Рэп ырчысы Баястан сүйүктүүсү Зульфияга декабрь айында сөйкө салган. «Көчөдө же окуу жайда мени көрүп студенттер «теке», «Баястан», «жарашат» дей беришет» дейт Зульфия. "Окуубузду аяктап, анан үйлөнүүгө даярдык баштайбыз" деген түгөйлөр сүйүү баянын айтып беришти.
– Баястан, Зульфия, силердин мамилеңер бир көрүп сүйүүдөн башталдыбы же достук сезим сүйүүгө айландыбы?
Баястан: – Менде бир көрүп сүйүү эле болду окшойт. Анткени Зуляны мен биринчи жолу концертке даярдык учурунда көрүп, ошондо эле көзүм түшкөн. Концертте мен ырдап, Зулялар бийлешкен. Экөөбүз социалдык тармак аркылуу жазышып, номер алмаштык. Эки айдай дос катары сүйлөшүп жүрүп, олуттуу мамилеге өттүк.
Зульфия: – 2017-жылдын 25-апрели биздин датабыз. Ошол күнү алгач ирет жолукканбыз. Баястанды жылдыз, бой көтөргөн жигит болсо керек деп ойлочумун. Көрсө, биздей эле жөнөкөй адам экен. СМС жазышып, сүйлөшүп жүргөндө кыз-жигит болуп калабыз деген ой жок болчу. Бирок экөөбүз тең бири-бирибизди жактырганыбыз байкалган.
– Экөөңөрдө тең жактыруу сезими болсо, алгачкы жолугушууда аябай сүрдөсөңөр керек?
З.: – Албетте, биринчи жолугушууда экөөбүз тең аябай уялганбыз, толкунданганбыз, бул кадимки көрүнүш болсо керек .
Б.: – Биринчи кезиккенде эле экөөбүз ар кайсы темада сүйлөшүп кеттик. Кээ бирлер менен жалпы тема болбосо деле кыйналып өзүңдү зордоп сүйлөшө бересиң го. Зуля менен көптөн бери бири-бирибизди билген адамдай болдук. Мурунку сүйлөшкөн кыздарым өздөрүнө чек коюп, уялып кармана беришчү. Зуля болсо тартынбайт, сезимдерин жашырбайт. Болгонун болгондой айтат.
– Канча убакыттан кийин үйлөнүү чечимине келдиңер? Той күнү белгилендиби?
З.: – Биз сүйлөшкөнүбүзгө жарым жыл болгондо үйлөнүү тууралуу ойлонуп баштадык. Бизге эрте деп деле эч ким айткан жок. Жеке жашообуз менин окуума, Баястандын чыгармачылыгына терс таасирин тийгизбейт.
Б.: – Өзүңдүн адамыңды тапканда сүйүктүүм менен бирге болсом деп калат экенсиң. Кала берсе ата-энем да "убакыт келип калды" деп айтып башташкан. Жакында мен 25 жашка чыгам. Азыр келечек, жашоо тууралуу көз карашым калыптанган, үйлөнүүгө эң жакшы курактамын. Буюрса, үйлөнүү тоюбузду жайга пландап жатабыз. Зуляны дунган салты менен узатышат. Үйлөнүү тоюбузду кыргыздын каадасы менен Ысык-Көлдө өткөрөбүз.
– Болочок кайын журтуңар менен таанышсаңар керек?
Б.: – Зуляны биринчи үйгө алып келгенде эле ата-энем жактырышты. Мен сөйкө салардын алдында Зулянын үй-бүлөсү менен таанышкам. Бир агасы, сиңдиси, анан мен жактырбаган мышыгы бар (күлүп). Апасы Захида эже аябай жакшы аял, атасы талапты катуу койгон киши.
– Зульфия, Баястан менен сүйлөшкөндөн тартып сага кызыккандар көбөйдү. Өзүң тууралуу да айтып өтсөң.
З.: – Баястан айткандай, биздин үй-бүлөдө көп улуттун каны бар. Атам жактан дунгандын каны болсо, апамдыкы аябай эле көп (күлүп). Ден соолугума байланыштуу апам мени бала бакчада жүргөндө эле бий ийримине берген. Ошондон бери бий менен алектенип келем. Ал эми клиптерге 2-3 жылдан бери тартылып баштадым. Учурда Юридикалык академияда 3-курста окуйм.
– Баястанды эмнеден улам жактырдың?
З.: – Баястан аябай тартиптүү, оор басырыктуу, ак көңүл. Бир сөз менен айтканда, жигит эмес эле кыял. Баястандын менин жашоомдо пайда болгонуна кубанам.
– Сени «текенин девушкасы» деп айтышат экен. Мындай сөздөргө көнүп деле калсаң керек?
З.: – Ооба, көчөлөрдөн угуп калам. Көбүнчө университетте жаш студенттер "теке, Баястан, жарашат" деп айта беришет.
– Сүйүшкөндөр таарынышат-табышат. Ошондой учурда ким биринчи кадам кылат?
Б.: – Биз урушканда да аябай катуу урушабыз, "нерв" болуп кетебиз. Чоң себеп деле жок, майда-чүйдө нерселерди деле талаша кетебиз. Экөөбүздүн тең жылдыз белгибиз эгиздер, бат жинденип, бат табышабыз.
З.: – Бардык эле түгөйлөрдөй бизде да түшүнбөстүктөр болот. Андай учурларда жакшылап ойлонобуз, ачуубузду басабыз, бири-бирибизден кечирим сурайбыз.
– Аялзаты менен эркектин сезимдери ишенич менен чектелиши керекпи же текшерип туруу зарылбы?
Б.: – «Ишен, бирок текшер» деген сөз бар го. Ортодо сезим болгондон кийин сүйүктүүңдүн ар бир кадамын билип, текшерип туруш керек. Ал адамды жактырбасаң анда баары бир болмок.
– Бойдок учурда көпчүлүк өзүнө кайсы бир идеалды түзүп алат эмеспи. Сенин кыялың Зульфиядай кыз беле?
Б.: – Туура айтасыз, менде деле мурун идеал кылган элес бар болчу. Бирок Зуля жашоомдо пайда болуп, баарын бузуп салды. Сүйүү деген андай эмес, мындай болот деди окшойт (күлүп).
– Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg