кайрылуулар келип түшкөн. Бул маселени талкуулоо боюнча ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлгөн. 2017-жылдын 28-августунда тиешелүү кызыкдар жактардын катышуусунда чекене төлөм боюнча кеңеш өткөрүлгөн. Өз ара макулдашылган чечим кабыл алуу үчүн жана колдонуучулардын укугун коргоо максатында жобонун долбоорун коомдук талкуулоо мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынган.
Андан соң 2017-жылдын 9-октябрында жобонун долбоорун жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү максатында жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдар, банк системасынын төлөм операторлорунун өкүлдөрү жана башкалар кирген. Жумушчу топ мамлекеттик жөнгө салуу вариантын иштеп чыгып, аны 2018-жылдын 12-январында Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырган.
Ушул жылдын 18-январында Улуттук банктын жетекчилиги коммерциялык банктардын жана уюлдук байланыш операторлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Анын жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында төлөмдөрдүн камсыздалышын, рыноктун бардык катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу, уюлдук операторлордун эсебинде каражаттардын топтолушу, финансылык туруктуулук, системадагы тобокелдиктерди тескөө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террордук же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүүнү кошо алганда көзөмөлдү жөнгө салуу жана жүзөгө ашырууда өз ара иш алып баруу маселелери каралган.

– Ошондо уюлдук операторлордун керектөөчүлөрүнө банктык кызматтарды сунуштоого, электрондук акча менен ишмердүүлүк жүргүзүүгө акысы жокпу?
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банк кызматтарын сунуштоо үчүн атайын лицензия алуу талап кылынат. Эгерде электрондук акча менен ишмердүүлүктү карасак, анда Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамына ылайык, электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаларды чыгарган жана аны төлөөгө сунушталган электрондук акчаларды кармоочуларга электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк Кыргыз Республикасында электрондук акчалардын эмитенти болуп саналат.
Азыркы күндө 9 коммерциялык банк электрондук акчаларды чыгаруу укугуна ээ. 9 банктын бирөөсү менен 2 уюлдук оператор банк агенти катары иш жүргүзөт. 1 уюлдук оператор өзүнчө юридикалык жак түзүп, төлөм уюмунун жана төлөм системасынын оператору деген лицензия алып иштеп жатат. Бул жагынан мыйзам бузуу байкалбайт.
Ал эми товар жана кызмат көрсөтүүлөр менен пайдаланган абоненттерге алдын ала төлөнгөн акыны кайра кайтаруу жолу менен кайтарылган акча каражаттары аркылуу электрондук капчыкты толуктоого жол берилбейт.
Тагыраак айтканда, электрондук акчаны таратуу боюнча уюлдук байланыш операторлордун функциясы акча каражаттарын электрондук капчыкта эмес, абоненттердин өздүк эсептеринде топтоого шарт түзүүгө ылайыкталган. Чындыгында, уюлдук байланыш абонентинин өздүк эсеби пайдалануучунун акча каражатын чогултуу жана сактоо функцияларына ээ. Ошондой эле акча каражат уюлдук байланыш операторлоруна келип түшөт жана алардын карамагында жайгашылат.

– Сиздин пикириңизде дүйнө цивилизацияга бет алып, бардык акчалай кызматтар электрондоштурулуп жатканда мындай тыюу салуулар мезгилден артка кетүү эмеспи?
– Жогоруда айткандай, бул тыюу эмес. Биз үчүн азыр тобокелдиктерди төмөндөтүү зарыл. Дүйнө жүзүндө уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттешүү боюнча көп сандагы ар түрдүү моделдер бар. Эгерде Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн төлөм кызматтар рыногунда уюлдук байланыш операторлорунун ишмердүүлүгүн алып карасак, Орусия, Беларусь жана Казакстан уюлдук байланыш операторунун абонентинин өздүк эсебинен төлөмдөрдү жүргүзүү механизмдери ишке ашырылган. Бирок алар кандайдыр бир жол аркылуу банк системасы менен интеграцияланган. Мисалга алсак, Орусияда МТС уюлдук оператору МТС-Банк менен иш алып барат, бул банк уюлдук оператор менен биргеликте АФК системасына кирет жана биргелешкен продуктуларды сунушташат. Казакстандагы Beeline уюлдук оператору Альфа-Банк Казакстан жана Wooppay төлөм системасынын оператору менен биргеликте Beeline картасын чыгарышкан, бул продукт кредиттик картанын бардык өзгөчөлүктөрүн камтыйт, бирок ал абоненттин өздүк эсебине байланган.

– Ошондо сиз атаган жобо долбоорунун жыйынтыгы качан чыгат?
– Жобонун долбоору жана жөнгө салуу таасирин талдоо боюнча аналитикалык кат үстүбүздөгү жылдын 12-январында Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Мыйзам боюнча коомдук талкуунун мөөнөтү 1 айды түзөт, ошого жараша, бир ай аралыгында бардык тобокелдиктерди эске алуу менен жыйынтыктоочу чечим кабыл алынат.

– Керектөөчүлөр бул долбоор боюнча ой-пикирин билдире алышабы?
– Албетте, аталган долбоор боюнча сунуштарды жана пикирлерди 2018-жылдын 12-февралына чейин oopo@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтсө болот.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Dendi
2018-01-31 21:06:20
мен банкирдин айткандарына кошулам арбир обанентин жеке счету логини жана порольы болушу шарт антпесе акча оной эле уурдалат мен уч жылдан бери колдоном абдан женил ынгайлуу
0
№ 795, 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан