Түстүү чачтары эле эмес, оригиналдуулугу, таланты менен да башкалардан айырмаланган «BTS» тобу бүгүнкү күндө дүйнөдөгү к-поп музыка сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн өзүнө буруп турган чагы. 7 жигиттен түзүлгөн топтун ийгилик сыры жана чыгармачылыгы менен тааныштырабыз.
Шуга (Мин Юн Ги) – 1993-жылы 9-мартта туулган. 13 жашынан тарта ырга текст жаза баштап, 17 жашында үн жаздыруучу студияда кошумча акча таап иштей баштаган. Топто рэп аткаруучу катары ырдайт. Терисинин түсү ак болгондуктан, топтогу ырчылар аны тамашалап «кумшекер» деп калышат.
Жин (Ким Сок Жин) – 1992-жылы 4-декабрда туулган. Топтун эң улуусу. Чиндин командадагы позициясы – вокалист. Актёрдук чеберчилик боюнча билим алган. «BTS’те» Ви менен жакын дос. Тамакты жакшы жасаган кыздарды жактырат.
Рэп-Монстр (Ким Нам Жун) – 1994-жылы 12-сентябрда туулган. Рэпер жигит мурда Жаңы Зеландияда, АКШда бир нече жыл жашагандыктан, англис тилинде жакшы сүйлөйт. Рэп-монстр жергиликтүү басылмаларга берген маегинде топко жаңы киргенде бийлегенди үйрөнө албай кыйналганын, бирок бара-бара үйрөнүп кеткенин айтып эскерет.
Жей-Хоуп (Чон Хо Сок) – 1994-жылы 18-февралда төрөлгөн. Бийчи жана рэп аткаруучу. Топто ырдай электе «NEURON» деп аталган топто бийлеген. Акылдуу, чачы узун кыздарды жактырат.
Ви (Ким Тхэ Хен) – 1995-жылы 30-декабрда туулган. Вокалист. Винин жаман адаты – тырмагын тиштөө. Атасын идеал тутуп, ага окшош болгусу келет. Ырчынын адаттан тыш ойлорун көпчүлүк түшүнө бербейт. Ушундан улам ал алгач топко келгенде Шуга менен жылдызы келишпей, ортодогу салкын мамиле бара-бара жакшырган.
Чонгук (Чон Чонгук) – 1997-жылы 1-сентябрда туулган. Топтун универсалдуу мүчөсү. Ырдап да, бийлеп да, ыңгайы келсе рэп да айта алган Чонгук топтун эң кичүүсү. Бош убактысында сүрөт тартып эс алат.
Жимин (Пак Жи Мин) – 1995-жылы 13-октябрда туулган. Башкаларга салыштырмалуу Чонгук экөө сахнага каймана ат менен эмес, өз аты менен чыгышкан. Бир эле учурда ырдап, жакшы бийлегени менен башкалардан айырмаланат. Топто Шуга жана Ви менен достук мамиледе.
ТОПТУН ТҮПТӨЛҮҮ ТАРЫХЫ
2013-жылы «Big Hit Entertainment» агенттиги тарабынан негизделген бул топ «Bangtan Boys» же «Bulletproof Boy Scouts» (ок өтпөстөр) деген сөздөн кыскартылып, «BTS» деп аталып калган. Топко келгенге чейин Шуга рэп аткаруучу болсо, Жин студент эле. Ал эми Жей-Хоуп көчө бийи менен алектенчү. Жимин заманбап бийлерди үйрөнүү менен өзүн сынаса, Чонгук болсо «Superstar K» деп аталган таланттар таймашына катышып, 7 агенттиктен иштешүү боюнча сунуш алган. Алардын ичинен «Big Hit Entertainment» агенттигинин сунушу көңүлүнө төп келип, иштешип калган.
КООМДУН МАСЕЛЕСИН ЫРГА САЛГАН «BTS»
Адатта башка корей топторунун ырлары жана клиптери Азия континентинин музыка сүйүүчүлөрү үчүн арналып, тиешелүү бир аймакта гана белгилүү болсо, «BTS» дүйнөнү аймагына, улутуна, динине же расасына бөлбөй өзүнө багындырды. Мунун себеби, топтун ырларынын баарына тегиз жаккан жагымдуу обондору, маанилүү жазылган тексттери, мыкты сапаттагы аранжировкасы, сапаттуу клиптери, оригиналдуу бий кыймылдары жана жогорку деңгээлдеги аткаруу чеберчилиги десе болот. Ошондой эле ар дайым изденүүдө жүргөн 7 жигиттин бирдей таланттуу экенинде.
«BTS’ТИН» ПОПУЛЯРДУУ ЭКЕНИН МЫНДАН БИЛИҢИЗ, ЖИГИТТЕР БИР ЖЫЛДЫН 6 АЙЫН ДҮЙНӨ КЕЗИП ГАСТРОЛДОО МЕНЕН ӨТКӨРҮШӨТ.
Топтогу Рэп-Монстр бир гана рэп аткаруучу эмес, мыкты обончу дагы. Ал эми Жей-Хоуп менен Шуга жаштайынан ырларга сөз жаза алышканы менен айырмаланышат. Жигиттер ырларында жеңил-желпи тексттен качып, мазмунуна маани беришет. Ал тургай айрым ырларында коомдук-саясий маселе-көйгөйлөр камтылып, кээ бирлеринде жаш муундун максаттары, кыялдары же идеалдары тууралуу ырдашат. Ушундан улам аларды «корей поп-музыкасынын революционерлери» деп аташат.
ТОПТУН ТВИТТЕРДЕГИ БАРАКЧАСЫ «ГИННЕССТИН РЕКОРДДОР ТИЗМЕСИНДЕ»
Аталган топ бир гана музыкалык чарттарда эмес, социалдык тармактарда да популярдуу. «BTS’тин» Твиттердеги баракчасы (@bts_twt) эң көп ретвит (бөлүшүү) болгон баракча катары «Гиннесстин рекорддор тизмесине» катталды. 12,6 миллион катталуучусу бар баракчанын ар бир твити болжол менен 300 миллион ирет ретвит болот. Күн сайын катталуучуларынын саны өсүп жаткан топтун расмий аккаунтун бир катар массалык маалымат каражаттары "Твиттердеги эң таасирдүү баракча" деп аташкан.
1 СУТКАДА 9 МИЛЛИОН ИРЕТ КАРОО
Аталган топ 2013-жылдын июнь айында алгачкы «2 Cool 4 Skool» деп аталган ырын чыгарып, ал чыгарма топко өз өлкөсүндө «Мыкты дебюттук ыр», «Мыкты жаңы аткаруучу» наамдарын алып берген. Кийин жарык көргөн «О! RUL8,2?», «Wings» деп аталган композициялар түштүк кореялык эле эмес, дүйнөлүк музыкалык чарттарда алдыңкы орундарга илинишкен. Андан кийин жарык көргөн «Blood, Sweat & Tears» деп аталган эмгек дүйнөнүн 26 өлкөсүнүн хит-параддарында биринчиликти алып, видеосу бир суткада 6 миллион жолу каралып, корей поп-музыкасында эң көп көрүлгөн видеоклип катары катталып калган. Ал эми кийин жарык көргөн «Spring Day» деп аталган чыгармага тартылган ролик 24 саатта 9 миллион жолу каралып, топтун ага чейинки рекордун жаңылаган.
ПОПУЛЯРДУУЛУКТУН УЛАМ ЖАҢЫ БАРАГЫ АЧЫЛЫП...
Аталган топ 2016-жылы бир нече дүйнөлүк бренддердин жарнамалык жүзү катары роликтерге тартылышты. Арасында «Puma», «BBQ Chicken», «SK Telecom» сыяктуу ири компаниялар бар. Ушул эле жылы «BTS» тобу корей топторунун рейтингинде 9 ирет биринчиликти алышкан. Мындан тышкары америкалык «Billboard» журналынын музыкалык чартында Жастин Бибер, Селена Гомес, Ариана Гранделер менен катар хит-парадда жарышууга жетишти. «BTS» «Billboard» журналынын музыкалык хит-парадына илинген алгачкы кореялык топ. Ал эми былтыр октябрда ВВС маалымат кызматы «BTS» тууралуу документалдык фильм тартып жатканы белгилүү болгон.
Алтынай Тынышова
star@super.kg