Мындан 2 жума мурун Казакстанда уюшкан кылмышка шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты боюнча чуулгандуу жагдайлар ачылууда. Казак тарап аны "Казакстанда төрөлгөн, улуту казак" деп билдирсе, депутаттын атасы уулунун кыргыз экендигин, Кыргызстанда төрөлгөндүгү тууралуу документтерди көрсөттү.
КЫРГЫЗ ДЕПУТАТЫ КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН БАШЧЫСЫБЫ?
2 өлкөдө дүң болуп жаткан бул окуя боюнча Казакстандын КТК телеканалы сюжет даярдаган. Кылмыш ишинин материалдарына таянып кыргыз депутатын "уюшкан кылмыштуу топтун башчысы" деп атаган. Кылмыш ишинин материалдарына караганда, кылмышка шектелип кармалган депутат Казакстан менен Кыргызстандын бажы менен чек ара кызматкерлери, брокерлер жана жумушсуз адамдардан турган контрабандалык ири топту жетектеген. Кылмышка шектелип кармалгандар Казакстандын Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан менен болгон чек араларындагы ири коррупцияны, мыйзамсыз товар өткөрүү үчүн алынуучу паранын суммасын айтып беришкен. Чек ара бекеттеринде кылмыш төбөлдөрүнүн адамдары ишкерлерге салык салып, ишкерлер аны төлөөгө аргасыз болушкан. Ал эми пара бергиси келбеген ишкерлердин товарлары чек арада көпкө туруп калып же таптакыр эле жок болуп кетчү.
Депутат Дамирбек Асылбек уулу менен анын шериги Уланбек Мурадиловду Алматыдагы ресторандардын биринде казак чек арачысы менен бирге отурган жеринен кармашкан. Кармалган учурда Уланбек Мурадиловдун жанынан бир ишкерден пара катары алынган белги коюлган 92 миң доллар табылган.
КАЗАК ТАРАП ДЕПУТАТТЫ «УЛУТУ КАЗАК» ДЕДИ
Депутат Дамирбек Асылбек уулу кармалган соң казак тарап аны Казакстандын жараны деп билдирди. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, депутат Казакстандын Жамбыл облусунда төрөлгөн жана улуту казак. Жашы жеткенде туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде Казакстандын паспортун алган. Паспортунун мөөнөтү бүткөндө, 2010-жылы кайрадан Казакстандын паспортун алган жана буга чейин жарандыктан чыгуу боюнча арыз менен кайрылган эмес. Анын аялы Айсулу Эрмек да 2 өлкөнүн жараны.
«УУЛУМ КАРАКОЛДО ТӨРӨЛГӨН»
Депутаттын ата-энеси Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында жашашат. Асылбек Супатаев уулунун улуту кыргыз экендигин айтат:
– Уулум Динарбектин улуту казак деген маалымат калп. Анын атасы менмин. Мен кыргызмын, чоң аталарыбыз да, апасы да кыргыз. Түбүбүз Маман айылынан болот, туугандарыбыздын баары ушул айылда. Уулум 5 бир туугандын экинчиси, кыздардын арасында жалгыз эркек. Караколдогу төрөтканада төрөлгөн. 3-класска чейин Караколдогу М.Горький атындагы орто мектепте, 8-класска чейин №14 мектепте окуп, кийин Бишкектеги спорт мектебинде окуган. Андан соң кайсы окуу жайларда окуганын билбейм.
Башка өлкөнүн жарандыгын алганынан, албаганынан да кабарым жок. Атын, туулган жылын да качан, эмне үчүн өзгөртүп алганын билбейм. Азыр келинчеги, 3 баласы менен Бишкекте турат. Баламдын Казакстанда кармалганын угуп алып кан басымым көтөрүлүп ооруп жатам.
«КОШ ЖАРАНДУУЛУГУ АНЫКТАЛСА МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛАТ»
Жогорку Кеңешке 2 ирет шайланган эл өкүлү эки өлкөнүн жараны экендиги кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков депутаттын кош жарандыгы бар экендиги тастыкталса, ал депутаттык мандатынан ажырайт дейт:
– БШК мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Азыркы отурган мүчөлөр 2016-жылы шайланып келген. Ал эми Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы депутат болуп шайланып, мандат алган. Мыйзам боюнча, кыргыз жарандыгын аныктай турган юридикалык күчкө ээ жалгыз документ – Кыргыз Республикасынын паспорту. Дамирбек Асылбек уулу Кыргыз Республикасынын паспортун БШКга көрсөтүп, катталган болушу мүмкүн. Бизде бир да мыйзамда жарандыкты текшерүү боюнча талап коюлган эмес. Бул маселе боюнча БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева мыйзам долбоорун иштеп чыгып, "жогорку кызматта отурган чиновниктердин, депутаттардын жарандыгын текшерели" деген сунушун айтып жатат. Депутаттын кош жарандуулугун аныктоо үчүн Казакстан тараптан келген нота жетишсиз. Толук маалымат алуу үчүн Казакстандын тиешелүү органдарына расмий түрдө кайрылуу жөнөттүк. Жооп келсе, БШК мүчөлөрү жыйын өткөрүп, талкуу жүргүзөт. Кош жарандыгы бар экендиги аныкталса, анда ал мандатынан ажыратылат.
Нурбек Абдыкадыров
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg