АЙЫМДАРГА КОШУМЧА КАРАЖАТ ТАБУУ ҮЧҮН ИДЕЯЛАР


Жашоо үчүн акча керектигин эч ким тана албас. Эгер сиз аз суммадагы акча менен чакан бизнес баштоого болбойт десеңиз, жаңылышасыз. Төмөндө үйүндө жумушу жок отурган кыз-келиндерге бизнес-идеяларды сунуштамакчыбыз.

АЛГАЧКЫ КАДАМ

1. Алгач жашаган аймагыңызга изилдөө жүргүзүңүз. Учурда рынокто эмне актуалдуу, кайсы товарга суроо-талап көп экенин билиңиз.
2. Актуалдуу товар сиз жашаган аймакка кайдан келерин: шаар, райондун борборунан же товар чыгарган компания дүкөндөргө жеткирип береби, ошого жараша товар баасын аныктаңыз.
3. Ал товарды саткан атаандаштардын санын тактаңыз. Товарга коюлган бааларды салыштырып чыгыңыз. Эгер атаандаштык көп болсо, товарга коюлган баа арзан болуп, сиз жаңы баштаган иштен пайда таппай калышыңыз мүмкүн.


№1 ТАМАК-АШ
Кыргызда той-аш көп. Демек, боорсок, булочка, печенье, саңза, торт, чүчпара жана башка тамак-ашка буюртма алып, бышырып сатсаңыз болот. Алгач үйдөгү ун, май жана башка азыктардан жасап турсаңыз, кийин кардарыңыз көбөйгөндө бул чыгымыңыздын ордун жаап, бизнес үчүн өзүнчө каражат бөлө баштайсыз.

Ишке ашыруу:

  • Даамдуу, сапаттуу, таза жасалышы шарт.
  • Баасы. Сунуштаган товарыңызга кеткен чыгымдар: азык-түлүк баалары, кызмат көрсөтүү, электр жарыгы же отун-суунун баарын эсептеп, ошого жараша баа коёсуз. Негизи сиз жасаган азыктын баасы дүкөндөрдөгү баадан арзан, ошол эле учурда өзүңүзгө пайда алып келе тургандай болсун. Ал үчүн азык-түлүктөрдү арзан саткан булак табышыңыз керек.
  • Баалар баракчасы. Чекене 1 килограммдын баасы, дүңүнөн 10 килограммдан ашса кандай жеңилдиктер каралгандыгы, азык канча убакытта даяр болору, азыктын кандай түрлөрүн сунуштай аларыңызды так көрсөтүңүз.
  • Таратуу. Алгач кошуна, дос, туугандардан жарнамалоо үчүн жардам сураңыз. Экинчи тарап – интернет. Бардык социалдык тармактарга товарыңыздын сапаттуу, табитти ача турган сүрөттөрүн жүктөңүз. Кызмат көрсөтүү боюнча маалымат, кызыктуу пост жазыңыз. Маалыматтарды, сүрөттөрдү улам жаңылап турушуңуз керек.


№2 СУЛУУЛУК КЫЗМАТЫ
Азыр айыл аймагында деле маникюр, кошумча тырмак чаптатуу, шеллак өңдүү сулуулук кызматтарынан пайдалангысы келген кыз-келиндер көп.

Ишке ашыруу:

  • Кызыгуу, жөндөм, талант керек. 3-4 ай атайын курстан окуп үйрөнүңүз. Ошону менен токтоп калбай, интернеттен онлайн сабактарды карап туруңуз, акыркы модадан дайыма кабардар болуңуз.
  • Өзүңүзгө эң керектүү гана аспаптарды, каражаттарды сатып алыңыз. Эгер ишиңиз жүрүшпөй калса, ашыкчаларын сата албай убара болосуз же арзан баага кетет.

№3 НAND MADE
Тигүүчү, саймачы, түймөчүлүк шыгы барларга сунуш. Үйүңүздө тигүүчү машина болгону жакшы. Сезонго жараша: суук мезгилге жылуу кийим-кече, жылуу аба ырайында жеңилин токусаңыз болот. Андан сырткары шейшеп тигип сатыңыз, жер төшөк кураңыз, бижутерия жасаңыз жана башка.

Ишке ашыруу:

  • Керектүү каражатты арзан алган булак табыңыз.
  • Интернеттен курстарды караңыз, жөндөмүңүздү өстүрүңүз, тажрыйба топтоңуз.
  • Баасы, жайылтуу, таратуу жолдору жогорку мисалдардай.


КӨЧӨТ ӨСТҮРҮҮ
Сиз жашаган аймакта кайсы жашылча жакшы өскөнүнө жараша уругун сатып алыңыз. Сезонго ылайык: капуста, помидор, бадыраң, калемпир жана башкалардын көчөтүн өстүрүп сатыңыз.

Ишке ашыруу:

  • Кайсы жашылчанын сорту актуалдуу, сапаттуу экенин билиңиз.
  • Өзүңүз айдаган жашылчалардын уругун сатыңыз же ишенимдүү адамдан алыңыз. Сиз көбөйтүп сатканда башка сорт болуп калып кардарлардын ишеничинен чыгып калбаңыз.
  • Адистен кайсы өсүмдүккө кандай кам көрүү, жер семирткич керек экенин билүү кажет.


Кийинки сандарыбызда көбүрөөк каражатка кандай бизнес баштаса болору тууралуу кененирээк токтолмокчубуз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
Datkaiymka
2018-02-13 20:30:11
Мен шапка, шарф токуйм, түрдүү бижутериялар жасайм)
+6
aidanasalanova
2018-02-17 00:14:45
Datkaiymka, Сенин колун АЛТЫНГО
+2
Anarushka
2018-02-13 21:48:33
Менде тиге турган машина бар бирок тикпей эле журом заказ жок январ айынан бери
+1
only_progress
2018-02-13 22:58:30
Мен план кылып жургон бизнес да жазылыптыр. Кудай буйруса жакын арада пландарымды ишке ашыра баштайм го...
+1
Akniet_kg96
2018-02-14 00:36:57
жакшы кенеш экен мен да булочка кекс саткым келет жакшы жасайм баштайын десем балам кичинекей
+3
Mednur
2018-02-14 12:19:50
Мен да уйдо 1 жаштагы бала мн (бусинка)мончоктон ваза,тарелка,Фруктовница сыяктуу буюмдарды жасайм,устуно 200-300 кошом эн эле коп дегенде,бирок жасащы жасап алып кантип сатышты билбей отурам,вацаптан бардык жакындарыма коргозуп 1-2 ден кетип жатат, кызыгып коргусу келгендерге вацап 0706588840
+4
Shokoladka94
2018-02-14 13:34:52
Менин колумдан торт, булочка, кекс жасаш келет, заказ берсе жасап бермекмин
+1
VIK
2018-02-14 15:23:22
А мен уй саап курут мн май кылам:) Сатбайм, келген конокторго берип, озубуз жегенден ашбайт деле.
+5
momun74
2018-02-14 22:39:47
VIK,эн жакшы жумуш экен канча адамдын конулун которуп экообуз тууган болуп алсакпы курутту жакшы коробуз
+3
VIK
2018-02-15 08:24:16
momun74,эмнеге болбосун, болот!:) Келиниз коноко:)
+4
momun74
2018-02-15 15:51:15
VIK,рахмат куда кааласа
+2
Laguna2017
2018-02-14 16:07:04
А мен жаны келин болуп келгенде англис тилинин курсун ачып алгам. Кошунанын балдары келип окучу уйдон эле. Жакшы болчу. Жыргап 10 мин сом таап алчумун 1 айда.
+2
tursunbaev78
2018-02-14 19:29:51
Laguna2017,анан
0
altysha
2018-02-14 23:05:29
А мен нижний бельё алып келип кошуналарга саттым баласы менен уйдо отурган келиндер алды балдарына,куйоолоруно,даже кайненесине же кайненеси келинине алып беришти иши кылып сатып атам бирок айыл жеринде кобунчосу карызга алат экен,карызга берип коююп отурам.
+3
mela
2018-02-14 23:46:35
Кечке эле ушул кызды чыгара бересиңер би?!Башка жокпу?
0
Ulutum_Kyrgyz
2018-02-17 01:46:43
mela,oiiiiii boooo bul kyz legendarnaya da))))svyaz kuchtuuu)))))
0
defne15
2018-02-15 11:42:59
Эн керектуу нерселерди чыгарыпсынар.Дагы да сонун идеяларды кутобуз Супер инфо.
+1
Aselina_kg
2018-02-15 20:12:12
Браслет жасап,магазинге коюп койгонбуз (авысын кассир болуп иштейт).Заказ да беришет.Жоктон коро жогору дегендей
0
melante
2018-02-17 19:20:39
Aselina_kg,+бастым эле
0
elif
2018-02-18 06:38:55
Hand made -Кол эмгек
Пайдалуу макала экен
0
Royal55
2018-02-19 22:28:49
Эн жакшы кенештер суперге рахмат.Мен да бала менен уйдомун.кенири иштеткенге акча керек болуп калганда ар кандай ойлор келет.Парда тигип бычууну билем.Ошону амалга ашырсамбы деп калдым.А машина болсо калоо келсе эле даяр болот.Ойлонуп корот окшойм.
0
Tynybek1989
2018-02-20 04:56:02
Prenses мумкун болсо кенениреек айтып бересинерби.кантип кошулат же кантип жонотот дегендей
0
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан