АКЧАҢЫЗДЫ БАНККА ИШЕНИП ТАПШЫРАСЫЗБЫ ЖЕ УЮЛДУК ОПЕРАТОРГОБУ?

Кыргызстандагы дароо төлөм жүргүзүү жана электрондук капчык рыногу банктар, төлөм системдери жана уюлдук операторлор ортосунда атаандаштык талаасына айланды. Уюлдук операторлор негизги ишмердүүлүгүнөн таап жаткан кирешесинин төмөндөшүнөн улам коммерциялык финансы мекемелердин кирешелеринен да пайда табууга аракет кылышууда.

МАКСАТ – БОЛГОН АКЧАНЫ САРПТОО
Уюлдук байланыш оператору сизди «нөлгө» алып келгенине канааттанат: балансыңызда болгон акчаны коротуп, андан соң дагы насыя сунуштайт. Бул үчүн ар кандай ыкмалар колдонулушу мүмкүн. Мисалы, сиздин iPhone`уңуз iMessage/Facetime`дан каттоодон өтүү үчүн Улуу Британияга SMS жөнөткөнүңүзгө уюлдук оператор кубанычта болот. Сизге кереги жок кызматты кошот же пакет аяктагандан кийин интернет-трафикти 1 мегабайт үчүн 1 сомдон сатат. Балансыңызда акча канча көп болсо, оператор ошончолук көп пайда табат.

АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ/АКЫСЫЗ КЫЗМАТТАРДЫ КОШУУДАГЫ АМАЛКӨЙЛҮК
Уюлдук байланыш операторлор – киреше табууда абдан амалкөй келишет. Алгач алар миллиондогон абоненттерге бекер жана пайдасыз кызматты кошуп берип, бир аз убакыт өткөн соң эч кандай эскертүү бербестен ал кызмат үчүн акы ала баштайт. Буга жергиликтүү уюлдук компаниялардын биринин "Байланышта" деген пайдасыз эле кызматы үчүн абоненттерден күнүнө 1,17 сом алып жүргөнү мисал боло алат. Бул жарыя болгондон кийин бир жумадан кийин ал «багынды».

МОБИЛДИК ТРАФИКТИ ЭСЕПТӨӨДӨГҮ АМАЛКӨЙЛҮК
Чет өлкөлөргө барып жүргөн жарандарыбыз интернет-пакеттер Кыргызстанга салыштырмалуу ал жактарда жай сарпталарын байкашкандыр. Интернет-сессияларды жергиликтүү операторлордун тарифтеринде тегеректөө шарттарына көңүл бурдуңуз беле? Операторлор эмне үчүн ар бир сессияны 100 килобайттан тегеректээрин ойлонуп көрдүңүз беле? Бул оңой эле: интернет-сессиялар узактыгы жана көлөмү жагынан канчалык кыска, бирок тез болсо, кардарга ошончо көп интернет-трафик кошуп эсептелет.
Тез-тезден үзүлүүнүн дагы бир себеби – жабдыктарды жана программалык камсыздоону уюлдук операторлорго сунуштаган компаниялардын пайдасына тартылган ар бир активдүү абонент үчүн төлөнгөн төлөм. Оператордун тармагынын кубаттуулугу канчалык көп болсо, төлөм ошончо көп болот.

МОБИЛДИК «КУЛЧУЛУКТУ» ЖОККО ЧЫГАРУУ
Абонент байланыш операторун алмаштырган учурда да номерин өзүнүн атында сактап калууну ишке киргизүү жөнүндө сөздөр Кыргыз Республикасында бир нече жылдан бери айтылып келүүдө. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган мобилдик «кулчулукту» жокко чыгаруу тууралуу мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди. Бирок 17-январга карата 3 уюлдук оператордун бири да абоненттерине мындай кызмат көрсөтүүгө даяр эмес. Ушул эле учурда коммерциялык банктардын бирөөсү эле Улуттук банктын ченемдерин же буйруктарын аткарбай койгон жагдайды элестетип көрүңүз...

КАПЧЫКТАР ОРТОСУНДАГЫ СОГУШ
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Электрондук акчалар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» Улуттук банк башкармалыгынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 токтомуна абоненттин өздүк эсебинен электрондук капчыктарды толуктоого толугу менен тыюу салуу каралган толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоору кайрадан коомдук талкууга чыгарылды. Бул долбоордун маңызы – дүйнө жүзүндө көптөн бери жүргүзүп келе жаткан заманбап мобилдик төлөмдөрдү ишке ашырууга жана электрондук капчыктын пайдалануучуларына капчыгын уюлдук телефондун балансынан толуктоого тыюу салуу болуп саналат.
2022-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү стратегиясы – 2040 долбоорун ишке ашыруунун алкагында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча программа иштелип чыккан. Коммерциялык банктар да бир орунда турган жок. Бүгүнкү күнгө карата 2 миллионго жакын банктык карт, 1 жарым миңден ашуун банкомат жана 8 миңден ашуун POS-терминалдар айланууга салынган. Ошондой эле Кыргызстандагы коммерциялык банктардын 6 электрондук капчыгы иштеп, алардын колдонуучуларынын саны 500 миңден жогору экени маалым. Алардын бардыгы ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп, колдонуучулардын укуктарынын корголушуна кепилдик берет.
Коркунучтуусу, уюлдук оператор банкрот болгон шартта, капчыкта болгон каражаттар байланыш операторунун эсебинде калат да, аны кайтарып алууга кепилдик жок. Ал эми банктык электрондук капчыктагы каражат калып калса, ал банктык эсепте калат. Мында Улуттук банк көзөмөлдөөчү орган катары керектөөчүлөрдүн укуктарын коргой алат.
Банктардагы ар бир операция, төлөм кайдан жана кайда жүргүзүлгөнү, жадакалса адамдын өздүгү аныкталбаган болсо дагы оңой эле табылат. Ал эми идентификацияланбаган капчыктар аркылуу жүргүзүлсө, кыйла көп чыгымдарды талап кылат. Уюлдук операторлордун электрондук капчыктары чектелген өлчөмдө болсо да, белгисиз жактарга каражаттарды которууга шарт түзөт. Мындай учурда колдонуучулар үчүн жаман ниеттеги операцияларды да ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Коммерциялык банктардын уюлдук операторлор менен биргелешкен накталай эмес эсептешүүлөрдү көбөйтүү боюнча иштешүү долбоорлорун ишке ашыруусу жакшы чечим, бирок ошол эле учурда ал Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыкпашы керек.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан