МОБИЛДИК КАПЧЫК ЖАНА АНЫ УЮЛДУК ОПЕРАТОРДУН ӨЗДҮК ЭСЕБИ АРКЫЛУУ ТОЛУКТООДОГУ КӨЙГӨЙЛӨР

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «электрондук акча жөнүндө» жобого өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү, тактап айтканда, уюлдук операторлордун мобилдик капчыгын чектөө боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга коюп, электрондук акчалар менен байланышкан айрым ишмердүүлүктөргө тыюу салууну көздөп жатат. Ал эми уюлдук операторлор болсо бул демилгеге макул эместигин билдирип, каршы пикирин жарыялап жаткан чак. Учурда актуалдуу болуп жаткан бул маселе боюнча экономика жаатындагы көз карандысыз эксперт Абдыкалы Иманалиевге кайрылып, анын оюн уктук.

– Уюлдук оператордун өздүк эсеби аркылуу мобилдик капчыкты толуктоо жана ага тыюу салуу маселеси принципиалдуу мүнөзгө ээ болуп, анын чечилиши өлкөбүздүн экономикасына жагымдуу да, талкалоочу да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Анын себеби баары уюлдук оператордун өздүк эсеби аркылуу мобилдик капчыкты толуктоо мүмкүнчүлүгү боюнча жаралган талкууда, бул көйгөйдүн келип чыгышынын бардык тараптары ачыкталбай калгандыгында. Бул жердеги башкы көйгөй уюлдук оператордун өздүк эсеби аркылуу мобилдик капчыкка каражат жыйноодо пайда болуучу тобокелдиктерде.
Мындан бир нерсеге көңүл буруш керек. Мобилдик капчык башка депозиттик эсептер сыяктуу эле кадимки депозиттик эсеп болгону мында интернет аркылуу да операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Заманбап уюлдук байланыш жана мобилдик капчык бири-бири менен интернет аркылуу туташкандыктан жөнөкөй интернет да, уюлдук телефон да мобилдик капчыкка, тактап айтканда, депозиттик эсепти башкарууда жөн гана инструмент боло алат.
Депозиттер коммерциялык банктардын кредиттик ресурсун түзүүчү негиз болуп эсептелет. Ошондуктан коммерциялык банктардын депозиттик базасы канчалык кеңири болсо, кредиттик ресурстар да ошончолук жеткиликтүү, арзан болот да, алардын экономиканы финансы менен колдоосу ошончолук өсөт.
Бул жерде уюлдук оператордун өздүк эсеби аркылуу мобилдик капчыкты толуктоо ыңгайлуу дегени эки жүздүүлүк кылып жатканынан кабар берет. Ооба, чындыгында эле бул ыңгайлуу. Бирок уюлдук операторлор бул ыңгайлуулугу менен мүмкүн болуучу кредиттик ресурстарды, башкача айтканда, мобилдик капчык формасында уюлдук операторлордун эсебине депозиттик каражаттардын топтолушуна жана ага кожоюндук кылуусуна алып келерин ачыктабай жатышат. Мына ушул жерден анан уюлдук операторлордун бул каражаттарды башкаруусундагы тобокелдик боюнча көйгөйлөр жаралат. Уюлдук операторлордун эсебине аябай көп финансылык ресурстардын жыйналышы жарандар үчүн көптөгөн тобокелдиктерди жаратат.
Дүйнө жүзүндөгү банк системасынын өзүнүн тарыхый тажрыйбасы жана кардарларынын каражаттарын, башкача айтканда, депозиттерин коргоо механизмдери иштелип чыккан. Бул үчүн коммерциялык банктар милдеттүү түрдө сакташы керек болгон кардарлардын каражаттарын колдонуудагы тобокелдиктерге чек койгон бүтүндөй мамлекеттик система бар. Мындан сырткары банктардын жоготуусун, банктардын кардарларынын каражаттарын жоготкон учурда жаба турган булак болгон депозиттерди коргоочу өзүнчө фонд да бар. Ошондуктан бул система коммерциялык банктардын туруктуу болушуна жардам берет жана кардарлардын коммерциялык банктарга болгон ишениминин негизи болуп саналат.
Ошол эле учурда аябай зор финансылык ресурстун топтолушуна мүмкүндүк алган уюлдук операторлор кардарларынын өздүк эсебине топтолгон каражаттарын пайдаланууга мүмкүндүк алышат да, өз ыктыярына жараша колдоно беришет. Ал каражаттарды колдонуудагы тобокелдиктер мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбагандыктан, аны таптакыр жоготуп алуу коркунучу жаралат. Натыйжада уюлдук операторлор акысыз кредиттик ресурстарга ээлик кылып, кредиттик ресурстарга таптакыр тиешеси жок, же чектелүү болгондугуна жараша коммерциялык банктарга өтө жогору баада берилүүчү экономиканын башка сегменттерине залакасын тийгизет.
Мобилдик капчык аны менен көрсөтүлгөн кызматтарга же сатып алган товары үчүн эсептешүүгө мүмкүндүк берген эсеп болуп саналат. Уюлдук операторлордун кызматтары башка коммуналдык кызматтардай эле катардагы кызмат болуп саналат. Ошондуктан бул кызмат үчүн уюлдук телефондон жеткиликтүү болгон мобилдик капчык аркылуу да төлөөгө болот.
Башкача айтканда, бул иш аракеттер абоненттердин каражаттарынын жоголуп кетиши мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алат. Ошондуктан уюлдук оператордун өздүк эсеби аркылуу мобилдик капчыкты толуктоого тыюу салуу туура болот.


Ибрагим Жусуев

 Кыстарылган видео 
Маек - Кундуз Канатбек кызы: "Мен үчүн үй-бүлө маанилүү"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан