ЖАРЫМ КАРЛИК БАК, МАЛИНА – ЗАМАН ТАЛАБЫ

Үйүңүздүн тегерегинин жомоктогудай кооз көрүнүшүн каалайсызбы? Анда бул аймакка көк шибер (газон) өстүрүп, жарым карлик бактарын, малинаны тигиңиз. Көчөт, уруктарды тандоо, алардын артыкчылыктары, кам көрүү боюнча «Green Life Dan» («Бак-дарак борбору») компаниясынын жетекчиси Даныяр Эркинбаев кеңеш берет.

«БАК-ДАРАК БОРБОРУ» (БДБ) ТУУРАЛУУ
БДБ компаниясы 5 жылдан бери кыргыз багбандарын Европанын питомниктеринде өстүрүлгөн эң мыкты сорттогу, түшүмдүүлүгү жогору болгон жарым карлик жана карлик мөмө бактарынын көчөттөрү, бадалдар, өзгөчө сорттогу гүлдөр менен камсыздап келишет. Аталган компания көчөттөрдүн, уруктардын өлкөдөгү бардык багбандарына жетүүсүн эске алып, Бишкек жана Ош шаарына атайын кеңсе ачышкан. Кеңселердин дүкөндөрүнөн алмурут, кокон гилас, бий алма, алча, өрүк, шабдалы, грек жаңгагы, бадам, кара өрүк, жүзүм, алманын бир нече сортторун, декоративдүү бадалдардын, бакча жана бөлмө гүлдөрүнүн, газон уруктарынын түрлөрүн табууга болот. Мындан сырткары мол түшүм берген, мөмөсү чоң болгон кара карагат, кызыл карагаттын жана кар жааганга чейин түшүм берген малинанын «полька», «полана» сорттору бар. Көчөттөрдүн баары атайын агротехникалык талаптарда сакталат. Аларды дүң жана чекене баада сатып алууга болот. Компаниянын адистери 2 жыл багбандарга көчөттөргө кам көрүү боюнча кеңештерди берип турушат.

ЖАРЫМ КАРЛИК БАКТАРЫ

Артыкчылыктары

  • Жер аянттарын үнөмдөйт жана мол түшүм берет. Орточо эсеп менен 1 гектардан 40-50 тонна алма түшүм алууга болот.
  • Жарым карлик бактар өзүнө сарпталган азык-заттын 30 пайызын өсүүгө, 70 пайызын мөмөгө жумшайт. Ушул өзгөчөлүгүнөн бою өспөйт, эрте түшүм берет жана 30-35 жыл жашайт.
  • Көчөт отургузгандан кийин 2-3 жылда түшүм бере баштайт. Бирдей өлчөмдөгү, бирдей түстөгү жана даамдуу мөмөлөрдү алууга болот.
  • Бак жапыз болгондуктан бутоо, дарылоо жана түшүмүн жыйноо жеңил.


Газон: «МАСТЕРЛАЙН», «ТОРФЛАЙН», «УНИВЕРСАЛ»
«Мини Газон»Газон уруктарын алып сатууда аталган БДБ компаниясы Даниядагы белгилүү DLF компаниясы менен тыгыз иштешип келет. DLF компаниясы 1906-жылдан бери жогорку сапаттагы уруктарды өндүрүп, лидерликти бербей келет. Бүгүнкү күндө бул компания Европанын 60 пайызын сапаттуу уруктар менен камсыздайт. Адистер газон уруктарын тандоодо анын эмне максатта себилерин аныктап алууну сунушташат.

ГАЗОНДУН ТҮРЛӨРҮ
1.
Микроклевергазон – аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө туруктуу, кургакчылык болсо деле өсө берет. Курт-кумурскаларга жана отоо чөптөргө да туруштук берет.
2. Тандамал газон – мындай уруктан өзгөчө камкордукту талап кылган, баркыт сымал көйкөлгөн шибер өсүп чыгат.
3. Тепсендиге туруктуу газон. Көп балалуу үй-бүлөлөргө ылайыктуу. Үстүнө түрдүү спорт оюндарын ойноого, жатып алып китеп окуганга, ал тургай велосипед тепсе да болот. Жалбырактары бир аз жазы келип, жыш өсөт.
4. Көлөкөгө ылайыктуу газон. Көпчүлүк өсүмдүктөр күн нурун сүйүшсө, көк шибердин бул түрү көлөкөдө деле өсө берет. Муну көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жана бак-шактуу аянттарга өстүрсө болот.

«ПОЛЬКА», «ПОЛАНА» – МАЛИНАНЫН ТҮШҮМДҮҮ СОРТТОРУ
Адамзат малинанын мөмөсүн байыркы замандан бери эле тамак-ашка кеңири колдонуп келет. Дүйнө жүзү боюнча малинанын 700гө жакын түрү бар. Алардын ичинен түшүмдүүлүгү жогору, суукка чыдамдуу, мөмөсү ширелүү, таттуу сорттору – «Полька» менен «Полана» .
Бул сорттор ремонтанттык деп аталып, өлкөнүн бардык аймактарында өстүрүлөт. Ремонтанттык малина эки жылдык жана бир жылдык сабагында мөмө байлоого жөндөмдүү, башкача айтканда, узакка мөмө берүүчү сорт. Ар кандай вирустук ооруларга туруштук бере алат.
Ар жылы ремонтанттык малинанын түбүнөн жаңы сабактар өсүп чыгып, алар мөмө байлайт. Мөмө байлап бүткөн жогорку бөлүгү куурап калат. Калган бөлүгүндө мөмө сабактар пайда болот. Башкача айтканда, жайдын ортосунда эки жылдык сабактардан эки жолу, ал эми бир жылдык сабактардан күзүндө бир жолу түшүм жыйналат. Ремонтанттык сорттор жакшы түшүмдүүлүгү менен дагы айырмаланат. Эгерде кадимки малина сортунун бир бадалы 1-2 килограмм түшүм берсе, ремонтанттык малинанын бир түбүнөн орто эсеп менен 4 килограммга чейин түшүм алууга болот. Жагымдуу шарттарда 1 гектардан 15-20 тоннага чейин түшүм алууга болот. Ремонтанттык сорттун дагы бир артыкчылыгы – түшүмдү батыраак берип, өзүн-өзү тез актайт. Мөмөсүнүн салмагы 5-6 грамм чыгат, ширелүү жана таттуу болот. Бышканда күбүлүп түшпөй же болбосо кургабай, чирибей сабагында бир топко чейин сакталат.
Малинанын аталган сортторун жазында жана күзүндө отургузууга болот. Көчөттөрдүн аралыгын 1 метр, ал эми удаа кеткен катардын ортосун 2-2,5 метр кылып отургузуу керек. Орто эсеп менен 1 гектар аянтка 5000 көчөт керектелет. Көчөт отургузула турган чуңкурдун диаметри 40-50 сантиметр, тереңдиги 30-40 сантиметр болот. Андан соң чуңкурдун жарымы жер семирткич менен толтурулат да, көчөт 3-5 сантиметр тереңдикте көмүлөт. Жаңы отургузулган ар бир көчөткө 5-6 литр суу куюу керек.

"Бак-дарак борборунан" мөмө-жемиш көчөттөрүн, бөлмө гүлдөрүнүн түрлөрүн дүң жанан чекене баада алууга болот.


Дареги: БИШКЕК ШААРЫ, Садырбаев (Баха) көчөсү, 149
Байланыш телефондору: 0772 351 323, 0777 72 79 17, 0550 07 84 27
Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча ОШ ШААРЫ, ХБК кичи району
Байланыш телефондору: 0553 090 630, 0778 420 744, 0553 18 60 90
БАТКЕН ОБЛ., Үч-Коргон айылы
Байланыш телефондору: 0777 61 86 12, 0557 60 82 00
Компаниянын сайты: www.green-life.kg


Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Flowhive
2019-02-28 14:57:01
Быйыл малина бекер болду 30-40 сом
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан