«ЖОЛДОШУМ КАМАЛЫП КЕТТИ, ЭМИ АЛИМЕНТТИ КИМ ТӨЛӨЙТ?»

Укуктук жаатта окурмандардан келген суроолорго юрист Калыйнур Батыралиев жооп берет.


– Жолдошум экөөбүз ажырашкандан кийин ал балабызга алимент төлөп жүргөн. Бир айдан ашып калды, ал мыйзам бузуп камалып кетиптир. Эми алиментти кантип алам, ким төлөйт?

Жийде, Кара-Балта шаары

– Жолдошуңуздун эркинен ажыратылышы аны алимент төлөө милдетинен ажыратпайт. Учурда камакта жатып төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, жолдошуңуздун наамына катталган мүлккө алименттик карыздарды мүлк менен өндүрүп алуу боюнча арыз менен сотко кайрылсаңыз болот. Бул учурда Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 117-беренесине ылайык, жолдошуңузга тиешелүү мүлктүн эсебинен алименттик карызды өндүрүп алууга мүмкүнчүлүк жаралат.


«БАЛДАРДЫН БИРИН АГАМ, БИРИН ЖЕҢЕМ БӨЛҮП БАГЫП АЛЫШСА БОЛОБУ?»
– Саламатсызбы? Сурайын дегеним, менин агам менен жеңем ажырашканы жатышат. Ортолорунда 2 бала бар, улуусу 3тө, кичүүсү 1 жашта. Агам Орусиянын жараны, бирок учурда Кыргызстанда жашайт, эч жерде иштебейт. Эгер ажырашып кетишсе агам балдарына алиментти кандай, канча суммада төлөшү керек? Балдардын бирин агам, бирин жеңем бөлүп багып алышса болобу? Кеңеш берип коюңузчу.

Манзура, Кызыл-Кыя шаары

– Үй-бүлө кодексинин 70-беренесине ылайык: Балдардын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет. Макулдашуу жок болгон учурда, талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын, ой-пикирин эсепке алып, сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин жекече сапаттарын, ата-эненин ар биринин бала менен мамилелери, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн эске алып балдардын ким менен кала тургандыгын аныктайт.
Алимент өлчөмү тууралуу: Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо жашы жетпеген балдарга ата-эненин иштеп тапканынын жана дагы башка кирешесинин үчтөн бири өлчөмүндө эки балага ай сайын өндүрүп алынат. Эгер алимент төлөөчү эч бир жерде айлык маяна алып иштебесе, бул учурда алимент төлөөчү жашаган аймактын орточо айлык маянасы эске алынып өндүрүлөт.


«АЛИМЕНТТИ КЫЗЫ ӨЗҮНҮН ФАМИЛИЯСЫНДА БОЛБОСО ДА ТӨЛӨШҮ КЕРЕКПИ?»
– Байкем менен жеңем урушуп, жеңем төркүнүнө кетип калган. Кеткенинде 8 ай боюнда бар болчу. Төрөгөндө кызын өзүнүн фамилиясына каттатып алган. Кийин соттун чечими менен байкем экөө ажырашты. Соту болгондо алимент кесилген эмес. Кийин жеңем «кызыбызга алимент төлө» деп жатат. Байкем кыздын фамилиясын өзгөрт десе макул болгон жок. Байкем алиментти кызы өзүнүн фамилиясында болбосо да төлөшү керекпи?

Майрам, Аксы району

– Эгер байкеңиз кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы катары көрсөтүлсө, кыздын фамилиясы кимге жазылган болсо дагы алимент төлөөгө милдеттүү.


«ЖАРАНДЫК НИКЕДЕГИ АЯЛЫМА КАТТАЛГАН ҮЙҮБҮЗДӨН ӨЗ ҮЛҮШҮМДҮ КАНТИП АЛАМ?»
– Аялым экөөбүз жарандык никеде жашачубуз. Үй сатып алып, аны аялымдын атына жаздырган элек. Экөөбүз чырдаша кеттик. Үйдү экөөбүз чогуу акча чогултуп алган элек да, мен өз үлүшүмдү кантип алам?

Бакыт, Каракол шаары

– Жубайлар нике тууралуу күбөлүгүн алган учурдан тартып гана мыйзамдуу түрдө аял жана күйөө болуп эсептелишет. Мыйзамдуу никеде турбагандан кийин ал үйдө сиздин үлүшүңүз болбойт, бирок үйгө кеткен чыгымдарыңызды далилдей алсаңыз, сотко кайрылып өндүрүп алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.


«КЫЗЫМДЫН АТАСЫ ЖАЙЫНДА КӨП, КЫШЫНДА АЗ АЙЛЫК АЛГАН ЖУМУШТА ИШТЕЙТ. ОШОНДО АЛИМЕНТ КАНДАЙ ТӨЛӨНӨТ?»
– Кызым эки жарым жашта, атасы менен ажырашып кеткендиктен андан алимент алсамбы дегем. Алименттин суммасы атасынын айлык маянасына карап чыгат дегенди уккам. Кызымдын атасы жайында көп, кышында аз айлык алган жумушта иштейт. Ошондо алимент кандай төлөнөт?

Гүлүмкан, Кочкор району

– Алиментти өндүрүүдөгү анын өлчөмү алимент төлөөчүнүн айлык акысы аз же көп болсо дагы жана кайсы мезгилде болсо дагы бир балага айлык акынын төрттөн бир бөлүгү каралат.


«ЖОЛДОШУМ «АЛ МЕНИН БАЛАМ ЭМЕС» ДЕП ТАНЫП ЖАТАТ...»
– Жолдошум менен боюмда бар кезде эле ажырашып кеткем. Ортобузда ЗАГС кагазы жок. Бала төрөлгөндө сотко кайрылгам, бирок жолдошум «ал менин балам эмес» деп танып жатат. ДНК тесттен өтүү өтө кымбат болгондуктан ал акчаны таба алган жокмун, башка жолдору барбы атасы экенин аныкташ үчүн?

Медина, Нарын шаары

– ДНК тесттен өтүү көп сумманы талап кылса, соттук биологиялык экспертиза дайындатууга болот. Иштин калган жагы экспертизанын жыйынтыгына жана дагы атасы экендигин тастыктай турган далилдерге жараша болот.


«КЫЗЫМДЫН ЭКИНЧИ ЖОЛДОШУ БАЛАНЫ ӨЗҮНӨ КАТТАТЫП АЛСА БОЛОБУ?»
– Саламатсызбы? Менин кызым күйөөсү менен ажырашканына беш жыл болду. Ортолорунда бир бала бар, алар ажырашкан маалда 1,5 жашта болчу, азыр 1-класска барып калды. Күйөөсү баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес. Эми кызым башка турмушка чыккан, азыркы жолдошу баланы өзүмө каттатып алайын деп жатыптыр. Буга мыйзам жол береби?

Бегай, Бишкек шаары

– Эгерде биринчи жолдошунан соттун чечими аркылуу алимент өндүрүлгөн болсо, анда сот аткаруучулар бөлүмүнө кайрылууңуз керек. Эгер алимент өндүрүү боюнча соттун чечими чыккан эмес болсо, сотко алимент өндүрүү жөнүндө арыз менен кайрылууңуз зарыл. Баланы кызыңыздын экинчи жолдошуна каттоо – бул баланы мыйзамдуу түрдө асырап алуу деп аталат. Ал үчүн баланын ата-энесинин макулдугу сөзсүз керек.


«ЖОЛДОШУМ МОСКВАДА ТУРУП КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИРИНЧИ АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАША АЛАБЫ?»
– Күйөөм менен жашаганыбызга 5 жыл болду. Ортобузда 3 жашар кызыбыз бар. Күйөөм биринчи аялы менен расмий түрдө ажыраша элек. Биз азыр Москвада жашайбыз, кантип бул жакта туруп расмий ажыраштырып, кайра экөөбүз ЗАГСка турсак болот?

Махабат, Москва шаары

– Москвада туруп ажырашуу үчүн Кыргызстандан ажырашуу ишин алып барганга ишеним кат аркылуу өкүл же жактоочу алышыңыз керек болот. Никени жокко чыгаруу жөнүндөгү соттун чечими күчүнө киргенден соң аны ЗАГС органдарында каттап, расмий түрдө ажыраштыруу керек. Москвадан никеге туруш үчүн Москвадагы дипломатиялык өкүлчөлүктөргө жана консулдук мекемелерге никеге турууну каттап берүү арызы менен кайрылсаңыздар болот.


Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Galia
2018-03-10 00:58:23
Урматтуу Махабат Кыргызстанга келип эле ажырашып кетсе эң оной жолу го Эмне учун келип ажырашып кетпейт
0
shahlet
2018-03-10 04:05:07
Galia,мен айтайынбы озу бироонун куйоосун тартып алса, кайра алдырып коюудан коркот да
+1
raykray
2018-03-10 12:00:36
Баары алмиенттен качкандар уят эмеспи, олуп баратсанарда, тайэнесин-фамилиясында болсода баланбы толода?! Эркек уят!!! Ар намыс жок!!
0
Nurgiza123456
2018-03-10 19:18:45
Бироонун расмий куйоосун тартып алып эми ажыраштыргысы келип журотда. Бул жакта балдары жетим калганы менен иши жок
0
kalima88
2018-03-10 20:03:08
Көптөр алимент өндүрө албай убара болушса, а мен алимент алганга каршымын. Ушунча жыл чогуу жашаган күндөрдүн урматына алимент албай деле койсок болот. Мен 2 баламды өзүм эле бир тыйын албай багып жатам.Эркектин "балам"деген жоопкерчилиги көңүлүндө болсо берсин, болбосо жок. Кимге кандай билбейм, мен алимент төлөткөндөн уялам. Бир убактарда жакшы үй бүлө болуп, анан тагдырдын жазмышы болуп ажырашып кетсе эле алимент төлөтүп алуу милдет эмес болсо керек. Кыскасы, мен намыстанам.
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан