«АКЧА МАСЕЛЕСИ – МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕ!»

2018-жылдын 12-18-март аралыгында өлкөбүздүн бардык аймактарында «GlobalMoneyWeek» (Дүйнөлүк акча жумалыгы) өткөрүлөт. Баары үчүн маанилүү болгон бул иш-чарага биздин өлкө ушуну менен төртүнчү ирет катышууда. Иш-чаранын негизги максаты – жаш муундарга акчага кандай мамиле кылуу керектигин, аны башкара билүүгө, акчаны туура пландоого жана сарптоого үйрөтүү. Ошондой эле финансылык рыноктун иштешине, алар эмнени түшүндүрөрүнө, алдыга максат коюп, келечекке финансылык пландарды иштеп чыгуу зарылчылыгына жаш өспүрүмдөрдүн көңүлүн буруу. Акча жумалыгы жана анын алкагында кандай иш-чаралар өткөрүлөрү тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн Финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков төмөнкүлөрдү айтып берди.

АКЧА ЖУМАЛЫГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
– Дүйнөлүк акча жумалыгы – бул калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу кампаниясы. Бул кампания жылыга «Child and Youth Finance International» (CYFI) эл аралык биримдигинин алдында дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө өтөт. Бул жылы дүйнөлүк акча жумалыгы «Акча маселеси – маанилүү маселе!» деген ураандын алдында өткөрүлүүдө. Иш-чараны Улуттук банк жетектеп, ага мамлекеттик мекемелер, коммерциялык банктар, эл аралык жана башка уюмдар жигердүү катышат. Акча жумалыгы Кыргызстанда алгач 2015-жылы өтүп, ошондон бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Буга элдин да кызыгуусу артып, жылдан жылга катышуучулардын саны өсүүдө. Негизи эле акчага болгон мамиле, аны туура колдонуу боюнча калкыбыздын түшүнүгү кеңейүүдө. Бул жылы да дүйнөлүк акча жумалыгы эл арасына жакшы сиңип, мыкты деңгээлде өтөт деп ойлоп жатабыз.

КАНДАЙ ИШ-ЧАРАЛАР ӨТӨТ?
– Өнөктүк алкагында өспүрүмдөр менен жаштар арасында акчага туура мамиле жасоо боюнча окутуулар, Улуттук банктын нумизматикалык музейине жана башка финансылык мекемелерге экскурсиялар уюштурулат. Ошондой эле балдарды акчаны пайдаланууга үйрөткөн колдонмолор чыгарылат. Шаарлар эле эмес, алыскы аймактардагы мектептерге да көчмө лекциялар уюштурулуп, анда мектеп окуучуларына, студенттерге акчага кандай мамиле кылуу керектиги, акча топтоо жана аны сарптоо маданияты тууралуу кеңештер айтылат. Андан сырткары жалпы билим берүүчү мекемелерде, жогорку окуу жайларда атайын семинарлар, тренингдер, тегерек стол, ачык сабактар, сынактар, квест-оюндар өткөрүлөт.

СЫНАКТАР ТУУРАЛУУ:
Салтка айлангандай, быйыл да Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында өспүрүмдөрдүн, жаштардын финансылык сабаттуулугун арттырууга арналган бир нече сынактар жарыяланган.

Сүрөттөр сынагы:
«Акча маселеси – маанилүү маселе!» темасына арналган сүрөттөрдүн улуттук сынагына жөнөтүлүүчү сүрөттөрдүн негизги темалары:

• «Акча деген эмне?»
• «Акча маселеси эмне үчүн маанилүү?»
• «Сом – 25 жашта»
• «Туулган күнүң менен, сом!»
• «Менин жеке бюджетим»
• «Үй-бүлөлүк бюджет»
• «Жеке чыгымдарды кантип мерчемдөөгө болот?»
• «Акчаны кантип топтой алабыз?»

Сынак 2018-жылдын 8-февралынан 5-мартына чейин Кыргыз Республикасынын билим берүүчү мекемелеринин 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларынын арасында, төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:

► 1-категория – 7-10 жаштагылар;
► 2-категория – 11-14 жаштагылар;
► 3-категория – 15-17 жаштагылар.

Сүрөттөр А4 жана А3 форматындагы сүрөт тартуу үчүн тыгыз ак кагаздарда аткарылат.
Кагаздын арткы бетине сүрөттүн автору жөнүндөгү маалымат көрсөтүлөт: билим берүүчү мекеменин аталышы, классы, жаш курагы, сүрөттүн авторунун аты-жөнү жана сүрөттүн аталышы. Сүрөт тартылган бетте катышуучу жөнүндөгү эч кандай жеке маалыматтарды көрсөтүүгө болбойт. Эгерде сүрөт тартылган бетте жеке маалыматтар болгон учурда, анда мындай иштер конкурска кабыл алынбайт.

Сынактын жеңүүчүлөрү «Бай Түшүм» Банкында депозиттерди ачуу сертификаттары менен сыйланышат:

1-орун – 6 000 сом суммасына сертификат
2-орун – 4 000 сом суммасына сертификат
3-орун – 2 500 сом суммасына сертификат

Сынактык материалдар төмөндөгү даректер боюнча кабыл алынат:
Бишкек ш., Үмөталиев көч., 108 (Өнүгүү саясаты Институту) же «Бай Түшүм» банкынын кеңселеринде.
Маалымат алуу үчүн телефондор: 0 (312) 976 530 (31, 32, 33, 34), (0770) 061 216, (0557) 055 955.
Сынактык материалдарды берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2018-жылдын 5-марты, саат 17:00.

Видеороликтер сынагы:
Улуттук валютанын жүгүртүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата видеороликтердин сынагынын темалары:
• «Сом мен үчүн эмне?»
• «Сомдун эволюциясы»
Сынак 16 жаштан жогоркулар арасында өткөрүлөт.
Сынакка катышуу үчүн даярдалган эмгектерди 2018-жылдын 1-мартынан 10-майга чейин Фейсбук (www.facebook.com), Ютуб (www.youtube.com), Инстаграм (www.instagram.com), Одноклассники (www.ok.ru), ВКонтакте (www.vk.com), Твиттер (www.twitter.com), Билайв (www.blive.kg), Намба (www.namba.kg), Булбул (www.bulbul.kg) социалдык тармактарынын бирине жүктөө керек.

Бир катышуучу бир нече эмгек даярдап катыша алат.
Сынакка катышуу үчүн катышуучулар жүктөлгөн эмгегинин шилтемесин «видеороликтер сынагына» деген белгиси менен 2018-жылдын 10-майына чейин press@nbkr.kg дарегине жөнөтүүлөрү тийиш. Арызда катышуучунун толук аты-жөнү, жашы, дареги жана телефон номери көрсөтүлүшү керек.

Эссе сынагы:
Улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын
25 жылдыгына арналган «Акча маселелери мааниге ээ» темасындагы Эссе улуттук сынагынын негизги темалары:

• «Акча маселелери мааниге ээ»
• «Кыргыз сомуна 25 жыл»
• «Акчанын коомдогу ролу»
• «Кыргыз Республикасында акча эволюциясы»
• «Жеке финансылык каражаттарды жана үй-бүлө бюджетин пландаштыруу»
• «Келечекте банк кандай болушу керек?»
• «Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана алардын түрлөрү»
• «Жашоо-турмушту өзгөртө алган банктык продуктулар»
• «Учурдагы финансылык сабаттуулук»

Сынак 2018-жылдын 27-февралынан 12-мартына чейин төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:

► 1-категория –10-11-класстын окуучулары;
► 2-категория –1-3-курстун студенттери;
► 3-категория – 4-курстун (магистратуранын 1-2-курсунун) студенттери.

Ар бир катышуучудан бирден гана эмгек кабыл алынат.
Катышуучулардын эмгектери 2018-жылдын 12-мартында саат 17:00дөн кечиктирбестен, «Улуттук сынакка материалдар» деп белгилөө менен marketing.doscredobank@gmail.com электрондук дареги, ошондой эле «Дос-Кредобанк» ААКсынын республика аймагы боюнча жайгашкан бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Титулдук баракча төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

► Эссенин темасы.
► Автордун аты-жөнү.
► Окуу жайынын аталышы.
► Кайсы курста/класста окуп жатканын көрсөтүү.

Ээлеген орундар Байге фондусу

Ошондой эле «Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу» сынагы да өткөрүлөт. Улуттук валютанын 25 жылдыгына арналып, «Акча маселелери мааниге ээ» деген темада өтүүчү бул сынак 3 этапта өтөт. Сынактын байге фонду мектептер үчүн – 135 миң сом болсо, мугалимдер үчүн – 40 миң сом.

Сынактар жана аларга катышуу боюнча кенен маалыматты (0312) 61 24 14 телефон номери аркылуу биле аласыз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан