ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШКАН БАЖЫ КЫЗМАТЫНАН ТҮШКӨН КИРЕШЕ 1 АЙДА 10 ЭСЕ ӨСТҮ

Өлкөнүн борбордук бажысына түшкөн акча 2018-жылдын январь айында 2 эсе өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов премьер-министр Сапар Исаков менен жолукканда билдирди. Кулматовдун айтымында, мындай өсүш өкмөт башчынын тапшырмасынын жемиши. «Сиздин тапшырмаңыз боюнча бир жарым айдын ичинде бажы төлөмдөрүн жакшыртуу үстүндө ишти күчөттүк. 2018-жылдын январь айында 2 миллиард 800 миллион сомдон ашуун бажы төлөмдөрү жыйналган, негизи январда 1 миллиард 900 миллион сом топтоо пландалган эле. Өсүш 146,2 пайызды же 907 миллион 3 миң сомду түздү»,- деди Кулматов.
Борбордук бажыга 2018-жылга чейин күнүнө 30 миллион сомдун тегерегинде акча түшсө, учурда күнүнө
60 миллион сомдой киреше түшүүдө. Ал эми «Ош» бажысындагы киреше дароо 10 эсе өскөн. Буга чейин бул жерде күнүнө 1,5-2 миллион сом түшүп жүрсө, акыркы айда 15 миллион сомдон каражат түшкөн. Өкмөт башчы Сапар Исаков бул бажы тармагындагы реформанын алгачкы гана жыйынтыктары экенин айтып, Кулматовду коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү болууга чакырды.
Сапар Исаков 2017-жылдын ноябрында бажыда кадрларды алмаштырууну баштаган. Борбордук бажынын жетекчиси Султан Мамасадыков, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, бажынын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы, «Ош» бажысынын көмүскө «кожоюну» аталып жүргөн Райым Матраимов кызматтан алынган. Мамлекеттик бажы кызматы кирешенин эселеп өсүшүн тармакта кадрдык алмашуулардын, коррупция менен күрөшүүнүн үзүрү деп түшүндүрүүдө. Демек, ушул күнгө чейин миллиондогон каражатты казынага жеткирбей сол чөнтөккө алып калып жүргөндөр да аныкталып, тийиштүү жаза алып, мамлекетке келтирилген чыгым ордуна коюлушу кажет. Кызматтан алып коюу бул иштерге жооптуу адамдарды жазалоо эмес, тескерисинче, жазага тартылуусунан калкалоо болуп калат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан