НИКОЛАЙ 50 МИҢ ЕВРОСУН УУРДАТТЫ

Орус шоу дүйнөсүндөгү капчыгы калың ырчылардын катарына кирген Николай Басков 50 миң евросунан айрылды. Тактап айтканда, жакында Москванын Славян бульварынан үч белгисиз жигит Николайдын айдоочусунун колунан ырчынын портфелин жулуп качышкан. Уурдалган портфелдин ичинде 50 миң евро менен кошо баалуу буюмдардын бар экени белгилүү болгон. Ырчы менен айдоочусу өздөрүнө келгенче уурулар кара “Вольвого” түшүп көздөн кайым болушкан. Артист тез аранын ичинде милиция кызматкерлерине кайрылган. Бирок, кылмышкерлер өздөрүнүн артынан из калтырышпагандыктан, колго түшүрүлгөн эмес. Ырчынын арызынын негизинде талап-тоноо боюнча кылмыш иши козголгон.


Майкл ислам динине өтүшү мүмкүн

Британдык “The Muslim News” аттуу мусулмандардын гезитине ырчы Майкл Жексондун бир тууган агасы Жермейн Жексон: “Майкл жакында ислам динин кабыл алат” деген билдирүү жасады. Жермейндин айтуусуна караганда, Майкл ислам динине абдан кызыгып келет. Ал эми Жермейн өзү болсо 1989-жылы ислам динин кабыл алып, АКШдан Бахрейн мамлекетине көчүп келген. Майкл да жакында агасы жашаган өлкөгө барып жайгашканы маалым болгон. “Мен Мекеге барганымда Майклга ислам дининдеги көп китептерди алып келип бергем. Ал китептерди окуп чыгып, ислам дини боюнча суроо бергенде мен кабыл алган диним тынчтыкты, мээримдүүлүктү сүйөт жана жан дүйнөңө айтып жеткире алгыс күч берет деп жооп бергем” дейт Жермейн. 2003-жылы жашы жете элек өспүрүмдөрдү зордуктагандыгы үчүн Майклга кылмыш иши козголуп, суракка барып жүргөн кезде “ырчы ислам динин кабыл алыптыр” деген сөздөр эл арасында “дуу” дей түшкөн эле. Бирок, мындай маалыматтарды ырчынын расмий өкүлү жокко чыгарып келген.


Дананын кош бойлуу экени анык болду

“Көптөгөн эркектердин көзүн кызыткан сексуалдуу телеалпаруучу Дана Борисова жакында эне болот экен” деген сөздөр эл арасында айтылып келген. Бирок, «Принцип Домино» берүүсүнүн алпаруучусу кош бойлуу экенин жашырып, эч мойнуна алган эмес. Жакында “Night Life Awards-2007” сыйлыгын тапшыруу аземинде Дананын курсагы кадимкидей байкалган. Журналисттер көргөн көздөрүнө ишенишпей, алпаруучу иштеген “НТВ” каналына телефон чалып Дананы сурашканда аны менен чогуу иштеген кесиптештери декретке чыгып кеткендигин маалымдашкан. Учурда сексуалдуу телеалпаруучунун алты айлык кош бойлуу кези жана баланын атасы бир жылдан бери алпаруучуга сүйүүсүн арнап келген Максим аттуу бизнесмен экени да белгилүү болгон. Жакында бир жылдан бери мамилелеш болуп келген бизнесмен алпаруучунун колун сураган. Бирок, Дана жооп бергенге шашылган эмес.


“Евровидениеге” белгисиз топ барат

“Бул жылы Россиянын атынан Финляндиянын Хельсинки шаарында өтүүчү “Евровидение” конкурсуна ким барат болду экен?” деген суроо көптөрдү кызыктырып келген. Конкурска барганы Дима Билан жана Сергей Лазарев ат салышып жаткандыгы тууралуу да маалыматтар таркаган. Лариса Долина, Владимир Матецкий, продюсер Игорь Матвиенко өңдүү адамдардан турган калыстар тобу популярдуу “Банд`Эрос” тобун көрсөтүп жатышкан. Бирок, Макс Фадеев даярдап жаткан көпчүлүккө тааныла элек “Серебро” тобу жеңишке ээ болду. Үч кыздан турган топтун ырын угуп көргөндөн кийин калыстар тобу ойлонбостон өз добуштарын беришкен. Топтун солисткаларынын бири “Фабрика-2” долбоорунун катышуучусу Лена Темникова экенин да айта кетишибиз керек. Орус шоу дүйнөсүнүн тарыхында биринчи жолу Россиянын атынан жылдыздар эмес, аты чыга элек үйрөнчүк топ чыгат.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 227, 9-15-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан