"Оюндан от чыгат". Мындай сөз бекеринен айтылбайт чыгар. Ушул жылдын январь айында көпчүлүктүн коштоосунда өткөн аламан байге үчүн оюнда Бишкек жана Ош шаарларында эки адамдын өмүрү кыйылды. Кырсык дейбизби, кокустук деп атайбызбы, бул оюнга эреже жетишпей, коопсуздук маселеси каралбаганынан кабар берет.
КЫРСЫК КОШТОГОН АЛАМАН
Эл арасында аламан деген түшүнүк тээ илгертен жашап келет. Ага эрежесиз улак тартыш же улак үчүн болгон массалык кармаш деп мүнөздөмө берсе болот. Иретсиз, эреже сакталбаган аламан оюнун көк бөрү оюну менен салыштырып болбойт. Анткени аламан адатта жеке ишкерлер, той ээлери тарабынан уюштурулуп, аргымактын же улакчынын жаш курагы эсепке алынбай, чеги, убактысы, тайказаны жок өткөрүлөт. Кумарга жетелеген бул ат оюнунан адам ажал тапканы ойго салбай койбойт.
23-январь күнү Ош шаарынын Жапалак деген жеринде улак тартыш учурунда өспүрүм баланы ат тебелеп кетип, ал ооруканага жетпей каза болгон. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, айыл четинде жүрүп жаткан аламан оюнуна көрөрман катары барган 12 жаштагы Акжол Акылбек уулун 1973-жылы туулган Ж.Ч. жылкысы менен тебелеп кеткен. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм ооруканага жетпей жан берген. Окуя болгон жерде маркумдун атасы жана бир тууган агасы да болгон. Алар ат менен тебелетип кеткен айылдашынын үстүнөн арыз берүүдөн баш тартышкан.
Ал ортодо 27-январь күнү Бишкектин четиндеги Ак-Бата конушунда аламан улак орун алып, анда муз жарылып кетип, бир оюнчу аты менен кошо сууга түшүп кетип каза болгон. Аталган иштер кокустук катары бааланып, кылмыш иши козголгон эмес. Мындай окуялардын катталышы аламандын коопсуздугун ким карайт, эреже-шарттар керекпи деген суроо жаратат.
«КООПСУЗДУК МАСЕЛЕСИ МАМЛЕКЕТТИК ДЕҢГЭЭЛДЕ КАРАЛА ТУРГАН ИШ»Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов аламан оюнунун коопсуздук маселеси мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе экенин билдирет.
– Аламан – ата-бабалардан келаткан оюн. Ал азыркыга чейин жер-жерлерде расмий эмес түрдө өткөрүлүп келе жатканына күбө болуп жатабыз. Албетте, коопсуздук эрежелерин киргизип, тартип орнотуп, көзөмөл кылса болот. Бирок аны жасоо федерациянын колунан келбейт. Бул мамлекеттик деңгээлде карала турган маселе. Спорттун кайсы түрү болбосун жер-жерлерде өкүлү болот. Аламан же дагы башка спорттук мелдеш өткөрүүчү адам ошол өкүлдөргө жана жергиликтүү бийликке кайрылып, коопсуздук жагын карап берүүсүн өтүнсө, ага көңүл бурулуп чара көрүлсө туура болмок. Эгер аламан мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп калса жергиликтүү бийлик “Тез жардам” кызматы жана милиция менен камсыз кылып берсе, ошондо тартип орномок. Бул көчө оюну болгондуктан, кырсык болбойт деп айтуу кыйын. Ар кандай кырдаал жаралып кетиши мүмкүн.
«УЛАК ТАРТЫШКА ДА КАЛЫС КЕРЕК»Токтогул районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну көп жылдан бери аламан байгеге катышып жүргөн Мырзабек Аметжанов аламан улакты коопсуз кылуу боюнча ойлору менен бөлүштү.
– Мурда той-аштарда кадимки көк бөрү оюну уюштурулуп, уткан тарапка той ээси ырымын кылып байгесин берчү. Ал эми оюнга түшкөн улакты үйүнө алып кетпей, аны көпчүлүккө берип койчу.
Кайсы өрөөндүн жигиттери мыкты, жылкылары күлүк болсо ошолор улакты илип кетишчү. Ал кезде улакты башка өрөөндүн жигиттерине алдырып жиберүү чоң намыс эле. Уятка калабыз деп, караңгы кирсе да, ашуу ашса да өз элине эңип кетүү эрдик деп саналчу. Суусамырда болгон тойдо улакка биз ээ болсок, эңип алып Чычкандын ичине чейин алып кетчүбүз. Таластын жигиттери алса, дээрлик казактын чек арасы жакка чейин чаптырып кетишчү. Азыр улакты улакчылар эле союп жеп коюп жатышпайбы, ал кезде жеңген тарап айыл аксакалдарын чакырып, улакты асып, беш бармак жасап берип батасын алышчу. Азыр бул оюнга расмий түрдө калыс ишке киргизилсе, ал эреже бузулганда ышкырып, токтотуп же жазаласа оюн таза болот. Көк бөрүнүн эрежелери деле аламанга ашыкча болбойт. Калыс оюнду башкаруу менен өмүрүн тобокелчиликке сала ойногон оюнчулардын күтүүсүз кырсыкка кабылышынын алдын алат. Мисалы, ат менен ат сүзүшөт, бирок ат менен улакчыны сүзүү эреже бузуу экендигин эскертип турат эле да.
«КУДАЙ САКТАСЫН ДЕП ЧЫГА БЕРЕБИЗ»Улакчы Жандар Төрөев Кара-Кулжада былтыр күзүндө той өткөрүп, ага миңдеген улакчыны чогултуп, аламан байге уюштурган. Мындай оюндарда миңдеп саналган улакчыны көзөмөлдөө кыйынчылык туудурарын айтат.
– Албетте, жылдын башында эле аламан улактын айынан эки адам каза болуп калганы өкүндүрөт. Аламан өткөргөн адам анын жоопкерчилигин сезип, оюн боло турган жерди жакшылап карап, анан белгилесе туура болот. Суусу терең муз жарылып кетүү коркунучу бар аймактардан алысыраак ойноп, кооптуу жерлерден качыш керек. Бирок белгиленген жерден тышкары оюндун өзүндө ар түрдүү кырдаалдар орун алып кетиши мүмкүн. Бири жыгылса, экинчиси жараат алып калышы мүмкүн. Андай маселеде той берген адам коопсуздукка жооп бербейт. Аламан илгертеден калыптанып калган расмий эмес массалык оюн болгондуктан, ага эреже киргизүү татаалыраак болуп калат го дейм. Совет доорунда аламанга бир эмес, бир нече ирет тыюу салынган. Бир чети азгырык, бир чети ата-бабадан келаткан салттуу оюн болгондуктан, ал кезде деле жашынып, бекинип ойноло берчү. Тыюу салууга моюн бербеген бул оюн кандайдыр бир жаңы шартка же эрежеге деле баш ийбесе керек. Аламан алдында уюштуруучу деле, улакчы деле оюнга “Кудай сактасын” деп чыга беребиз.
«ШААР АРАЛАП КЕТИП, УРУШ УГУП КАЛАБЫЗ» 22 жаштагы Аскар Алышев ар аптанын жекшемби күндөрү Талас шаарынын четиндеги аймакка барып, аламан байгеге катышат.
– Таластын аэропорту жакта ээн тегиз жер бар, ошол жерге ар жуманын жекшемби күндөрү улакчылар чогулабыз. 50-60тай улакчы чогулган жерге көрүүчү болуп дагы ошончо киши барат. Каалоочулар ортого акча таштайт. Байгеге ээ болуу үчүн айылдын ылдый жагы жана өйдө жагы болуп бөлүнүп алып беттешебиз. Кумарга берилип кетип, шаар аралап кеткен күндөр болгон. Кээде жай тургундардын үйлөрүнө кирип кетип, уруш уксак, кээде өтүп бараткан машиналар менен сүзүшүп кетип, чыгымын төлөп калган учурлар кездешет. Шаарга кирип кеткенде милиция кызматкерлеринен да эскертүү алып калабыз. Оюн кумар да. Берилип кеткенде шарттарга баш ийүүнү унутасың, көздөгөнүңө жеткенче эч эреже ойго келбей калат.
Алтынай Тынышова
sport@super.kg