ЖУКА ЧУРАЙДЫН ТУБАСА ГРЫЖАСЫ –ЖАШ БАЛДАРДА ЭҢ КӨП КЕЗИККЕН ДАРТ

Бишкектеги медициналык Тез жардам клиникалык балдар ооруканасынын кыска мөөнөткө кароо бөлүмүнүн жетекчиси, балдар хирургу Жеңиш Миңбаев жаш балдарда эң көп кездешчү жука чурайдын грыжасы тууралуу маалымат берет.


АЙМАКТАРДА БАЛДАР ХИРУРГДАРЫ ЖОК БОЛГОНДУКТАН БАЛДАР ОПЕРАЦИЯГА КЕЧ КЕЛҮҮДӨ
Кыргызстанда балдарга тиешелүү оорулар боюнча жасалган бардык операциялардын 60-70 пайызы жука чурайдын грыжасына (паховая грыжа, кыргыз элинде чурку деп да аталат) туура келет. Биздин бөлүмдө эле 1 айда 40тай балага аталган дарт боюнча операция жасалат. Башкача айтканда, бул оору өлкөбүздө балдар арасында эң көп кездешет. Бирок дартты өз учурунда тактап, диагноз коюуга өлкөбүздүн аймактарында балдар хирургдары жетишпейт. Андыктан тубаса грыжасы бар кичине эркек балдар жана кыздарды 6 айынан тартып операция жасоо керек болсо, алар 2-3 жаштарында келип жатат. Бул убакта оору өнүгүп калган болот.


ДАРТ ЭРКЕК БАЛДАРДА КАНДАЙЧА ЖАРАЛАТ?
Бала эненин ичинде экенинде бөйрөктөрүнүн алдында 2 жумуртка (эркектин урук бези) пайда болот. Жука чурайда болсо чурай шакекчеси жана андан чыккан ичи көңдөй бутакча (вагинальный отросток, өсүндү) жана жумурткалар өтүүчү 2 канал жайгашкан. Ичтеги бала чоңойгон сайын жумурткалары каналдар аркылуу акырындап урук калтасын (мошонка) көздөй ылдыйлоого өтөт. Акырында калтага түшүп баратканда бутакчаны ала түшөт. Анан бала төрөлгөндө бутакча ичти көздөй тартылат, орду бүтөт (жабылат), жумурткалар болсо урук калтасынан орун алып калат. Эгер ошол бутакча бүтпөй (жабылбай) калса, акырындап чоңоюп кеңейет да ошол жерде грыжа калтасы жаралат. Ага ички органдардагы ичеги, ич май түшүп калат.
Грыжа оң же сол тарапта же 2 тарапта тең болушу мүмкүн. Грыжаны жука чурайдын тери алдында томпоюп чыгып турганынан байкоого болот. Бала түз жатканда ич май, ичеги калтадан чыгып, ордуна кирип кетет. Баланын курсак булчуңдарына күч келгенде, айталы, катуу ыйлаганда, катуу чуркаганда, ичи катып катуу ыйынганда ич май, ичеги кайра грыжа калтасына түшүп калат. Ушинтип ички органдар бирде түшүп, бирде чыгып жүрө берет. Коркунучтуу кырдаал эгер ошол ичеги, ич майлар ордуна кире албай кыпчылып калса жаралат. Кыпчылган органдарда кан жана зат алмашуу бузулуп, ошол жердеги ткандары өлүп баштайт.

ООРУ КЫЗДАРДА КАНДАЙЧА ЖАРАЛАТ?
Аталган дарт кыздарда чанда кездешет. Кыздар эненин курсагында экенинде алардын жатыны жана эн бездери (яичники) белгиленген ордуларынан өйдө жайгашкан болот. Убакыттын өтүшү менен өз ордуларына келүү үчүн алар ылдыйлап башташат. Натыйжада курсактын ылдый жагындагы органдар жылышат. Ошол кезде айрым кыздардын жука чурай бөлүгүндө бүктөм жаралып калат. Бүктөм болсо патологиялык чөнтөкчөнү (грыжа калтасын) жаратат. Ал жерге эн жумурткалары же жатын түтүкчөлөрү түшүп калат. Убакыттын өтүшү менен аталган органдарда кан жана зат алмашуу бузулуп, ткандар өлө башташы мүмкүн.Мындай учур көбүнчө кыздарда 1,5-2 жашында байкалат.


ООРУ БЕЛГИЛЕРИ, ДИАГНОЗ
Оору белгилери кыздарда да, балдарда да бирдей. Тынчсызданып ыйлашат, чырлайт. Грыжа пайда болгон жер ооруйт. Оорутуу башталгандан 1-2 сааттан соң куса башташат. Мындай кезде дароо хирургга көрсөтүү керек. Хирург текшерип көрүп, УЗИге тарттырат. Дарылоо операция аркылуу жүргүзүлөт. Эркек балдарда грыжа калтачасы алынып салынып, грыжа чыккан шакекче жамалат.
Эгер кыздарды операцияга кеч алып келип, дарт өтүшүп калган болсо органдардын карайып кеткен бөлүктөрү кесилет. Бул кийин балалуу болууга, албетте, кедергисин тийгизет. Операция жалпы наркоз менен жасалып, 30-40 мүнөткө созулат. Кичине балдар, кыздар 3 күндө эле тыңып, басып калат. Чоңураак балдарга операциядан чыккандан кийин 6 айга чейин оор нерсе көтөрүүгө, чуркоого болбойт. Эгер бала же кыз ооруганда да хирургга көрсөтпөй жүрө берсе кыпчылган органдар чирип кетип, каза болуп калуусу мүмкүн.
Ошондуктан баланы да, кызды да төрөлгөндөн кийин балдар хирургуна көрсөтүү зарыл. Кээ бирлер операция жасатпай эле бандаж тагынса болот дешет. Бандаж оорудан айыгууга салым кошпойт. Айыктыруу жолу бир гана операция.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
semizkyz
2018-02-27 10:20:48
Кудай сактасын.Балдарыбыз оорубасын.
+10
gul.gul
2018-02-27 11:53:43
Менин балам бир жарым айлыгында болгон бир жашында операция болду. Ыйласа биринчи очередь ошол жерин басат элем ичегиси чыгып кетет эле чон болуп
+1
Baiana2017
2018-02-27 12:56:12
Аллахым наристелерибизге озу ден соолук берсин.балдарыбыз эч качан оорушпасын ылайым
+6
Umka636589
2018-02-27 15:54:11
рахмат супер инфо жакшы маалымат болду,2апрелге менин кызыма плановая операция болот,двух сторонная паховоя грыжа диагноз койгон детский хирург,биз Россияда жашайбыз,
0
Zamira77
2018-02-27 23:17:02
Umka636589, жакшы болуп кетсин
+5
Nevestkaa
2018-02-27 19:02:39
Мошонкасында водянкасы барларды да жазып кеткилечи сураныч.
0
Rubin
2018-02-27 21:04:52
Мошонкасында кистасы барлар жонундо да айткылачы
0
admin_media
2018-02-28 11:29:58
Nevestkaa, Rubin,
Саламатсыздарбы! Сунуштар эске алынат, рахмат!
0
Akniet_kg96
2018-02-27 23:51:21
пайдалуу экен жакшы
0
Akniet_kg96
2018-02-27 23:53:54
торолгондо эле журогундо тешиги бар болуш торолот экенго анан 1жашка чыканда бутолот деп айтышат экен чын эле бутолобу айта кеткилечт сураныч
0
Shahrizaada
2018-03-01 14:55:35
Akniet_kg96,ооба организм өскөн сайын бүтүп кетет
0
tyrgon
2018-02-28 00:21:08
оо аллахым балдарга оору бербечи
+1
cholpon119966
2018-03-01 14:09:48
Эч кимдин баласы оорубасын. Рахмат супер инфо пайдалуу макала учун. Ар бир ата эне балдарынын саламаттыгы учун биле журсо жакшы да.
0
Aytur
2018-03-01 23:00:31
Рамхаат супер инфо
0
Biikech93
2018-03-04 01:37:42
Аллахым балдарыбыз оорубасынчы.Алардын жаны ооруса,биздин жүрөгүбүз ооруйт.Менин да уулумдун ушундай грыжасы бар.Быйыл буйруса көрсөтуп оперге даярдай баштайбыз.Аллахым шыпаасын берчи.
0
Kylymbek_isakulov
2018-03-04 02:05:54
Саламатсыздарбы баардыгыныздардан жардам суураймын, дарегин билсениздер айта кетесиздерби сураныч,кантип байланышсак болот
0
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан