2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө 11 миң 976 ЖЕР ТИТИРӨӨ катталды. Өлкөдө 2016-жылы 12 миң 687 ирет жер силкинген. Аталган маалыматты Сейсмология институтунан билдиришти.
Өлкөдө САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ 19-28-февраль аралыгында өзгөчө режимде, тагыраагы, эртең мененки саат 9дан түнкү саат 12ге чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
2017-жылы Кыргыз өлкөсүнөн сыртка ТИГҮҮЧҮЛҮК ТАРМАК өндүргөн 138 миллион долларлык товар экспорттолду. Анын 80 пайызы Орусия менен Казакстанга сатылган.
Былтыр Кыргыз мамлекети сыртка 1 миллиард 790 миллион 700 миң долларлык ТОВАР ЭКСПОРТТОГОН. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 217,5 миллион долларга көп. Аталган маалыматты Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков билдирди.
ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЛҮМҮ боюнча Кыргыз өлкөсү 184 мамлекеттин ичинен 79-орунду ээледи. Эң алдыңкы сапка Пакистан жазылса, Япония балдар үчүн салыштырмалуу коопсуз өлкө деп таанылды. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин 2016-жылга карата отчётунда баяндалды.
Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат АИДА САЛЯНОВАнын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы КЛАРА КАБИЛОВА (учурдагы аты-жөнү Гүлнара Самат-Клара) келет. Эске салсак, Бишкек шаардык соту Салянова боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Мындан улам Салянова мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылат.
2017-жылга карата КОРРУПЦИЯ боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргыз өлкөсү 180 мамлекеттин ичинен 135-орунду ээлеп, 2016-жылга салыштырмалуу 1 орунга жогорулады. Аталган рейтингди эл аралык "Transparency International" уюму жарыялады.
Президент Сооронбай Жээнбеков 21-февралда мектептерди 5 КҮНДҮК ОКУУ ТАРТИБИНЕ өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, жумасына 30 сааттан ашык билим албаган окуучулар 5 күндүк окуу тартибине өткөрүлөт. Мыйзам 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта ишке кирет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.