ЭМДӨӨ. БАЛДАРГА ӨМҮР ТАРТУУЛАЙБЫ ЖЕ ООРУБУ?

Илгертеден балдарды жугуштуу оорулардан сактоо максатында эмдөөлөр жүргүзүлүп келет. Бирок эмдетүү балдарды ооруларга чалдыктырат деп вакциналардын курамына шектүү карап баш тарткандар да, эмдетүү керек дегендер да бар. Акыркы күндөрү балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүп баратат. Андыктан вакциналар бизге кайдан жана кандай курамдарда келет, алар чындап оору жаратабы деп жооп издеп көрдүк.



СТАТИСТИКА

  • 2017-жылы Кыргызстанда 150 814 бала туулган. Алардын 143 273ү эмдөөлөрдү алган.
  • 2017-жылы 7905 ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартышкан (булардын 68 пайызы диний көз караштардан, 19,8 пайызы вакциналардын коопсуз экендигине ишеним артпагандар, калгандары түрдүү себептерден улам баш тарткандар).
  • АКШда 16, Германияда 14, Орусия, Англияда 12, Кыргызстанда 11 жугуштуу ооруга (инфекция) каршы вакцина сайылат.


«2018-ЖЫЛГА ВАКЦИНАЛАР ҮЧҮН 83 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮНДҮ»

Алгачкы маектешибиз Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова болду.

– Гүлбара айым, биздин биринчи сурообуз вакцина деген эмне?
– Вакцина – бул жугуштуу ооруга иммунитет жаратууга багытталган медициналык иммунобиологиялык каражат.
Вакцина алганда балада ооруга каршы 10 жылга жете тургандай иммунитет жаралып, оору жукса да жеңил өтөт.

– Эмдөө албаган бала ооруп калса эмне болот?
– Мисалы, бала кызамыкка каршы эмдөө албаса жана ал оору жугуп калса, оору татааалдашып сокурлук, кереңдик, энцефалит (мээнин сезгениши), бронхопневмонияга дейре жеткирет. Тепме оорусу татаалдашса жүлүндүн жана баш мээнин сезгенишине, кант диабетине, балдарда тукумсуздукка, айрым учурда өлүмгө жеткирет.

– Эмдөөнүн пайдасы канчалык?
– Кыргызстанда мурун эмдөөлөр жүргүзүлө элекке чейин 1 жылда орточо эсепте кептөөр (дифтерия) менен 1000 бала ооруса алардын 200ү, кызамык менен 17 000 бала ооруса анын 1700ү, көк жөтөл (коклюш) менен 5500 бала ооруса анын 700ү, балдардын шал оорусу менен (полиомиелит) менен 150 бала ооруса анын 20сы көз жумчу. Эмдөөлөрдүн натыйжасында өлкөдө 1993-жылдан бери балдардын шал оорусу, 2003-жылдан бери селейме (столбняк), 2007-жылдан бери кептөөр (дифтерия) менен бир да бала каттала элек. Эмдөө албаган балдар жугуштуу оору менен ооруп калса аны соо балдарга жугузат.

– Эмдөөнүн айынан Кыргызстандын тарыхында канча бала көз жумган?
– Андай учур каттала элек.

– Башка аймактан көчүп келип катталган жери жок жүргөндөр балдарына эмдөө ала алабы?
– Өздөрү жашап жаткан аймактагы бейтапканага же үй-бүлөлүк медицина борборлоруна барып кайрылышса алар балага карточка ачып, эмдөө жүргүзүүгө милдеттүү.

– Ата-эне баласын эмдетпей коюуга акылуубу?
– Мыйзам боюнча акылуу. Андайлар түшүнүк кат жазып берүүлөрү керек. Бирок ошол эле учурда мыйзамда эпидемиялык абалга карата эмдөөдөн өтпөгөн балдарды бала бакчага, мектепке убактылуу киргизбөө тууралуу да жазылган.

– Вакциналар бизге кайдан жана кандай жол менен келет? Коомчулукта көп айтылып жүргөндөй, бизге арзан, сапатсыздары келеби?
– 2018-жылы вакциналар үчүн Кыргызстан өкмөтү 83 миллион сом бөлгөн. Бизге Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) атайын текшерилүүсүнөн өткөн вакциналар сертификаттары менен ЮНИСЕФ тарабынан келет.
Адегенде вакциналар Бишкектеги дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментине келип түшөт. Алар өлкөдө вакциналарды каттоодо төмөнкү документтерди талап кылышат: вакцина өндүрүлгөн өлкөнүн вакцинанын катталганын аныктоочу документи (сертификаты), вакцинанын партиясына компоненттүү органдардан (ВОЗ, чыгарган завод жана башка)берилген сапат сертификаты, дары каражаты GMP шартында (стандартта) чыгарылганын аныктаган сертификат. Андыктан бизге сапатсыздары келет дегенге негиз жок.

– БЦЖ вакцинасынын курамындагы натрий глутаматы (глутамин кычкылынын натрий тузу) ракты жаратат дешет...
– Мындай ойлоого негиз жок. Натрий глутаматынын өлчөмү өтө эле аз.

– Маалыматтарда кургак учукка каршы вакцинадан АКШ, Англия баш тарткан деп жазылат. Биз баш тартсак болобу?
– Вакцинадан баш тартуу же аны жайылтуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өзгөчөлүгүнөн жана эпидемиологиялык абалынан көз каранды. Азыркы этапта Кыргызстан БЦЖ вакцинасынан баш тарта албайт.

– Вирустуу B гепатитине каршы вакцинанын (ВГВ) жана кептөөргө, селеймеге каршы вакцинанын (АДС) курамындагы алюминийдин гидроокись гели сайылган жерди ириңдетип, операцияга жеткиреби?
– Бул туура эмес. Бутка сайылганда алюминийдин гидроокись гели вакцинанын организмге аз-аздан сиңишин камсыз кылат. Ошол гель сайылган жерди катуу кылып (калыңдатып) оорутат. Бирок кийин сорулуп кетет.

– Вирустуу B гепатитине каршы вакцинанын курамындагы дагы бир зат – тиомерсал (сымап кошулмалуу бирикме) организмде чогулат да нерв системинин ооруларын, анын ичинде аутизмди жаратат дегендин чындыгы канчалык?
– Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) алдында түзүлгөн Вакциналардын коопсуздугу боюнча глобалдуу кеңешме тобу 2000-жылдан бери бул жаатта изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатат. Жыйынтыкта нерв системинин оорулары жаралат дегенге негиз жок деп табылган. Тиомерсал курамына этилртутту камтыйт, метилртутту эмес. Этилртуть организмде батыраак бөлүнүп жок болот, организмде чогулбайт.

– Суюк бириккен пентавакцинанын (АКДС-ВГВ-ХИБ) курамындагы алюминий фосфаты да вакцинанын канга аз-аздан аралашуусун камсыз кылабы? Ошол жерди шишитип оорутабы?
– Ооба, вакцина сайылган жер ооруп, кызарып, шишүүсү мүмкүн. Бул вакцинага реакция.

– Кептөөргө, селеймеге каршы вакцинаны (АДС) алуу үчүн кептөөрдүн жана селейменин уулары малдын каны жана сүттүн сары суусунда кармалат, анан формалинди кошушат деген маалыматтар бар...
– Айтылгандар негизсиз. Вакцина эл аралык стандарт сапатына жооп берет.

– Көк жөтөл, кептөөр, селеймеге каршы вакцинанын (АКДС) курамындагы B.Pertussis (12 OU) штаммы (бир түрдүү микроорганизм) формалин менен иштетилет экен...
– Көк жөтөлдүн клеткалык бөлүкчөлөрү формалин менен иштетилбейт.

– Балдардын шал оорусуна (полиомиелит) каршы оозго тамызылуучу вакцинага (ОПВ) L-аргининди эмнеге кошот?
– Вакцинага стабилизатор катары кошулат жана вакцинага иммундук жооптун иштелип чыгышын тездетет.

– ОПВнын курамындагы неомицин бул антибиотик. Анын зыяны канчалык?
– Вакцинага антибиотиктин жуктары гана кошулат.

– Эми кызамык, кызылча, тепмеге каршы бириктирилген вакцина (КПК) тууралуу үч суроо бар. Вакцинанын айынан улам ревматоиддүү артрит көбөйүп баратат дегендерге жообуңуз?
– Мындай сөздөргө далилдер жок.

– Ата-энелерден келген суроо: Баланы энеси эмизип жатканда балага энеден сүт аркылуу иммунитет берилип турат. Анан ошол иммунитетти бузуп, тирүү вакциналарды сайышат. Бул ооруларга алып келери ачык түшүнүктүү болуп турбайбы. Анан эмнеге саюу керек?
– Энеден балага кызамыкка каршы берилген антитела баланы 9 айга чейин гана коргойт, андан кийин баланын ооруга чалдыгуу коркунучу чоң. Андыктан 9 айга чейин балага кызамык, кызылча жана тепмеге каршы тирүү вакциналар сайылбайт.

– Вакцина үчүн вирустар (мисалы, КПК вакцинасы үчүн) жана микробдор тооктун түйүлдүгүндө жаныбарлардын органдарында, өстүрүлүп алынат деген кептер бар.
– Биологиялык медициналык каражаттар, айталы, вакциналар, кан жана анын продуктылары, гендик терапия, биотехнология продукциялары, клетка жана ткандар эл аралык стандартизациядан өтөт.

– «Японияда 3 жаштан кийин эмдешет. Анткени ушул жаштарда балдарда иммунитет түзүлүп бүтөт экен. А биз эмнеге антпейбиз? Мен эмдетүүгө каршы эмесмин. Бирок бала чоңойгондо сайышса» деп бир ата-эне кайрылган эле. Жообуңуз?
–Пневмококктуу инфекция, көк жөтөл, селейме, кептөөр, гемофилдик инфекция, вирустуу B гепатити, полиомиелит 1 жашка чейинки балдарга коркунуч жаратат, эгер ооруп калышса оору оор түрдө өтөт, көз жумганга чейин жеткирет. Андыктан бул жашта сөзсүз профилактика (эмдөө) керек.

– Кептөөргө, селеймеге каршы антигендер аз камтылган вакцина (АДС-М) 26, 36, 46, 56 жаштарында эмне үчүн иш жүзүндө сайылбайт?
– Атуулдар кайсы жерде жашап жана катталса, ошол жердеги эмканага, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылса, алар сайып беришет. Бирок эл барбай жатат.

– Эл эмдөө борбору вакциналардын курамын жашырып, элге чыгарбайт. Ошондуктан вакциналар шек туудурат дешет...
– Андай эмес. Сиздерге вакциналардын түрлөрү, вакциналарга кошулуучу кошумча заттар жана Кыргызстандагы профилактикалык эмдөөнүн улуттук календарынын алкагында колдонулуучу вакциналардын курамы, чыгарылган өлкөлөрү боюнча айтып берейин.

ВАКЦИНАЛАРДЫН 4 ТҮРҮ БАР:

  1. Тирүү вакциналар – өзүнө алсыздандырылган тирүү микроорганизмдерди (микробдор) камтыйт.
  2. Өлтүрүлгөн (инактивированные) вакциналар. Булар өзүнө өлтүрүлгөн бүтүн микроорганизмди же клеткалардын кабыкчаларынын компоненттерин же оору козгогучтун башка бөлүктөрүн камтыйт.
  3. Тазаланган антигендер. Булар гендик инженердик ыкма менен алынгандар.
  4. Анатоксиндер – бактериялар иштеп чыгарган уулар (өлтүрүлгөн).


ВАКЦИНАЛАРГА КОШУЛУУЧУ КОШУМЧА ЗАТТАР
Адъюванттар
– иммундук жооптун иштелип чыгышын күчтөндүрүүчү заттар (алюминий тузу).
Антибиотиктер – вакцина үчүн ткандын клеткаларын өстүрүүдө аларды бактериалдык булгануудан сактоо үчүн колдонушат.
Консерванттар – химиялык заттар, буларды өлтүрүлгөн же субъединицалык вакциналарга вирустардын активдүүлүгүн жайлатуу, бактериалдык ууларды зыянсыздандыруу жана көп дозалуу флакондордо бактерия менен грибоктордун өсүп кетүүсүнүн, вакцинанын булганып калуусунун алдын алуу үчүн кошушат.
Стабилизаторлор (турукташтыргыч) – вакциналарды туруктуу (бузулбай) кылып кармап туруу үчүн колдонулуучу заттар (мисалы, желатин, инъекция үчүн суу, полисорбат жана башка).


КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ВАКЦИНА (БЦЖ)
Бул кургак учуктун тирүү алсыз бактериалдык таякчасы. Топтомдо кургак порошок жана аны суюлтуш үчүн атайын эритме болот.
Өндүрүүчү: Япония (Japan BCG Laboratory). 20 дозалык флакондо чыгарылат.
Саюу ыкмасы жана дозасы: төрөт үйүнөн чыга электе жаңы төрөлгөн баланын сол каруусуна 0,05 миллилитр өлчөмдө сайылат.
Курамы: 70 пайыз тирүү алсыздандырылган микробдор (0,5 мг). Кошумча заттар: натрий глутаматы (2,0 мг). Эритме: натрийдин изотоникалык эритмеси (1 мл).
Вакцинага реакция: вакцина сайылган жерде жара пайда болот, карттанат жана айыгат. Карты түшкөн жерде өлчөмү 3-10 миллиметр келген тырык пайда болот. Вакцинага реакция 4-6 аптадан кийин жаралат (бактериялар көбөйүшү үчүн убакыт керектелет). Сейрек кездешүүчү терс таасирлери: тери алдындагы абcцесс (ириңдөө), регионардык лимфаденит (моюн, жаак бөлүктөгү бездин сезгенип, шишиши).
Кайсы учурда сайылбайт:
Жаңы төрөлгөн баланын салмагы 1500 граммга жетпесе (салмагы 2000 граммга жеткендерден тартып сайылат).
Курч патология, өнөкөт оорунун курчушунда (түйүлдүк кезинде энесинен инфекция өтсө, неврологиялык оору жана терисинде патология болсо, гемолитикалык оору же түйүлдүктүн каны энесинин каны менен дал келбеши). Мындай учурларда бала айыгып, калыпка келгиче эмделбейт.


СУЮК БИРИККЕН ПЕНТАВАКЦИНА (АКДС-ВГВ-ХИБ)
(Көк жөтөлгө, кептөөргө, селейме, сарыктын B түрүнө, b тибиндеги гемофилдик инфекцияга каршы вакцина)
Өндүрүүчү:
Корея (Berna Biotech Korea Corporation, a Crucell Company). 1 дозалуу флакон.
Курамы: кептөөрдүн тазаланган уулары (30 МЕ), селейменин тазаланган уулары (60 МЕ), өлтүрүлгөн B.Pertussis (15 OU), Hib олисахариди (10 мкг), B гепатитинин үстүрт антигени (тазаланган, 10 мкг)
Кошумча кошулма: алюминий фосфаты (0,3 мг), натрий хлорид (туз), инъекция үчүн суу (0,5 мл).
Көк жөтөлдүн бүтүн клеткалык вакцинасынын негизи курамы катары B.Pertussis штаммынын (бир түрдүү микроорганизм) тандалган, стандартташтырылган, лабораторияда алынып жана жылытуу менен өлтүрүлүп, формалин менен иштетилгендери колдонулат.
Сайылат: баланын 2 айында, 3,5 айында, 5 айында санына.
Терс таасирлери: сайылган жердин кызаруусу, калыңдоосу, оорутуусу, дене табынын бир аз көтөрүлүшү (бул белгилер сайылгандан кийин 48 сааттан соң билинет жана 2-3 күндө өтүп кетет).
Кайсы учурларда сайылбайт: вакцинанын кайсы бир курамына сезимталдык болсо же мурун сайылган кезде олуттуу реакция болсо.

ВИРУСТУУ B ГЕПАТИТИНЕ КАРШЫ ВАКЦИНА (ВГВ)
Гендик инженердик вакцина. Вакцинаны иштеп чыгарууда адамдын жаралуусуна тиешелүү субстанциялар колдонулбайт (кан, уруктук, түйүлдүк сыяктуулар).
Өндүрүүчү: Корея. 0,5 миллилитрлик вакцинанын курамы:
Активдүү кошулма – HBsAg (үстүрт антиген) 10 мкг.
Адъювант: алюминийдин гидроокись гели (0,25 мг).
Консервант: тиомерсал (сымап кошулмалуу бирикме) 0,005.
Кошумча кошулмалар: бир негиздүү калий фосфаты, 2 негиздүү натрий фосфаты, хлорлуу натрий.
Саюу ыкмасы жана дозасы: жаңы төрөлгөндөргө жана кичине балдарга санына сайылат.
1-доза жаңы төрөлгөндө 24 саат ичинде, 2-доза 2 айында, 3-доза 3,5 айында, 4-доза 5 айында.
Вакцинага реакция: сайылган жердин кызаруусу, оорутуусу, шишиши, калыңдашы. 2-3күн аралыгында өтүп кетет. Сейрек кездешиши мүмкүн: дене табынын көтөрүлүшү (38,8 градус), шалдыроо, баштын жана булчуңдардын оорутуусу, көңүл айлануу, кусуу, баш айлануу, артрит.
Кайсы учурларда сайылбайт: дрожго аллергиясы барларга.


КЕПТӨӨРГӨ, СЕЛЕЙМЕГЕ КАРШЫ ВАКЦИНА (АДС)
Кептөөрдүн жана селейменин тазаланган ууларын камтыган бир тектүү суюктук.
Өндүрүүчү: Болгария (InterVax). 10 дозалуу флакон
Курамы: Кептөөрдүн тазаланган уулары (анатоксини 60 МЕ), селейменин тазаланган анатоксини (80 МЕ).
Кошумча кошулма: алюминийдин гидроокись гели (2,5 мг/мл), тиомерсал (0,1 мг/мл). Баланын 6 жашында каруусуна сайылат.
Терс таасирлери: сайылган жердин кызаруусу, оорутуусу жана шалдыроо. Булар өтүп кетет.
Кайсы учурларда сайылбайт: курамдагылардын бирине сезимталдык болсо, бала инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулар менен ооруп калса, анда толук айыккандан 2-4 апта өткөн соң сайылат. Эгер ринит (мурундан суу агуу) же аллергиялык оору болсо, оору белгилери кеткен соң сайылат.


КЕПТӨӨРГӨ, СЕЛЕЙМЕГЕ КАРШЫ АНТИГЕНДЕР АЗ КАМТЫЛГАН ВАКЦИНА (АДС-М)
Өлкө:
Болгария (InterVax). 10 дозалык флакондо. Курамы: кептөөрдүн жана селейменин уулары (ар бири 10 Lf). Балдарга 11, 16 жашында, чоңдорго 26, 36, 46, 56 жашта сайылат (0,5 миллилитрлик өлчөмдө карууга). Кошумча курамдары, терс таасирлери кептөөргө, селеймеге каршы вакцинадагыдай (АДС) эле.


КӨК ЖӨТӨЛ, КЕПТӨӨР, СЕЛЕЙМЕГЕ КАРШЫ ВАКЦИНА (АКДС)
АКДС – коопсуз болушу мүмкүн жана бир эле маалда кургак учук, балдардын шал оорусу, кызамык, кызылча, эпидпаротитке каршы вакциналар менен биргеликте натыйжалуу сайыла берет.
Өндүрүүчү: Индонезия (Bio Farma). 10 дозалуу флакондо.
Курамы: кептөөрдүн тазаланган уулары (анатоксини 30 МЕ), селейменин тазаланган анатоксини (40 МЕ), өлтүрүлгөн B.Pertussis (12 OU).
Кошумча кошулма: алюминий фосфаты (1,5 мг), тиомерсал (0,05 мг).18 айга чейинкилерге санына же 18 айдан кийин карууга сайылат.
Терс таасирлери: сайылган жердин кызаруусу, калыңдоосу, оорутуусу, ыйлактоо, дене табынын азыраак көтөрүлүшү (сайылгандан 48 сааттан кийин пайда болот жана өз алдынча өтүп кетет).
Сейрек кездешчү терс таасирлери: дене табынын көтөрүлүшү (39,5 градус), калтыроо-титирөө, аллергия.
Кайсы учурларда сайылбайт: вакцинанын кайсы бир курамына сезимталдык болсо же мурун сайылган кезде олуттуу реакция болсо. Эгер баланын дене табы 38 градустан өйдө көтөрүлсө баланы төшөккө жаткызуу, суусундукту көп берүү, температураны түшүрүүчү каражатты ичирүү, тез жардамды чакыруу керек. Кээде температура вакцина сайылгандын эртеси күнү башталып, 3 күн кармалышы мүмкүн. Эгер температура 4 күн жана андан кийинки күндөрү да кармалса, анда бул вакцинадан эмес, баланын организминде кандайдыр бир патологиянын бардыгынан.


БАЛДАРДЫН ШАЛ ООРУСУНА (ПОЛИОМИЕЛИТ) КАРШЫ ООЗГО ТАМЫЗЫЛУУЧУ ВАКЦИНА (ОПВ)
Өндүрүүчү:
Бельгия. Вакцина 10 жана 20 дозалык.
Курамы: полиомиелиттин штаммынын Себин 1 жана 3-тибинин тирүү алсыздандырылган (аттенуированные) вирустары
Кошумча кошулмалар: магнийдин хлориди (20,33 мг), L-аргинин (87 мг), полисорбат 80 (0,01 мг), неомицин сульфаты (5 мкг), полимиксин B сульфаты (10 мкг), тазаланган суу (0,1 мл). Балдарга 2 айында, 3,5 айында, 5 айында сайылат.
Кайсы учурларда сайылбайт: неомицинге же полимиксинге же башка курамга сезимталдык болсо, иммунитеттин начарлыгында.
Терс таасирлери: эмделгенден соң дене табынын көтөрүлүшү, кусуу жана ич өтүү байкалган. Бирок бул белгилер вакцинанын айынан болгон эмес.
Сейрек кездешет: аллергия.


КЫЗАМЫК, КЫЗЫЛЧА, ТЕПМЕГЕ КАРШЫ БИРИКТИРИЛГЕН ВАКЦИНА (КПК)
Өндүрүүчү:
Индия (Serum Institute of India Ltd). Топтомдо 5, 10 дозалык флакондо лиофилизат эритиндиси менен кошо.
1 дозанын (0,5 мл) курамы: алсыздандырылган вирустар (кызамыкка каршы 1000 ТДЦ 50, эпидпаротитке каршы 5000 ТДЦ 50, кызылчага каршы 1000 ТДЦ 50).
Кошумча курамдар: желатин 2,5 пайыз (жарым-жартылай гидролизденген), сорбитол 5 пайыз, неомициндин жугу. Балага 12 ай, 6 жаш болгондо карууга сайылат.
Терс таасирлери: сайылган жердин кызаруусу, оорутусу, дене табынын көтөрүлүшү, кызарып чыккан бүдүрлөр. Абдан чанда кезигет: баш мээнин жана жүлүндүн сезгениши (энцефаломиелит), аллергия.
КПК вакцинанын кызылчага каршы курамына реакция: артралгия (25 пайыз) жана артрит кыздарда (10 пайыз) бир нече күндөн 2 аптага чейин созулат. Анан дарылоосуз өтүп кетет.
Кайсы учурда сайылбайт: соматикалык жана жугуштуу оору болсо, неомицинге жана жумурткага аллергия болсо, кандын жана бөйрөктүн оор түрдөгү ооруларында, рак оорусунда, жүрөктүн декомпенсация стадиясындагы оорусунда.


ПНЕВМОКОККО КАРШЫ ВАКЦИНА (ПКВ-13)
Өндүрүүчү:
Улуу Британия (Пфайзер). 1дозалык флакондо (0,5 мл).
Активдүү курамы: пневмококктуу полисахарид 1, 3, 4, 5, 6A, 7F, 9V, 14, 18C, 19A, 19F, 23F серотиптүү (2,2 мкг), пневмококктуу полисахарид 6B серотиптүү (4,4 мкг), кептөөр протеини CPM (34 мкг).
Кошумча кошулмалар: алюминий фосфаты (0,125 мг), полисорбат (0), хлорлуу натрий, инъекция үчүн суу. Балдарга 0,5 мл дозада санына сайылат. 1-доза баланын 2 айында, 2-доза 5 айында, 3-доза 12 айында.
Терс таасирлери: сайылган жердин кызаруусу жана оорутуусу, шалдыроо.
Кайсы учурларда сайылбайт: Инфекциялык жана инфекциялык эмес, өнөкөт оорулардын курч кармаган убагында (толук айыккандан кийин сайылат). Мурун превенар 13 же превенар сайылган кезде реакция болгон болсо. Курамдагылардын биринин организмге жакпай калуусу.



ЭМДӨӨДӨН КИЙИН БАЛДАР ЭМНЕГЕ ООРУП КАЛЫШАТ?
Калган суроолорго жооп алуу үчүн иммунолог жана 35 жылдан ашык педиатрдык тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы Алла Бурэге кайрылдык.

– Вакциналар зыянсыз болсо анда эмдөөдөн кийин сопсоо балдар эмнеге отит, пневмония, пиелонефрит сыяктуу оорулар менен ооруп калышат?»
– Ооба, кээде сопсоо балага деле эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин ооруп калат. Анткени баланын организминде эмдөө жүргүзүлгөнгө чейин эле жашыруун оору өнүгүп жаткан болот. Вакцина ал оорунун өнүгүшүн тездетип коёт. Мисалы, балада пиелонефрит же отит жашыруун өнүгүп жатса, эмдөөдөн соң ата-энеси жакшына жүргөн баламды оорутуп салышты дешет.

– Эл ичинде Балдардын күтүүсүз өлүмү синдрому (СВДС) жана аутизм оорусу вакциналардын айынан деп айтылат...
– Аталган синдромго адатта өз теңдүүлөрүнө караганда чоң, толук балдар кездешет. Анткени аларда көкүрөк туштагы тимус бези (вилочковая железа) чоңоюп кетет да, ал дем алуу жолдорун бууп калса бала мерт болот. Андыктан эмдөөлөрдүн айынан СВДС менен балдар көз жумуп жатат дегендик туура эмес.
Эгер бала ооруп жатса, ал тургай мурдунан суу азыраак агып жатса да эмдетилбейт. Бала толук айыккандан кийин 2-4 аптадан соң гана эмдөө жүргүзүлөт.
Балдарды эмдеткенден соң 1 күн киринтпөө керек. Вакцина сайылган жерге микроб кирип кетпеши үчүн кир колдор менен кармалатпай, таза кийинтүү зарыл. Аутизм азыр вакциналардан эмес, уюлдук телефон, компьютер, стресстерден улам көп кезигип жатат. Ар бир баланын организми өзгөчөлүккө ээ. Андыктан кээ бирлери эмдөөнү жеңил көтөрсө, кээ бири оор көтөрөт.


«2 ВАКЦИНАНЫН КУРАМЫНДАГЫ АЛЮМИНИЙДИН ГИДРООКИСЬ ГЕЛИ КӨП ӨЛКӨЛӨРДӨ КОЛДОНУЛБАЙТ»
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун башкы илимий кызматкери, химия илимдеринин кандидаты Исак Жумаевге да кайрылып, вакциналардын курамы тууралуу оюн уктук.
– Мен вакциналардын баарынын курамын карап чыктым. Алюминийдин гидроокись гели ВГВ жана АДС вакцинасынын курамында бар экен. Учурда бул зат таблетка, гель жана башка түрүндө болобу көптөгөн чет өлкөлөрдө колдонулбайт. Мунун ордуна ден соолукка зыян эмес магнийдин гидроокиси колдонулат. Окумуштуулардын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгында алюминийдин гидроокись гели организмде топтоло берсе акыл-эстин өспөй калышына алып келери аныкталган. Алюминийдин гидроокись гели бар каражаттарды бизге окшогон өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жөнөтүшөт. Аталган гель вакцинанын курамында кандай роль ойнойт билбейм, бирок терс таасирлери көп болору анык.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
bekush
2018-03-07 09:29:14
Эмдоодон баш тартып жаткандар бир саамга ойлонсо: бекер жерден вакцина пайда болгон эмес, бул да бир нерсенин натыйжасында пайда болгон, корунгон коз караштарды тутунуп эмдоодон качкандарга тан калам...
-3
Missing-u
2018-03-07 10:24:03
bekush,химиялык согуш деген нерселерди окудунар беле? Созсуз динди тутунган адам алдырбай жаткан жок азыр адамдар онугуп озу изилдеп чындыкты билгенден кийин отказ жазып жатышат. Вакцина алсан дагы албасан дагы ошол оорулар менен ооруп жатышат,вакцина берилет же бизде туберкулёз азайбады же гепатит азайбады,бул бизнестин бир туру вакцина алган бала менен албагандын чон айырмасы бар,алган баланын иммунитети слабый болуп коп ооруйт барса толтура дары укол жазып берет
+8
Missing-u
2018-03-07 10:29:57
Азыр кичинекей наристеге дагы кучтуу антибиотик жазып берет бул не деген шумдук кичине чонойсо таасир бербей калса кандай болот и так азыр таасир бербей калган,вакцина берип кайра оорутуп кайра даары сатышат. Мурда балдар коп олгон дейсинер мурда гигиена медицина онукпогон учун олгон азыр андай эмеско шарт бар баарында,оорулардын баары жашарып келейтат. Вакцинанын зыяны жонундо толтура маалымат бар таап окуп озунор талдап алгыла. Мектеп садике албай койгонго укугу жок
+8
Missing-u
2018-03-07 10:32:10
Missing-u,ооруу кучогон мезгилде убактылуу гана баланы албай туруш керек,закондошкула албай койсо
+3
aza.janym
2018-03-07 11:17:27
Missing-u,менин оюмдагыны жазыптырсыз озумун эле биртууган синдим акам балдары алган меники албады балдарыбыз тен туш эмдоо алган дар коп оорушту даары уколсуз сакайбайт балам Кудай га шугур уколсуз еле чоноюп атат суук тийсе антибиотики сиз эле народ ный метод мен айыгат
+3
Missing-u
2018-03-07 11:22:11
aza.janym,эн туура кыласыз дары,укол эн акыркыда туруш керек,алгач оорутпай оорунун алдын алгыла,витаминдуу тамак бергиле таза кармагыла таза абага коп алып чыккыла ошондо оорубайт бала.
+2
naera
2018-03-07 14:25:12
Missing-u,Билдируулорунду окуп сени медицина тамагында билим алууна кээде ишенбейтда да кетем же кобуроок башка нерсеге басым жасайсын.
+1
noeli
2018-03-11 17:29:05
aza.janym,прививка алгандар коп ооруйт дегенге кошула албайм, негизи фундамент жакшы болсо тын болот да бала. Менин балдарым график боюнча алат бешоо тен кудайга шугур грипп да болушпайт.
0
meni_kut
2018-03-07 11:07:32
Missing-u,+++++++
0
Nariste...12
2018-03-07 11:10:03
Мен уч балам тен эле алган.Кудайга шугур эле.Анан да биз деле алып жургонбуз да, убагында.
+1
al79mi
2018-03-07 12:49:48
Медицина эч убакта адам баласына жамандык каалаган эмес! Карангылыкка, ашыкча динчилдикке алдырбагыла!
+3
realnyi88
2018-03-07 23:42:41
Бул жакта зыян деп жатса кээ бироо делдиреп болбой апарып жаны торолгон балдарын ууландырып микропторго толтуруп жатат байкуш балдарын
0
lady.girl7997
2018-03-11 23:03:15
realnyi88, микроб, бактерия бардык жерде, оозунузда, ичинизде, абада, сууда жана тамак-ашынызда болот.
0
realnyi88
2018-03-07 23:44:59
Оорунун барын жаны торолгон балдарга ошол вакцина апкылуу балдарынарга жугузуп анан кийин ооруп калса кайдан ооруп калды деп тан каласынар
0
realnyi88
2018-03-07 23:47:38
Эн айагында создорду окусанар ясно жазылып туратго кандай ХХХХХХХХХХ
0
Salixa.
2018-03-08 03:59:08
Вакцинаны биринчи элдин пайдасына чыгарып, балдарды эмдеп жүрүшкөн болсо, акыркы жылдары бизнеске же болбосо кээ бирлердин кызыкчылыгына карап эмдөө иштери жүрүп калгандай ... Дары дармек чыгарган фабрика ишканалардын көбөйүшү, больница клиникалардын көбөйүшү менен жыл өтүп адамдардын ар кыл оорулары да көбөйдү. Эч ким оорубаса ким дары алат, ким болницага кайрылат.Мынан келди бизнеске айлантып алышты .
+4
Zhiidegul_Abdinazarova
2018-03-08 13:29:12
men da ugup kalgam darylardy otkoruu uchun ar kanday virustardy tarkatyp jatyshat degendi. bul da bolushu mumkun. chyn ele akyrky ubakta emne kop apteka kop.
+3
kanysh
2018-03-08 18:37:52
Америка Япония Россия эле дептир. Казакстан Узбекстанда дагы эмдоо жургузулобу?
-1
BubleGum
2018-03-10 11:04:42
kanysh,орто азияны толтуруп бутушкон!
0
tmttmt
2018-03-08 21:33:29
14поликилиника температура жокпу деп эле жасай беретко
башкаларды көп уугам анализ алып кылдаттык менен жасайт экен
6жаш 4жаш кыздарыма кичинекей кезинде бир жашка чейин бир бутуна эле берчүгө азыр эки санына анан озунада тамчылатат экен инимин 6 айлык кызы он беш күн температура болду
+1
Putinputin
2018-03-08 23:12:07
Мен Диний же Илимий коз карашта эмес озумдун жеке оюм,Бул жерде айтып жатат наристени 10 жылга чейин имунитетин которуп турат деп,андай болсо суроо жаралат андан кийин чонойгондо деле ала бербейлиби каждый 10жыл сайын имунитетибизди которуп жанылап турабыз,составында эмне бар деген вопросско Досихпор эчбир профессор же медик так жооб берелек,Африкада 3чу поколение алып жатыптыр, бизде Кыргызстан 2чи поколение алып жатат,бул вакцинасы жок эле чон ата энелеребиз торолуп чоноюшкан эч бир оорубай
-1
raykray
2018-03-09 13:01:51
Putinputin,10жыл сайын алып жатам 6,16.26жаштарымда алдым буйруса 36жаштарымда алам эки кызым тен убагында алышып турушат кудацга шугур инфекционный ооруулардан алыспыз, больницага жатпадык, Калганы Аллага аманат
+1
IL Suren
2018-03-09 04:35:26
Менин карындашым медицина тармагында иштегендиктен балдарына бир да вакцина алдырган эмес.Вакцина албаса ооруп калат деген жалган.Иммунитетти вакцинасыз деле көбөйтсө болот.
+3
BubleGum
2018-03-10 11:03:08
IL Suren, ввот эркекче комментарий!
-1
Arush17
2018-03-09 08:25:30
Вакцина илгертен берилип келе жаткан нерсе чон апа чон аталарыбыз оорубай эле жакшы журушотко эч кандай оору жукпай эле алар деле алышкан убагында,азыр оорунун кобойгону бул коптогон зыяндуу тамак аштар интернет сыяктуу телефон кобойду ошолордун баарынын кесепетинен оору коп
0
BubleGum
2018-03-10 10:59:01
Arush17, апалардын апаларына сайылган эмес да вакцина. Бул эмдоо деген тукум курут кылат же мутант! Азыр ревматизм менен полиартрит жаштарда кездешет. Ар бир 2-аял затында аялдык оорулардан проблема бар. Даже озунуз ошолордун бироо менен жабыркайт болушунуз керек!
0
BubleGum
2018-03-10 11:02:04
Олтурулгон уулар деп ачык айкын эле жазып атпайбы! Уу кантип олтурулмок эле. Анан суроого даана жооп бербей эле эл аралык стандарттарга жооп берет дей бериптир. Албетте бул эмдоо центринин директору экен алынын жетишинче жооп бергенге аракет кылган. 80 млндон ашык акча сарпталып атса...мисалы киминер болсо да уксусту ачып эки кун коё туруп бул олтурулгон ич десе ичмек беленер? Ойлонмоксунар да туурабы? Мына ушундай туугандар!
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан