Кубанычбек Жумалиев, парламент депутаты, экс-премьер-министр: «КСДПнын АЙТКАНДАРЫН ДЕПУТАТТАР АТКАРЫП ЖАТЫШАТ. АНАН КАНТИП ПАРЛАМЕНТ ТАРАП КЕТСИН?»

Былтыр түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын коёлу деп чыккан депутат Кубанычбек Жумалиевди коомчулукта колдоп, кескин сындагандар да болгон. Маегибиздин экинчи бөлүгүндө аталган демилгенин себебин тактап, бир нече саясий окуялар боюнча пикирин уктук.


– 1978-жылдан 1994-жылга чейин илимий чөйрөдө активдүү болуп, ошол тармакта иштеп келиптирсиз. Саясатка аралашууңузга эмне себеп болгон?
– 1992-жылы Илим жана жаңы технология боюнча мамлекеттик комитетти түздүм. Илим изилдөө системин башкаруунун принциптерин, эксперттик комиссияларды уюштургам. Негизи эле саясатка аралашуумдун себеби илимдин мамлекеттик системин түзүү болгон.


– Саясий ишмердүүлүгүңүздүн башында эле акаевдик президенттик администрацияны жетектедиңиз. Мындай жооптуу кызматка кандайча келип калдыңыз эле?
– Илим жана технология комитетин жоктон бар кылып, 2 жылда эл аралык деңгээлге жеткиздик. Күн-түн дебей иштеп жатканыбызды көрүп, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилемден улам 1995-жылы президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары кылып дайындашты. Бул кызматка келгенден кийин андан да көбүрөөк иштей баштадым. Президенттин 1 күндө 5-7 иш-чарасы болуп калат эле. Ошого даярдык көрчүбүз. Иштин көзүн билгендигим үчүн биринчи орун басар болуп 1 жарым жыл, администрация башчысы болуп 2 жыл иштедим.

– 1998-жылы сиз өкмөт башына келдиңиз. Бирок бул кызматтагы ишиңиз 1 жылга да жетпеген. Премьер-министрлик кызматка келишиңизге жана кыска убакытта иштен кетишиңизге эмнелерди себеп катары көрсөтөсүз?
– Аскар Акаевич жакшы иштеп жатканымды көрүп премьер-министрликти сунуштады, депутаттар колдоп беришти. Өкмөт башчы катары 3 программаны кабыл алгам. Алар: энергосистемин өнүктүрүү, электроникалык коомду түзүү жана экономиканы өнүктүрүү. Ошол учурда Кыргыз өлкөсү электрондук коомду түзүүдө Орто Азияда эң алдыңкы болчу. Кийин токтоп калды. Эми кайрадан бул демилгенин көтөрүлгөнү жакшы болду. 1998-жылы Орусияда чоң кризис башталган эле. Анын таасири биздин республикабызга кескин тийди: Өлкөдө 1 доллар 20 сомдон 34 сомго көтөрүлүп кетти. Буга бирөө жооп бериш керек эле да. Ошентип кризиске байланыштуу мен кызматтан кеттим.

– Өкмөт башына 42 жашыңызда келип, эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында эң жаш премьер-министр катары жазылып калдыңыз эле. Учурдагы премьер-министр Сапар Исаков 40 жашында өкмөт башына келип, ал чекти жаңылады. Оюңузча, Исаковдун өкмөтүнүн иштери кандай туура жана туура эмес кадамдар менен коштолуп жатат?
– Программасы жакшы. Исаковдун «Таза коом» сыяктуу программалары жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. Өкмөттүн иши ачык болот. Бул өтө жакшы. Өкмөт маалыматтык коомду түзөбүз деп аракет кылып жатат, бирок бул аракет республиканын экономикасын тез арада көтөрө албайт. Экономиканы көтөрүш үчүн «Кумтөр» алтын өндүрүүчү фабрикасына теңдеш болгон жаңы завод-фабрикаларды курушубуз керек. Өндүрүштүк тармактарды кластерлерге бөлүп, ар бир кластердик тармактарда кандай жаңы завод, фабрикаларды салсак болот деп аныктап, ошол завод, фабрикаларды канткенде тез арада сала алабыз деген маселе мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алынып, Советтер Союзу учурунда завод-фабрикалардын ишин кандай көзөмөлдөсө, ошол учурдагыдай кылып көзөмөлдөп курдурушубуз керек. Өндүрүштүк завод-фабрикалар канчалык көп болсо, ошончолук бюджетке акча көп түшөт. Экономиканы көтөрө турган 3-4 долбоорду ишке ашырса жакшы болмок. Мисалы, "Кумтөрдүн" жанындагы кендерди иштетиш керек. Исаковго экономиканы көтөрө турган ири долбоорлорду ишке ашырууну сунуштайт элем.

– Сиз өкмөт башчы кезиңиздеги парламент, өкмөт менен азыркы парламент, өкмөттүн айырмасы барбы? Алдыга жылып баратабызбы, же тескерисинче, артка кеттикпи?
– Ар бир парламент, өкмөт ошол доорго жараша болот. Азыркы парламент кандай окуя болбосун өз деңгээлине жараша маселе көтөрүп жатышат. Бирөөсүн мактап, бирөөсүн жамандагандан алысмын. Жаман иштеген болсо тарыхка жазылып калат. Азыр парламентти башкарып жаткан КСДП фракциясы президентке, өкмөткө керек болгон мыйзамдарды өткөрүп берип жатат. Эми мунун артынан эффективдүү иштей бериш керек. Оппозиция бүгүнкү күндө жокко эсе десек жарашат. Өткөн парламент, өкмөт жакшы иштечү эле, азыр жаман иштеп жатат деп салыштыруунун өзү туура эмес. Ар бир парламент, өкмөт өзүнүн шайланган, иштеп жаткан убактысына жараша аракет кылып иштеши керек. Айрыкча өткөн өкмөт, парламент жаман иштечү деп казып отурбай, жаңы парламет, өкмөт жаңы иштерди жасаса жакшы болот.

– 2001-жылы транспорт жана коммуникация министри болуп иштедиңиз. 27 жылда 1,5 миллиард доллардай каражат жол курууга насыяга алынган. Бирок жыйынтык кубанарлык эмес. Ушул тармакты жетектеген адам катары жакшы билишиңиз шарт, каражаттын натыйжасыз сарпталышына эмне себеп болууда?
– Жол куруп берүү – мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болгону үчүн бул тармакка көп акча кетип жатат. Жолго мындан да көп акча салышыбыз керек. Эл аралык тендерди өткөргөндө жолго жооптуу министрлик макулдугун гана берет. Тендерди жарыялоо, тандоо, ишти аткаруу акча берип жаткан эл аралык банктын моюнунда болот. Алар өздөрүнүн аброю үчүн да тендерди таза өткөрөт. Ал эми мамлекеттик бюджеттен каржыланып жаткан долбоордун тендерлеринде, ишти жүргүзүүдө коррупциялык аракеттер болуп жатат. Далилденгендери да бар.

– 2000-жылга чейин бир топ илимий эмгектерди биринчи президент Аскар Акаев менен бирге жазган экенсиздер. Акаевди өлкөдөгү коррупциянын жаралышына, "Кумтөрдөгү" өлкөнүн үлүшүнүн кескин кыскарып кетишине, кландык башкарууга, балдарын, үй-бүлө мүчөлөрүн өлкөнү башкаруу ишине кийлигиштирүүгө жана дагы көптөгөн иштерге айыптоо жүрүп келет. Эмне үчүн Акаев элден кечирим сурабайт? Жогорудагы залалдуу көрүнүштөр ал өлкөнү башкарып турган маалда жаралганы чын эмеспи? Кандай ойлойсуз?
– Менин илимий жетекчиме сын такканга моралдык акым жок. Президент болгон адамды мактасаң да, жамандасаң да азыр эч кимге жакпайсың. Илимий жетекчим катары Аскар Акаевичти абдан сыйлайм. Ал киши дүйнөдөгү эң кыйын 5 экономисттин бири. Анын ишине саясий баа бергим келбейт.

– 2005-жылдан 2015-жылга чейин саясий аренада көрүнбөй кеттиңиз. 2015-жылы гана парламенттик шайлоо алдында «Бир бол» партиясынын тизмесинде пайда болдуңуз. 10 жылдык тыныгууда эмне менен алектендиңиз?
– Негизинен, илимий иштер менен алек болдум. Улуттук илимдер академиясында физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунда директор болуп иштедим. Космосту изилдөө, спутниктен алынган сүрөттөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча бир топ иштерди аткардым.

– Былтыр түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын берели деп чыктыңыз. Бул сунушуңузду кескин сынга алгандар болду. Демилгеңизди канчалык деңгээлде орундуу деп ойлойсуз?
– Бул сөздү парламенттин тармактык комитетинин Транспорт жана жолдор министрлигиндеги көчмө жыйынында айткам. «Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна ушул убакытка чейин 350 миллион доллар сарпталыптыр. Жалпысынан жолдун бүтүшү үчүн 800 миллиондон 1 миллиард 100 миллионго жакын доллар керек экен. Муну бүтүрүшүбүз керек. Болбосо 350 миллион доллар асманга сапырылат. Калган акчаны кайдан табасыңар? Менин сунушум бар. Муну экс-президент өзү баштаган. Жолго анын атын бериш керек дагы, кадыр-баркы менен акчаны таптырып, бөлдүртүп, ушул жолду бүтүртүш керек деген ойду айткам. Каалайбызбы, жокпу, ал баштаган жол. Анын атын берип, кадыр-баркы менен жолду бүтүрүш керек» дегем. "Эгер Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолу Жээнбековдун учурунда бүтсө, анда анын да атын бергиле" дегем ошол комитеттин жыйынында. Бул темир жолу бүтсө чоң иш болмок. Сунушту мен жолдун, коротулган акчанын тагдырын ойлоп, жол бүтпөй калбасын деп айткам.

– Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарындагы коррупция тууралуу айткан катуу сындары канчалык ишке ашат деп ойлойсуз? Жээнбеков өзүн президенттикке алып келген топто коррупциялык иштер бар экени билинсе топтун кызыкчылыгына каршы барууга эрки жетеби?
– Талап-тоноочулукту жок кылмайынча өнүгө албайбыз. Президент эң керектүү маселени көтөрүп чыкты. Качан ишке ашарын, канчалык деңгээлде ишке ашарын убакыт гана көрсөтөт. Көтөрүп жаткан маселелеринен татыктуу президентти тандап алыппыз десек жарашат.

– Парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркатыла турганы учурда саясат чөйрөсүндө улам күчөп айтылып жатат. Бизде мындай сөздөр жөн жеринен чыкпасы анык. Сиз кандай ойдосуз?
– Парламентти таратканга эч кандай негиз жок. Президент КСДПнын өкүлү болгондуктан парламентте каалаган мыйзамдарын өткөрүп жатышат. "Бүгүнкү күндө оппозиция күчтүү, айткан мыйзамдарды өткөзбөй жатат" дегенге эч кандай негиз жок. Азыр президент менен премьер-министр бир партиядан. Эгер парламент экөөнө каршы туруп алганда гана тарап кетүү кырдаалы түзүлмөк. Парламент КСДПнын айткандарын аткарып жатса, дагы бул парламентке кандай талап коюшу мүмкүн.

– Маегиңизге рахмат!

1998-жыл. БУУнун жыйынында АКШнын президенти Билл Клинтон менен
 Кыстарылган видео 
Кубанычбек Жумалиев, ЖКнын депутаты: "Жубайым Роза Аманова өтө эмгекчил аял"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан