Кыргызстандагы кылмыш-жаза кодексинин 153-статьясында “эки же андан көп аял алгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат” деген жобо бар. Бирок, сот өкүлдөрү бул статья менен практикада эч кимди эркинен ажыратып көрө электигин айтышат. Негизи, көп аял алуу маселеси учур-учуру менен актуалдуу маселеге айланып келет. Эми бул маселе кайрадан козголуп, коомчулуктун бүйүрүн кызытып, түрдүү талаш-тартыштарды жаратууда. Эгер эркектин мүмкүнчүлүгү болсо, анда шарият ага төрт аял алууга уруксат берет. Эми биз диний жана медициналык жактан «эмне үчүн төрт аял алса болот?» деген суроого жооп издегенге аракет кылсак.
Эң негизгиси, көп аял алган эркектер физикалык жактан эле эмес, материалдык жактан да күчтүү болуп, жубайларынын баарына бирдей мамиле жана бирдей буюм, кийим сатып берүүсү зарыл. Эмесе, ортодо чыр чатактар чыгып кетиши ыктымал. Андыктан, ар бир аялынын өзүнчө жашаган үйү болуусу керек.
Шарият «сөзсүз түрдө көп аял аласыңар» деп эркектерди милдеттендирбестен, жөн гана ага уруксат берип койгон.
Биз болсо жогорудагы материал менен мекендештерибизди көп аял алууга үндөп чакыруудан алыспыз. Бир гана анын себептерин түшүндүрүп берүүгө умтулдук.