Эшикте жаз. Күндүн жылышы менен калың кийимдер сандыкка түшүп, жеңил кийимдердин кезеги келет эмеспи. Саркеч кийинем десеңиз, быйылкы жаз менен жайда кандай кийимдер мода болоруна көз салыңыз.
ТҮСТӨРДҮН МАЙРАМЫ
Быйыл дизайнерлер кийимдердин түсүнө эркиндик бергендей. Кызыл, жашыл, сары, көк, күлгүн жана башка мен ачык түсмүн дегендин баары модада. Андан сырткары ийини, көкүрөгү, далысы ачык, ассиметриялуу кийимдер актуалдуу болмокчу.
Жаздын эң башкы кийими – плащ. Бул жазда булгаарыдан тигилген плащтар модада. Андан сырткары денеге чыпташпай кенен тигилген плащтар актуалдуу болмокчу. Эгер аскер формаларына кызыккан адам болсоңуз, милитари стили модада. Плащ, көйнөк, шым, бут кийимдер да аскер формасынын стилине салынып тигилип, дизайнерлердин кызыгуусун арттырып келет.
Жибек кездемеден тигилген кийимдер быйылкы жылдын мода сахнасында. Майда жана орточо гүл түшүрүлгөн кездемеден тигилген көйнөк алсаңыз, көркүңүзгө көрк кошуларына ишениңиз.
Чачы (бахрома) былтыркыдай эле актуалдуу, тескерисинче, көбүрөөк быйыл модада болот дешет дизайнерлер. Андан сырткары темгил ала ("леопард") кездемеден тигилген көйнөк, юбка, күрмөлөр кайрадан саркечтердин гардеробунан орун алмакчы.
Пайетка жана глитер 2018-жылдын жаз-жай мезгилдеринде актуалдуулугун жоготпойт. Андыктан сатып алчу кийимдин кайсы бир жерин пайетка же глитер кооздоп турса, ойлонбой ала бериңиз.
Булгаары – бул жылдын негизги тренди. Андыктан булгаарыдан тигилген ичке түз (карандаш) же кенен күн формасындагы, тизеге чейин же андан кыскараак юбкалар кеңири жайылмакчы. Ачык түстөгү, трапеция, арчындалган (запах) жана этеги кенен бычымдагы юбкалар саркечтердин гардеробунда болушу шарт.
"Мода кайталанат" дешет дизайнерлер. Быйылкы жылы өткөндү эске салган дагы бир кийим - бул клёш шымдар. Андан сырткары узундугу кызыл ашыкка жетпеген, кенен шымдарды көрсөңүз, ойлонбой ала бериңиз. Саркечтердин катарында болосуз.
Эгер назик образды тандасаңыз, бүйүрмөлүү (оборки) көйнөктөр, тор жана ачык түстөгү кийимдерди гардеробуңузга кошуңуз.
Адамдын тулку бою, жаныбарлардын, мультфильм каармандарынын же өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү чоң, кичине формада бастырылган поп-арт стилиндеги кийимдер маанайыңызды көтөрүп, кайсы жерге барбаңыз көңүл чордонунда болосуз.
Чатыраш кийимдер саркечтердин сүймөнчүгү болмокчу. Ашыкча салмакты жашырам десеңиз чакмагы майда, эгер арыктыгымды билдирбейин десеңиз, чакмагы ири кийим жардамга келет.
Тунук платмассанын элементтери кошулган бут кийимдер бул жылдын тренди. Андан сырткары классикага айланган башы үч бурчтук формасындагы (лодочки) туфлилер менен бирге калың такалуу броги бут кийимдер модага кайтып келди.
Быйылкы жылга дизайнерлер өтө чоң эмес көлөмдөгү, тик бурчтук, трапеция формасындагы сумкаларды сунушташат. Сумка чынжырча, кооз таштар, брелок менен кооздолсо андан жакшы.
Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg