Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында 8-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылып, жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү жана башкалар катышты.
Жыйында сот, прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупция, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн абалы өңдүү маселелер талкууланды. Президент Жээнбеков Башкы прокуратура, сот, УКМК жана ИИМдин дарегине ачуу сындарды айтып, коррупцияга каршы күрөшүүчү бул органдар өздөрү коррупцияга белчесинен батып калганын билдирди.
«Сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдары коррупция менен күрөшө турган мекемелер. Тилекке каршы, коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик органдар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат. Коррупцияга каршы күрөштө эң башкы күч – президенттин саясий эрки. Менде саясий эрк бар. Мен ал күрөшкө даярмын. Кылмышкерлерди ким кармайт? Күнү-түнү өмүрүн тобокелге салып, катардагы оперлер кармайт. Аларды кайра пара алып сот, прокуратура, ошол укук коргоо органдарынын башчылары бошотуп жиберүүдө. Мен соттордун ишине киришпешим керек, бирок баш аламандык болуп, мыйзам бузуулар болуп жатса киришпей коё албайм. Мени эл үмүт менен шайлаган»,- деди өлкө башчы.
Ажо козголгон кылмыш иштеринин көбү сотко жетпей, күнөөлүүлөр татыктуу жазаланбай жатканын да айтты. Жалпы жонунан Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана башка органдардын ишине канааттанбай жатканын билдирди. Аягында мамлекеттик кызматкерлердин, айрыкча укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жеке кирешелерин катуу текшерүүгө алуу чечими кабыл алынды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg