Асель Алымбаева: «ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮШҮ ҮЧҮН ЖАШТАРДЫ БИЗНЕСКЕ ТАРТЫП, ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕКТИГИН ТҮШҮНДҮМ»

Акыркы күндөрдө бизнес, ишкерлик боюнча бир нече курстар, семинарлар, тренингдер байма-бай өтүлүп, коомчулукка ишкерлик боюнча ар түрдүү маалымат берип келишет. Мындай иш-чаралардын өткөрүлүшү коомчулуктун бул жаатта маалыматка суусап турганынан кабар берет. Мына ушул жаатта коомчулукка кыргыз тилинде ишкерлик боюнча билим берүү максатында «Мен ишкермин» клубу ачылганы турат. Бул кандай клуб, кандай максатта ачылганы тууралуу негиздөөчү Асель Алымбаеванын өз оозунан уксак.

– Айтсаңыз, «Мен ишкермин» ишкерлер клубун ачуу идеясы качан, кантип пайда болду?
– Мен мурдатан эле коомчулукка бир пайдалуу иш жасасам деп жүргөн болчум. Мен өзүм айылдан шаарга келип, бизнеске аралашканымда бизнес боюнча билимим жок болгондуктан, бир нече кыйынчылыктарга дуушар болгом. Бизнес боюнча китептерди алып окуюн десем студент үчүн баасы кымбат, тренингдерге барайын десем ал да кымбат. Анан ойлонуп отуруп экономикабыздын өнүгүшү үчүн жаштарды бизнеске тартып, аларга бизнес жөнүндө билим берип, туура жол көрсөтүш керек экендигин түшүндүм.

– «Мен ишкермин» ишкерлер клубунун негизги максаты кандай?
– Көпчүлүк жаштар мектепти аяктагандан кийин коомчулуктан өз ордун таба албай кыйналышат, аларга биздин мектептин программасында каржылык боюнча, кантип жашап кетиш керек, акчаны кантип пайдалануу керек, кантип жоктон бар кыла алабыз, ушул сыяктуу темаларда окутулуп үйрөтүлбөгөндүктөн, ушул маселелерде кыйынчылык көрүшөт. Мына ушул багытта жаштарга жардам берүү максатында жаш ишкерлер клубун ачууну чечтим. Биздин клубдун негизги максаты – жаштарга бизнес багытында билим берүү жана аларга туура жол көрсөтүү, тажрыйбалуу бизнесмендер менен жаш, жаңы гана бизнес баштаган ишкерлерди жолуктуруу, тажрыйбасы менен бөлүшүү.

– Ишкерлер клубу түзүлгөнүнө канча убакыт болду?
– Бир жылдан бери ойлонуштуруп, пландап жүрүп бардык документтерди даярдап, максаттарды коюп, команда түзгүчө ушул убакыт болду. Клубдун расмий түрдө ачылышы 17-мартта Кыргыз улуттук филармониясында болот. «Мен ишкермин» клубунун ачылышына атайын бүтүндөй Орусияга белгилүү бизнес-тренер «Black Star Burger» компаниясынын жетекчиси Илья Кусакинди чакырып жатабыз. Ал маркетинг жана сатуу боюнча эң баалуу маалыматтарды бермекчи.

– «Мен ишкермин» ишкерлер клубу башка ишкерлердин клубунан эмнеси менен айырмаланат?
– Биздин биринчи эле айырмачылыгыбыз – башка ишкерлер клубуна жалаң ийгиликтүү ишкерлер мүчө болсо, биздин клубга өзүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштейм деген жана бизнес баштайм деген бардык адамдар мүчө боло алышат. Ошондой эле ийгиликтүү ишкерлер да мүчө болуп жаш бизнесмендерге өз тажрыйбалары менен бөлүшө алат. Экинчиден, биздин сабактардын 70 пайызы кыргыз тилинде болмокчу, ошол эле учурда бизде курстар башкаларга салыштырмалуу баасы бир кыйла төмөн.

– Клубдун келечектеги пландары кандай?
– Кыргызстанда бизнес туурасында масштабдуу билим берүү борборуна айлануу. Жаш бизнесмендер менен ийгиликтүү бизнесмендерди бириктирген бир борбор түзүү. Бизнес боюнча эл аралык стандартка жооп бере турган, эл аралык деңгээлде билимдин сапатын жогорулатуу жана ар дайым ар түрдүү форматта белгилүү бизнес-тренерлерди алып келип тренингдерди өткөрүп туруу.

– Жаштарды колдоо деп калдыңыз, финансылык жактанбы же?
– Акылмандардын кеби бар эмеспи, «балык тутуп бербестен, балык тутканды үйрөт» деген. Биз жаштарга акчалай жардам бербейбиз, акчаны кантип табыш керек, ошого жол көрсөтүп, туура багыт бергенге жардам беребиз. Ишкерлик боюнча кеңири билим берип, жаштарга колдоо көрсөтөбүз. Ал эми аймактардагы жаштарга да маалымат жетүүсү үчүн НТС телеканалынан атайын теледолбоор даярдап жатабыз. Кимдин күчтүү бизнес идеясы болсо биздин программага катышып, өз идеясын ишке ашырганга мүмкүнчүлүк ала алат.

– Акырында өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз.
– Мен өзүм Токтогул районунун Толук айылынан болом. Үй-бүлөдө үч уул, үч кызбыз. Бир туугандардын экинчисимин. Кесибим боюнча финансистмин, учурда жеке ишкермин. Жеңил өнөр жай тармагында өндүрүш менен алектенем. Үй-бүлөлүүмүн, эки кыздын энесимин.


Айпери Жумабай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
saipi
2018-02-27 11:45:34
Мен абдан кызыгып калдым ушул клубка. Буюруса ачылышына сөзсүз барам. Урматтуу Супер инфо мен Асель айымды кантип тапсам болот. Инстаграмдагы баракчасын билсениздер жазып коёсуздарбы
+4
brundushka
2018-02-28 19:36:49
saipi, Саламатсызбы инстаграмдагы
баракчасы aselya_alymbaeva
+1
asan.toluktuk
2018-02-27 12:23:23
Асел азаматсын сен кичинекейинде эле:
– Мен депутат болом анан президент болом — дей берчу элен ошол кыялдарын оорундалсын. Биз сыймыктанган кыздардан бол. Уй–булоон менен аман эсен бол. Акен Асан Алымбаев
+3
Dina.janym
2018-02-27 14:53:51
Саламатсызбы Асел Айым!
Эң сонун Идея экен, мен да аябай кызыгып калдым...
Айтайын дегеним, Ош шаарында да кандайдыр Филиалы барбы же Борборго гана ачышабы Клубду. Ош шаарында да болсо аябай сонун болмок, бизге окшогон Жаштар үчүн..
Рахмат!
+2
Mavlyuda
2018-03-01 18:24:45
Азаматсың Асель. Мен да мүчө болгум келет
+1
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан