МОБИЛДИК КАПЧЫК –КАЙРЫМДУУЛАР МЕНЕН ЖАРДАМГА МУКТАЖДАРГА КӨПҮРӨ

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндөгү 100 миңдей абонент уюлдук байланыш операторлорунун мобилдик капчыктарынын кызматынан пайдаланышып, өлкө ичиндеги мобилдик акча жүгүртүү күнүнө эки миллион сомго жетүүдө. Бул кызмат өлкөнүн социалдык жана экономикалык абалына эле таасир бербестен, кайрымдуу жарандар менен жардамга муктаж болгондордун ортосунда да байланыш түзүүдө.

БИР ДА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЭМЕС
26-февралда Улуттук банк уюлдук телефондун балансынан электрондук капчыктарды толтурууга тыюу салды. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, бул өзгөртүүлөр электрондук каражаттарды сактоодогу, капчыктарды толуктоодогу ар кандай мүчүлүштүктөрдүн алдын алууга жардам берет. Бирок уюлдук операторлор ассоциациясынын билдиришинче, буга чейин уюлдук операторлордун мобилдик капчыктарына байланышкан бир да мүчүлүштүк же мыйзам бузуу факты катталган эмес. Бул абоненттер колдонуп жаткан мобилдик капчыктардын купуялуулугу камсыздалганынан кабар берет. Мындай бөгөт коюулар керектөөчүлөрдүн укугун кысымга албайбы?

ӨНҮГӨБҮЗБҮ ЖЕ?
Kечээ жакында айтылуу ойлоп табуучу Илон Маск жер шарын бекер wi-fi менен камсыздаганга ракеталарын космоско учурарын айтты. Ал эми Араб эмираттарынын жашоочулары киши ордуна робот жумшап калышканына бир топ убакыт болду. Кыскасы, дүйнө күн сайын өзгөрүп, технология жашоону жеңилдетүүдө. Ал эми биздин өлкөдө иш алып барып жаткан мобилдик операторлор сунуштап, керектөөчүлөр тарабынан колдоого алынып жаткан мобилдик капчыктарды да өнүгүүгө болгон дагы бир кадам деп бааласа болот. Бирок ушул жана ушуга окшогон айрым прогрессивдүү кызматтардын иш жүргүзүүсүнүн чектелип калгандыгы өнүгүүдөн баш тартуу же замандын талабы менен алдыга умтулбай, тескерисинче, артка чегинүү катары бааласа болот. Бүгүн чектөө киргизилип жаткан мобилдик капчыктар эртең замандын агымы менен кайрадан ишке кирери белгилүү. Акыры ушул системге өтө тургандан кийин, өзүбүз аналогдук кызмат таап бере албаган соң өлкөдө иш жүргүзүп жаткан мобилдик операторлордун идеясы, долбоорлору колдоого алынса туура болмок. Анткени мобилдик капчыктар накталай эмес төлөмдөрдүн көбөйүшүнө, өлкөнүн экономикасынын санариптик системге өтүүсүнө жардам берери талашсыз. Ушундан улам мобилдик капчыктардын ишин ооздуктоо менен эмне табабыз, жашоону жеңилдетүү үчүн түзүлүп жаткан шартка салынып жаткан тыюу канчалык жүйөлүү, Улуттук банктын дооматтары канчалык түрдө негиздүү деген суроолор ачык боюнча калат.

КОТОРУЛГАН АР БИР ТЫЙЫН МААНИЛҮҮ
Дүйнө жакшы адамдар бар үчүн кармалып турат. Ооба, катарыбызда турмуштун соккусуна кабылып үй-жайсыз, жакын адамдарын жоготкон же оорунун айынан кайрымдуулардын жардамына муктаж адамдар бар. Ушул убакка чейин кайрымдуу адамдардын эсебинен которулган тыйындар кимдир бирөөнү бутка тургузса, дагы башкасын жакындарынын катарына кошулуп ден соолукта өмүр сүрүүсүнө шарт түзүп берип келе жатканын угуп, көрүп эле жүрөбүз. Буга чейин жардамга муктаж болгон жарандар элден акча чогултуу үчүн соода жайларында атайын урналарды коюп же банктык эсеп ачканга туура келсе, эми каражатты мобилдик капчык аркылуу заматта кабыл ала алат. 20, 50 же 100 сомду кайрымдуулукка жумшагысы келген жарандардын баарында эле банк аркылуу акча которууга же тиешелүү адамга барып колуна карматууга мүмкүнчүлүгү жок болушу мүмкүн. Айрыкча банктык ресурсу жок же алыскы аймактагылардын акча которуу аракети бир топ түйшүк жаратары турган кеп. Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган 2018-жылдын башында эле салынган тыюу дал ошол аймактагы керектөөчүлөрдүн укугун кысымга алып калбайбы?

«МОБИЛДИК КАПЧЫК ЫКЧАМДУУЛУГУ МЕНЕН ЫҢГАЙЛУУ»
Хабибулла Арзыкулов: «Элим, Барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси:
-Буга чейин кайрымдуу жарандар муктаждарга бере турган каражатты биздин фондго тиешелүү кыска номер аркылуу жөнөтүшчү. Башкача айтканда, биз эки тарапка көпүрө болуп, түшкөн акчаны тиешелүү жарандарга которуп берчүбүз. Азыр мобилдик капчыктар пайда болуп бизге да, жардамга муктаждарга да, кайрымдуу замандаштарга да жакшы болду. Жакынкы аралыктан бери «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду өлкөбүздөгү уюлдук операторлор менен кызматташып келет. Эми муктаж болгон жаран өзү каалаган уюлдук оператордун мобилдик капчык тиркемесин телефонуна көчүрүп алып, ал аркылуу капчыгына канча каражат түшүп жатканын онлайн көзөмөлдөй алат. Мобилдик капчык ыкчамдуулугу өмүрү кылдын учунда турган инсандарыбыз үчүн ыңгайлуу экенин да баса белгилегим келет.

«КАРАЖАТТАР МУКТАЖДАРГА ОРТОМЧУСУЗ ЖЕТЕТ»
Динара Аляева, «Жардам берүү оңой» коомдук фондунун аткаруучу директору:
-Мобилдик капчыктар ишке киргени кайрымдуулукка каражат коротууну каалагандар үчүн абдан ыңгайлуу болгонун кайрымдуу жарандар айтышууда. Мурда муктаждарга жардам бергиси келип, бирок банкка буту жетпеген айылдыктар акча которууда бир топ кыйынчылыктарга учурап калышчу. Азыр андан оңой болуп калды. Мисалы, кайсы бир айылдын тургуну кайрымдуулукка каражат жумшагысы келсе, жакынкы дүкөндөн эле өзүнүн телефон номерине бирдик жүктөп, анан каражаттын тиешелүү бөлүгүн мобилдик капчык аркылуу муктаж адамдын номуруна которуп коёт. Ал үчүн кошумча акы да алынбайт. Ал эми мобилдик капчыгына түшкөн каражатты кабыл алуучу ошол замат нак акчага айланта алат. Бул кызмат ыңгайлуулугу жана жеткиликтүүлүгү менен жакты.


Уюлдук операторлордун мобилдик капчык тиркемелеринде "Кайрымдуулук уюмдар" деген бөлүм бар.

Ал бөлүмгө киргенден кийин сизге керектүү кайрымдуулук уюмдун аталышын басып тиешелүү сумманы которо аласыз.


Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Janylai2012
2018-03-07 14:36:00
Ушул нерсени коптон бери кутуп журдум эле.эн туура жардам бергенге чоон копуро.
+2
Topchubai
2018-03-11 22:34:23
Жон эле коюш керек.Мобилдик которуу эн женил жана жонокой болчу.
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан