ПАРНИКТЕ КӨЧӨТ ӨСТҮРҮП, КИРЕШЕ ТАБЫҢЫЗ

«Жашылча көчөттөрүн жаздын алды менен парникте жана күнөсканада (теплица) өстүрүүгө болот. Күнөсканадагы көчөттөр күн нурун жутпагандыктан парниктикине караганда алсызыраак болушат жана ачык абага, жер кыртышына көнүп, өсүп кетүүсү бир аз кыйынчылык туудурат. Парникте өстүрүлгөндөр жерде бат тамырлашат» дейт 20 жылдан бери көчөт өстүрүп киреше тапкан каарманыбыз Сапарбай Бурканов. Ал помидор жана болгар калемпирин көчөт кылып өстүрүп, сатуудагы сырлары менен бөлүшмөкчү.

1-кадам

ПАРНИКТИ ДАЯРДОО
Узундугу – 10 метр
Туурасы – 1 метр
Бийиктиги – 70 сантиметр

Керектелүүчү жабдыктар:
Жоон зым – 21 метр же 1,5 метрден кесилген 21 даана. Тирөөчтөрдүн аралыгы 50 сантиметрден болот. 1 даанасы – 45 сом. 21х45=945 сом
Полиэтилен клеёнкасы – 12 метр (калың, туурасы 3 метрлик). 1 метри 40 сом. 12 метр х 40 сом = 480 сом

Эскертүү: Эгер клеёнка жука болсо эки каттап жабууга туура келет.

Чыгым – 1425 сом

Жерди 20-25 сантиметр казып, үстүнө малдын эски күйгөн кыгын (жылкынын кыгын тандасаңыз эң жакшы) таштап коюңуз. Кык жердеги жылуулукту жакшы кармагандан тышкары мыкты жер семирткич болуп берет. Кык 3-5 күн жаткандан кийин үстүнөн буу чыга баштайт. Ошол кезде үстүн таптап, анан кадимки топуракты төшөө керек.

2-кадам

УРУК ТАНДОО ЖАНА СЕБҮҮ

  • Урукту колдон келсе жакшы тааныш адамдарыңыздан сатып алуу керек. Болбосо сиз каалабаган сорттогу жашылчанын уругу колго тийип калышы деле мүмкүн.
  • Урукту себердин алдында аны 1-3 пайыз марганцовканын эритмесине 20-30 мүнөт чылап, зыяндуу оору козгогучтардан дезинфекциялап алабыз. Ал кургагандан кийин гана себүүгө киришсеңиз болот.
  • Урукту өз убагында себиңиз. Маалынан мурда (аба салкын кезде) сээп койсоңуз, урук өнүп чыкпайт да, күн жылыганга чейин чирип кетет.
  • Урук канчалык суюк себилсе, көчөттөргө азык зат көп жетип, ошончолук жакшы өсөт.
  • Узундугу 10, туурасы 1 метр өлчөмүндөгү парникке орто эсеп менен 50 грамм урук сарпталат. Болжол менен мындан 10 миңге жакын көчөт алууга болот. Учурда помидордун эң жакшы сортунун, алсак, ТМК сортунун уругу 1 килограммы 10 миң сомго чейин жетет. Болгар калемпириники сортуна карата 4-6 миң сомго чейин.
  • Урукту бир аз топуракка аралаштырып, анан парникке тегиз чачабыз да, тырмоо менен тырмайбыз. Андан соң парниктин каркастары орнотулат. Бул үчүн зымдарды ийип, араларын 50 сантиметр кылып парниктин үстүнө бекем сайып чыгабыз. Зымдын ордуна талдын өтө жоон эмес жаш бутактарын пайдалансаңыз да болот. Парникке жылуу суудан сээп, клеёнканы жабабыз. Клеёнканын четтерин бекем, аба кирбегендей кылып топурак менен көмүп салуу керек. Жыйынтык:
    50 грамм помидор уругунун баасы – 1200 сом
    1425 сом (парниктин чыгымы)+ 1200 сом (помидор урук)= 2625 сом
    50 грамм болгар калемпиринин уругунун баасы – 300 сом
    1425 сом (парниктин чыгымы)+ 300 сом (болгар калемпиринин уругу)= 1725 сом


3-кадам

СУГАРУУ, ОТОО ИШТЕРИ

  • Урук өнүп, биринчи жалбырагы көрүнгөн кезде парниктин ичине бир аз муздак аба киргизип, температураны 1-2 градуска төмөндөтүп коюу керек. Бул ыкма көчөттүн боюнун бат өсүп кетүүсүнүн алдын алат. Сабагы узарып кетсе начар көчөт катары саналат. Сабагы жоон жана кыска көчөттөр кийин жерге отургузганда бат тамырлайт.
  • Парникти сугаруу, отоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп туруусу керек. Бирок өтө былчылдатып сугарууга болбойт. Аба ырайына карап, кургап бараткан учурда сугаруу оң.
  • Абанын температурасы +12 градустан жогору болгон кезде клеёнкасын ачып, желдетүү талап кылынат. Болбосо өсүмдүктөр күйүп кетиши мүмкүн.
  • Парниктин ичиндеги температураны сөзсүз эске алыңыз. Ал жашылчанын түрүнө карата аныкталат.


4-кадам

САТУУ
Узундугу 10, туурасы 1 метр өлчөмүндөгү парниктен болжол менен 10 миңдей көчөт алууга болот. Көчөттүн баасы сортуна карата коюлат. Алсак, помидордун ТМК сортунун көчөтү былтыр 2,50-3 сомдон сатылды. Болгар калемпириники 1-1,5 сомго бааланган. Ошондо орточо баада:
Помидор көчөтү 10 000 даана х 2 сом 75 тыйын = 27 500 сом
Таза киреше: 27 500-2625= 24 875 сом
Болгар калемпири – 10 000 даана х 1 сом 25 тыйын=12 500 сом
Таза киреше: 12 500-1725=10 775 сом

КУЛАГЫҢЫЗГА КҮМҮШ СЫРГА
Эгер жашылчалардын көчөтүн өстүрүп бизнес жасайм десеңиз, анда парникти күзүндө эле дайындап, ага салынуучу топуракты зыянкеч курт-кумурскаларга, отоо чөптөргө каршы каражат менен дезинфекциялап алыңыз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
deva
2018-03-13 09:12:16
Жалкообуз да жалкообуз... Өзгөчө мен(( Мындан кантип арылууну айтып койгулачы, мага мотивация берип
0
tursunbaev78
2018-03-16 23:36:46
deva,өзүңө эле байланыштуу,башка түшсө байтал жорго дейт,бир күнү арыласың жалкоолуктан
0
Sarbinaz94
2018-03-13 21:15:56
Жакшы кенеш экен Рахмат сиздерге

0
PeRa
2018-03-14 15:56:09
Супер-Инфо, балык багуу боюнча да кенеш берип койгулачы, сураныч.
+2
Ermekbai
2018-03-15 14:37:14
Тоок багуу боюнча да багыт бергилечи
+2
al-abu-kinesz
2018-03-15 20:16:03
Балык чарбачылыгы боюнча да кененирээк пжлст
+1
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан