АКЧАҢЫЗДЫ ТУУРА ЖАНА ИШЕНИМДҮҮ САКТАҢЫЗ

Көпчүлүк адамдар мамлекет ар бирибизди тийиштүү жумуш орду, жеткиликтүү пенсия менен камсыз кыла албастыгын жакшы түшүнөт. Ошондуктан ар бир эле адам келечегине кам көрүп акчасын көбөйтүү аракетинде кээси чакан бизнеске, дагы бирөөлөр мал чарбачылыкка же дыйканчылыкка салса, дагы бирөөлөр банкка аманат катары салып келет. Тажрыйба көрсөткөндөй калктын басымдуу бөлүгү акчасын банкта сактап, андагы каражатты ишенимдүү инструмент катары билишет. Бул жолу ушул ишенимдүү инструментти колдонуучулардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктарды тышкы көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору Сатыбалдиева Айгүл Туратбековна менен маектештик.

– Саламатсызбы, Айгүл Туратбековна. Алгач акчаны сактоо зарылдыгы тууралуу сөз кылсак.
-Cаламатчылык. Акчаны туура колдонуу жана аны сактоо ар бир адамдын турмушунда маанилүү ролду ойнойт. Негизги финансылык түшүнүктөрдү билүү жана аларды практикада колдонуу адамга өз каражатын туура пайдаланууга мүмкүндүк берет. Көпчүлүк адамдардын негизги киреше булагы – бул айлык маяна. Биз иштеп тапкан маянабыздын кандайдыр бир бөлүгүн үнөмдөп сактасак болот. Акчаны сактоо бул стабилдүүлүктүн жана финансылык бакубаттыктын, ишенимдүү келечектин кепилдиги боло алат.
Жеке жана юридикалык жактардын аманаттарын сактоо менен коммерциялык банктар, тийиштүү лицензиясы бар микрофинансылык компаниялар жана кредиттик союздар алектенет.

– Акча сактоо инструменттери кайсылар, депозит ачууда эмнени эске алуу керек?
-Акча сактоо боюнча бир канча финансылык инструменттер бар. Айтсак, банк депозиттери (чет өлкөлүк валютаны кошуу менен), баалуу металлдар жана баалуу кагаздарга болгон инвестициялар. Тобокелдикти эске алуу менен акчаны сактоо үчүн ишенимдүү, актуалдуу жана учурга ылайык туура инструментти тандоо зарыл.
Кошумча белгилей кетсек, сомдон сырткары чет өлкөлүк валюта менен депозит салууда ал валютанын (доллар, евро, рубль жана башка) алмашуу курсунун тобокелчилигин эске алуу керек. Анткени валюта рыногундагы абал күнүгө өзгөрүп турат. Эгер чет өлкөлүк валютада акча сактоону чечсеңиз, анда депозиттин болжолдонгон мөөнөтүндө (3, 6, 12 ай же андан дагы ашык) алмашуу курсунун өзгөрүлүп турчу тобокелдигин баалоо талап кылынат. Доллар же евро сыяктуу валюталардын курсу сомго салыштырмалуу баасы түшүп кетсе, башка валюта боюнча курстун өзгөрүлүшү аркылуу толукталып калат.

– Кардарлар өзүнө ыңгайлуу банкты жана банктык кызматты кантип тандап алса болот?
-Банк же тийиштүү лицензиясы бар банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди тандоодо пайыздык ченге гана өзгөчө көңүл бурууга негизделбешибиз керек. Белгилүү болгондой, жогорку кирешелүү инвестициялар чоң тобокелдикке алып барат. Ошондуктан банкка кайрылууда ар бир потенциалдуу кардар алгач банктын шарттарын жана тарифтерин карап чыгышы зарыл. Мындан сырткары банктын кызматын колдонуучулар үчүн финансылык отчёттуулук толук жеткиликтүү болушу шарт. Финансылык абал туурасында ар бир айдагы отчёттор кардарлар үчүн банктын маалымат бурчунда орун алышы керек. Аманатчылар банктардын финансылык абалына көз салып, мүмкүн болгон учурда тобокелдикти баалап, банк менен мындан ары кызматташууну улантуу же улантпоо боюнча чечимин кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык сыр болушу мүмкүн эмес. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча кандай гана келишим болбосун аны түзгөнгө чейин көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө кардар толук, ачык маалыматтар менен камсыз болууга тийиш.

– Мамлекет тарабынан депозиттерди коргоо боюнча кандай кепилдиктер каралган? Тигил же бул банк банкрот болуп калса кардардын акчасы күйүп кетпейби деген кооптонуулар болушу мүмкүн да.
-Калктын аманаттары Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан кепилденип, мыйзам тарабынан бекитилген сумма (үстөк пайыздары менен кошо 200 миң сом) ар бир банктагы ар бир аманатчыга төлөнүп берилет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 25 коммерциялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Алардын ар бири өз алдынча банк продуктулары жана кызматтары боюнча өз тарифтери менен пайыздык чендерин бекитишет.
Аманатчылардын негизги укугу банктык эсептеги акча каражатын жана ага тиешелүү пайыздарды алуу болуп саналат. Демек, банк бул акча каражаттарын сактоону камсыз кылып, аларды аманатчынын талабына ылайык кайтарып берүүсү керек.

– Банктык аманаттар менен иштөөнүн кандай талаптары бар?
-Банк эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиптери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик укуктук актыларынын негизинде ишке ашат. Банк эсептеринин иши боюнча эреже, ошондой эле аманаттар боюнча эсептер (депозиттер) алардын иштөө режимине жана операцияларды жүргүзүү тартиптерине минималдык талаптарды бекитет.
Банк кардарга эсеп ачып жатканда сөзсүз түрдө документтерди толтуруу эрежелерин, үстөк пайыздын эсептөө тартиптерин түшүндүрүп берүүсү керек. Ошол эле учурда аманатчылар да, такталган маалыматтардын тизмесин банкка бериши зарыл.
Банкта эсеп ачуу үчүн эки тарап тең өз укуктары жана милдеттери, ошондой эле кызматтарды көрсөтүү шарттары каралган келишимге кол коюшат. Ошондуктан кол коёрдон мурун келишимди кылдат окуп чыгып, талаш жараткан, түшүнүксүз жерлерди тактап алуу керек. Анткени депозиттеги каражаттарга байланыштуу банк менен болгон мамилени дал ушул келишим аныктайт. Кардар келишимге кол коюп жатып анын шарттарына макул болуп жаткандыгын жакшы түшүнүп, келишимди кылдат окуп чыгышы керек.

– Банк менен кардар түзүп жаткан келишимде кандай негизги талаптар каралган?
-Келишимде тараптардын негизги шарттары, алардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, депозиттер боюнча үстөк пайыздарды төлөө эрежелери, банк операцияларын жүргүзүү үчүн чендер жана тарифтер, келишимге киргизилген өзгөртүү жана толуктоолордун тартиби, анын мөөнөтү, келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн айып пул төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн жана тараптардын келишими боюнча башка шарттар каралат. Банк менен кардардын ортосунда жетишилген келишимдеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын өз ара макулдашууларынын негизинде киргизилиши мүмкүн. Банктарга кардар менен болгон келишимде депозиттерди кабыл алууга байланыштуу бир тараптуу өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынат.
Аманат салынгандан кийин аманатчы өз эсебине акча түшкөндүгү туурасында тастыктай турган тийиштүү документти алып, аны өз акчасын кайтарып алганга чейин сакташы керек.

– Акча сактоо боюнча дагы кандай кошумча инструменттер бар?
-Банк ишмердүүлүгүндө исламдык финансылоо принциптери бар экендигин кошумчалай кетсек болот. Бул принципте пайыз деген түшүнүк кредиттерде да, депозиттерде да болбойт. Киреше ченеми банк тарабынан исламдык финансылоо принциптери боюнча каржыланган бүтүмдөрдөн түшкөн накта пайдадан эсептелинет. Ушул эле учурда бул инвестициялык иштердин жыйынтыгындагы кирешелер да, чыгашалар да банк менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
Мындан сырткары элдер өлчөнгөн алтын куймаларга да акчаны салса болот. Алтын дүйнөдөгү эң туруктуу валюталардын бири жана келечекке болгон коопсуз салым катары саналат. Практика көрсөткөндөй, алтын валюталык рыногунда кескин өзгөрүүлөр эч качан болгон эмес. Алтын куймалардын алуу-сатуу баасы күндө улуттук валютада бекитилип, Улуттук банктын сайтына жарыяланып турат.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tam4y
2018-02-07 00:33:32
чоон рахмат. мен издеп жургон маалыматтар экен
0
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан