XIAOMI ЭМИ РАСМИЙ ТҮРДӨ КЫРГЫЗСТАНДА

Бишкекте алгачкы Mi Store – дүйнө жүзүнө белгилүү Xiaomi техникаларынын фирмалык дүкөнү ачылууда.
Кыргыз жарандары мурдатан бери эле Xiaomi техникаларынын акылдуу техникалары менен тааныш. Дээрлик бардыгыбыз эле досторубуздан же өзүбүз Mi логотиби түшүрүлгөн смартфондорду пайдаланып келебиз. Бул таң каларлык эмес. Анткени Xiaomi техникалары жеткиликтүү баадагы мыкты сапатка ээ, андыктан көпчүлүгүбүз ушул брендди тааныш-билиштерге сунуштайбыз.
Мурда мындай заманбап инновация – Mi-гаджетти каалагандар ортомчу сатуучулардан гана же башка өлкөдөн тапшырык кылып алдырса, эми каалоочуларды жакшы жаңылык күтөт: таанымал бренд расмий түрдө Кыргызстанга келди!
КМШ өлкөлөрүндөгү Xiaomi’нин расмий өнөктөшү RDC Group эл аралык холдинги жана анын карамагындагы Smart Orange KG компаниясы биздин өлкөдө Xiaomi’нин алгачкы расмий сатуу аянтчасын Киев көчөсү, 148 дарегиндеги «Бишкек Парк» соода борборунда ачууда. Эми аталган бренддин бардык күйөрмандары сертификатталган продукцияны расмий кепилдиги жана орус тили кошулган вариантта, ишенимдүү сапатта сатып ала алышат.
Соода борбордун 1-кабатында жайгашкан жаңы дүкөн-аралы КМШ өлкөлөрүнө расмий түрдө сунушталган Mi-гаджеттеринин толук диапазонун – смартфон, Bluetooth-колонка, наушник, акылдуу саат, фитнес-трекер, экшн-камера, роутер жана башкаларды сунуштайт.
Кыргызстандагы алгачкы Xiaomi дүкөнүнүн салтанаттуу ачылыш аземи 24-февраль, ишемби күнү болмокчу. Бул күнү биринчилерден болуп келген конокторго ди-джей жана кызыктуу сынактар коштолгон майрам тартууланат жана, албетте, бардык товарларга арзандатуулар күтүлөт – смартфондорго 10 пайыз, калган гаджеттерге 20 пайыздан. Келечекте да Mi Store Xiaomi техникасын сүйүүчүлөрүн түрдүү акциялар, арзандатуулар жана белектер менен кубантып турарын убада кылат. Жакынкы айларда расмий интернет-дүкөнү ачылышы жана түпнуска керектөөчү жабдыктар менен кардарларды жогорку деңгээлде тейлей турган тейлөөчү борбордун ачылышы пландалууда.
Xiaomi – дүйнө жүзүнө таанымал инновациялык гаджеттерди чыгарган технологиялык компания. Компания 2010-жылы ишкер Лэй Цзюн тарабынан негизделип, башкы урааны – «Ар бирибизге инновация». Xiaomi дүйнө жүзүнүн ар бир бурчуна тараганды көздөйт, КМШ өлкөлөрү корпорация үчүн негизги аймактардын бири болуп саналат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
pero123
2018-02-28 13:55:10
бул mi компаниясынын дүкөнү 2-3 жылдан бери эле иштеп атат го ошто.бишкекке эми ачылдыбы?.
+2
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан