Жылдыз баян
Кыргыздан Каныкей аттуу айымдар кыйын чыкканынан кабарыңыз бар да? Бул кыз да ыр дүйнөсүнө аралашканына аз гана болгонуна карабай бир топ ийгиликке жетишти. Эмесе, Каныкей өзү тууралуу эмне дейт?
Мени ... Каню, Кани, Каныкейка деп эркелетишет.
Кандай жигиттер менен сүйлөшкөн мага кызык?
1. Шайыр, ар дайым көңүл борборунда жүргөн балдар.
2. Билимдүү, көп китеп окуган жигиттер.
3. Сексуалдуу балдар.
Кандай жигиттерди көрсөм жиним келет?
1. Кыздарды сынай берген жигиттерди.
2. Чыныгы эркектик касиеттен алыс жигиттерди.
3. Ата-энесин, кыздарды сыйлай албагандарды.
Мен үчүн үй-бүлө бул ... ар бир инсандын калыптануусу үчүн зор мааниге ээ болгон кутуча.
Бул жашоодо өкүнгөнүм... убакыттын тардыгы. Мезгилди артка кайтара албаганым кейитет.
Өзүмдүн мүнөзүмдөн ... кек сактабаган сапатым жагат.
Башка ырчылардан өзүмдүн ... өжөрлөнүп өз каалаганымды кыла бергеним менен айырмаланам.
Жашоодо кандай адаммын?
1. Азыркы, бүгүнкү жашоо менен гана жашайм. Эртеңки күндүн эмне болорун эч ким билбейт да.
2. Бир орунда турбаган, ар дайым кыймылда жүргөн адаммын.
3. Токтоо, келечекке терең караган, тырышчаак кызмын.
Досторум көбүнчө мени...сезимтал, шашма деп мүнөздөшөт.
Спортко мамилем... Колумдан келбесе да муз тебүүгө жана сууда сүзүүгө кызыгам.
Кайсы сапатым жакпайт?
1. Көп нерселерди ичиме сактап жүрө берем, түнтмүн.
2. Салмагымдын жеңилдиги, көңүлүмдүн боштугу.
3. Бардык сапаттарым жагат, кемчилигим жок деп билем.
Сүйүү мен үчүн...
1. Убактылуу өзүн-өзү алдоо, сүйүү жок.
2. Бакыттын бир бутагы.
3. Сүйүүгө кабыла элекмин, ошондуктан түшүндүрүп бере албайм.
Бош убактымды кандай өткөрөм?
1. Тынч жерге барып досторум менен сырдашып отурам.
2. Азырынча эс алганга убактым жок.
3. Жакындарымдын кашында отурган мага кубаныч тартуулайт.
Толук аты-жөнү – Алымбекова Каныкей
Туулган жылы – 1987-жыл, 16-октябрь
Туулган жери – Токмок шаары
Бою – 168 см
Салмагы – 48 кг
Бут кийиминин өлчөмү – 37
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жашаган жери – Бишкек шаары
Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Носонтэ”, “Жүрөк сыздайт” ж.б.
Жакшы көрүп жегени – Цитрус мөмө-жемиштери
Учурда – Жеке ырчы
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg