СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Кечиримдүү болууга ар дайым аракет кылдым. Баарын унутуп, жаңы жашоо баштоого далалаттандым. Бирок жүрөгүмдө кыттай уюган кек менен ыза көкүрөгүмдү уйгу-туйгуга салганы салган эле. Баарын убакыт унуттуруп, жүрөк дарысын да убакыт дарылар деп ойлоп коём. Антсе да кетирген каталарым үчүн өзүмө-өзүм эң чоң жазаны ыйгардым. Өмүр бою жалгыз өтүүгө моюн сундум.
Жарыктыкта пенде үчүн жалгыздыктан өткөн жаза болбосо керек. Ошентсе да болбой ички сезимим Бактиярды күтөр эле. Бактияр мени түшүнүп кайра келет деген үмүт жүрөгүмдө орун алып калган окшобойбу. Ушинтип тирүү болуп төрдө жок, өлүк болуп көрдө жок жүргөн учурда кызматтык сапарда бара жатып такыба адамга жолуктум.
– Дартың күчтүүбү же кай­гың оорбу, айтор, санаага катуу алдырган адамга окшойсуң. Минтип жүрсөң катуу дартка чалдыгасың. Негизи, сенин жүзүңдөн нур, көзүңдөн муң төгүлүп турат экен,- деди.
– Жүзүмдөн нур төгүлүп турабы?
Молдонун минтип айтканы мага күлкүлүү угулду. Жүзүмдөн нур төгүлсө, жолдошум жүзүн буруп кетмек беле? Жүзүмдө нур турмак дилимде кыпынчалык жакшы ниет калган жок. Көөдөнүм толо бук, көкүрөгүмдөн кеткис кек менен азаптанып калдым. Өзүмдөн башка эч кимге ишенбей, баары шектүү, баары мени шылдыңдап жаткансыйт. Кээде өзүмө да ишенбей кетем. Дилим да, оюм да кирдеп бүттү. Эч ким жашабаган ээн жакка безип кетким келет.
Молдо менин ички туюмумду окугансып:
– Аппак жоолукту мисалга алсак. Анын актыгына кызыгып бирөө кармап көрсө, бирөө кызганып булгап көрөт, башкасынын колдонгусу келет. Ак өзү кирчил келет эмеспи, андыктан ыплас нерселер аны тез булгайт. Канчалык кирдебесин, булганып сапатын жоготпосун, анын актыгын эч ким тана албайт. Күмүштү күлгө таштасаң да жаркырап тура берет. Канчалык өзүңдү-өзүң кыйнап кирдедим десең да жүрөгүңдүн түбүнөн аппак, тунук нур чачырап турат экен,- деп көңүлүмдү көтөрдү.
Ушул сыяктуу сөздү Бактиярдын чоң энесинен да укканым бар. Мөлтүрөп аккан жашымды аарчып, чачымдан сылап: «Бой-келбетиң, өңү-түсүң келишкен, акыл-эсиң жайында экен, балам. Билген адамга сүйлөгөн сөзүң да орду менен. Алла сендей пендесинен бакты-таалайды да аяган эместир. Ыйлаба, садага, Кудай буюрса, баары жакшы болот, баары сени түшүнүшөт. Бул жалганда жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болгон эмес»,- деген эле. Карыса да сезимтал, дилгир, кыраакы кемпир жан дүйнөмдү байкаган белем.
Бактиярдын ордун жакшы нерсеге да, жаман нерсеге да алмаштырып көрдүм. Алгач арзыбаган шылтоолорду ыроолоп, элге кошулуп ичип үйрөндүм. Мас болгон учурда баарын унутуп, бир саат болсо да жыргап калар элем. Бул мага жага баштады. Жумуш бүткөндөн кийин такыр үйгө кетким келчү эмес. Дүкөндөн сыра сатып алып, баары кеткенден кийин кабинетимде ичип отура берчүмүн. Анан ыйлачумун, кайра күлчүмүн. Жерге караңгы түшкөн учурда үйгө келип, бирок короодогу селкинчекте отура берем. Бактияр болгондо алда качан келип үйдү жыйнап, тамак даярдап күтүп отурат элем да. Муну ойлосом дагы ыйлайм.
Кийин шайтан азгырып тамекиге да ыктадым. Анан кантем? Сүйгөн жолдошум, досторум, кайната-кайненем, кала берсе бир тууганым, эч кимиси менин максат-тилегим менен эсептешип, ички дүйнөмдү түшүнгөнгө аракет кылышпады, аяшпады.
Атам тирүү болгондо ал мени сүйөмөк. Апам ооруп жүрбөгөн болсо, ички дартымды жашырбай айтып, бугумду чыгарып алмакмын. Ата-энем мени аяп, көзүмдөн аккан жашты аарчып койгонго жарашмак. Бактиярдын ата-энеси уулуна боор тартып, анын ой-мүдөөсү менен гана эсептешип, мени өзгө көрүштү, өзөгүмдү өрттөштү. Жок, кантсе да түпкүлүгүндө тарбия көргөн мага мындай кылыктар жарашпады, кайра мурунку калыбыма кайттым. Ичүү, чегүү сыяктуу жосундар өзүмө да өөн көрүнүп, аябай кыйналар элем. Жакшыга жанашып да, жаманга ыктап да Бактиярды унута алган жокмун. Мен мурдагы жоготкон өзүмдү издей баштадым. Шайыр, тамашакөй, башкалардан жакшылыгын, жардамын аябаган, душманына да жамандык тилебеген ак көңүл кезимди тапкым келди. Тагдыр мени сындырды, сыздатты, адаштырды. Эң башкысы – турмушка чыйралтып, ак менен караны ажыратып, адам баласын сыртынан тааныганга тарбиялады.
Күтүү… Адамдар кийинки жазды, жайды, берекелүү күздү, ак кардуу кышты күтүшөт. Ошол күндөрдө кимдир бирөөлөрдү күтүп жашашат. А менчи? Мен эртеңки күндү да, эч кимди да күтпөй калдым. Мен бир гана нерсени күтүп жашап жатканымды эч ким билген жок. Ал – азаптарыма, жалгыздыгыма, ыза-муңума, кубанычыма, Бактиярды күтүүмө чек коюлчу күн.
Кыш ортолоп калганда дартым күчөп, түн уйку көрбөй кыйнала баштадым. Дарылануум керек эле. Азаптарды жеңип, жашоого умтулуп, бир топ тыңып калган кезимде врачка кайрылдым. Аттиң, өтө кеч кайрылган экенмин. Рентгенге түшүп, анализ тапшырып, эртеси күнү түш оой диагнозумду билүү үчүн врачка келдим.
– Уруксатпы?- дедим эшиктен баш багып.
– Малика… Кел, кире бер,- деди врач көз айнегин колуна алып. Мен анын жообун бир топко күттүм. Ал стол бетиндеги кагаздарын барактап, анан тартмасын максатсыз эле ачып-жаап убараланып жатты. Менин болсо чыдамым кетип, ичимден безилдеп жаттым.
– Малика… Жакындарың менен келсең жакшы болмок,-деди бир аздан соң.
– Айта бериңиз, жакындарымдын баары айылда, келе алышпайт!
– Мм-м… Та-ак… Малика, кандай десем, ооруң өтө олуттуу, дарыланышың керек.
– Тагыраак айтканда…- дедим врачтан так жооп күтүп, көзүнө тике карап.
– Ачык айтпаска аргам жок… Бул биздин милдет. Жашырууга да кажет жок. Сен рак болуп калыптырсың…

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
AazamatBBB
2010-06-07 15:58:09
ит корбогон кордук болдуго )
0
Гули Жани
2010-06-07 16:06:28
hjhjhjj
0
Elle
2010-06-08 21:57:19
эми байкуш Маликага ушул рак оорусу эле жетишпей жатты эле (((((
0
cool Nka
2010-06-10 13:50:39
так жалко боло берет ушул кызга. Бирок озу деле жиндиби, суйуп калдым деп эле себя тока губить. Азыр суйуу экинчи местада болуп калды го. Азыр жашоо башкача да. Балдардын баары эле ушундай жеткенден кийин таштап кетишет.
0
azalove
2010-06-11 14:55:33
Рактан да айыктырып койгулачы, автор. :) Байкуш кызга боорум ооруп кетти. Бул жалганга кыйналуу учун гана келгендей...
0
Akjol
2010-07-11 05:30:59
Эхх боорум ооруп,кыйналып кеттим.
0
aika li
2010-12-28 16:18:28
Бактыяр кайтып келсе рак дагы айыгып кетет
0
siezd
2014-05-26 20:38:10
журокту кыстыго жаман
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан