ВЕБКАМ-МОДЕЛИНГ: КЫРГЫЗ КЫЗДАРДЫН ЖЫЛАҢАЧ СҮРӨТТӨРҮ ИНТЕРНЕТКЕ КАНДАЙЧА ТАРАП КЕТТИ?

Жакындан бери интернетте кыргыз кыздарынын жылаңачтанган сүрөттөрү тарап баштады. Социалдык тармактарда кыргыз кыздарынын вебкамера аркылуу интимдик кызмат көрсөтүп жаткан видеолору жана сүрөттөрү жүктөлгөн тайпа түзүлүп, ага катталгандардын саны бир жумада 2500 адамга жетти. Ал арада кыргыз милициясы Бишкек шаарында жайгашкан вебкам кызматын көрсөткөн студияларды ачыктап, уюштуруучу деп шектелгендерди камакка алды.

«ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗДАРДЫ ИШКЕ ТАРТКАНДАРГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов өлкөбүздө интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн кыздар иштеген 2 студия табылганын айтты:
– 2017-жылдын январь айында жумуш издеген жашы жете элек кызды эки жаран алдоо жолу менен ишке тартышкан. Алар жашы жете элек кызга «интернет аркылуу чет өлкөлүк жарандар менен маектешкениң үчүн акча табасың» деп убада кылышкан. Эч нерседен күмөн санабаган кыз чет элдик жаран менен баарлашуу учурунда маектеши андан чечинүүсүн, денесинин айрым жерлерин көрсөтүүсүн талап кылган. Анын каалоосун аткара албаган өспүрүм иштей албасын айтып кетип калган. Бул иштин негизинде анын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган.
Тергөө учурунда Бишкек шаарында жайгашкан интернет аркылуу порнографиялык кызмат көрсөтүү иштерин жүргүзгөн 2 студия табылган. Анда 10 компьютер, 16 вебкамера, сексуалдык мүнөздөгү буюм-тайымдар табылган. Ошондой эле батирде интимдик кызмат көрсөтүп иштеген 5 кыз бар болгон. Териштирүү иштеринин негизинде кыздардын өз каалоосу менен бул ишке барышканы, алардын өлкөнүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл аймактарынан борборго келип иштеп жаткандыгы аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (сатуу, жайылтуу же жарнамалоо максатында порнографиялык чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды даярдоо, ошондой эле аларды сатуу же сатуу максатында сактоого жашы жете элек өспүрүмдү тартуу) боюнча эки жаранга кылмыш иши козголду. Шектүүлөр 1993-жылы туулган М.К. жана 1991-жылы туулган Ж.Н. тергөө абагына киргизилди.


ТАМЫРЛАП КЕТКЕН БИЗНЕСКЕ ЭМИ КӨҢҮЛ БУРУЛУП...
Вебкам-моделинг – кардарга интернет аркылуу порнографиялык өңүттөгү виртуалдык кызмат көрсөтүү. Адатта бул иш атайын даярдалган студияларда аткарылып, ал үчүн акы төлөнөт.
Бизнестин бул түрү биздин өлкөдө бүгүн же кечээ пайда болгон жок. Жергебиздеги жумуш берүүчү сайттарда же көчөдө деле «вебкам-моделдери талап кылынат» деген жарыялар ачык эле жарыяланып келгенине кеминде 3-4 жыл болду. Алар жумушчуларга койгон талаптарынын жеңилдиги, кызматы үчүн жакшы каражат төлөнөрү менен кыздарды азгырышы мүмкүн.
Мындай иш сунуш кылган студия ээлери көбүнчө 18-35 жаштагы кыз-келиндерди кабыл алышат. Алар жумушчуларга канчалык көп көрүүчүсү болсо, ошончо көп акча табарын кепилдешет. Кыз-келиндердин суранычы менен тиешелүү сайтты алар каалаган өлкөнүн тургундары үчүн жаап салса болот. Ошондой жайнаган жарыялардын бирине телефон чалып, жумушка кандайча кабыл алышарына кызыгып көрдүк.


– Саламатсызбы? Жарыя боюнча жумуш издеп чалып жатат элем.
– Саламатсызбы? Веб-моделинг тууралуу маалыматыңыз барбы?
– Ооба, үстүртөн билем.
– Демек, тажрыйбаңыз жок экен да.
– Ооба, сөзсүз англис тилин билүү керекпи?
– Негизи билсеңиз жакшы болмок. Бирок ал негизги талап деле эмес.
– Анан акча жагы кандай болот?
– Иштегениңизге жараша. Түшкөн акчанын 30 пайызын аласыз. Жумасына болжол менен 30-35 миң сом табасыз.
– Айтсаңыз, эгер иштеп калсам, сүрөтүм интернетке тарап кетпейт деген кепилдик барбы?
– Биз келишим түзүп иштейбиз да. Эгер биз тараптан да, сиз тараптан да эч кандай пикир келишпестик жаралбаса, эч кандай сүрөт же видео интернетке жарыяланбайт. Мындан башка маалыматты ишке кирип жатканыңызда айтып берейинчи. Келериңизде чалыңыз.

Коомдун кызуу талкуусуна алынып жаткан веб-моделдер темасына укук коргоочулар менен журналисттердин аралашып жатканы «иш берүүчүлөрдү» кооптондуруп койгонбу же башынан эле кенен маалымат айтышпайбы, айтор, маектешим кыска сүйлөп эле трубканы койгонго шашты.


БИР МҮНӨТКӨ 2 ДОЛЛАР ЖЕ КЫЖЫРДАНГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ
Жогоруда аталган тайпада энеден туума жылаңач кыздардын сүрөттөрү азыр да жүктөлүп, аягы азыр да сууй элек. Ага катталгандардын саны канчалык арбыган сайын, тааныш-билишин көрүп, таанып калгандар да ошончолук көбөйүүдө. Вебкам-моделинг тууралуу кенен билгендер кызмат көрсөткөн кыздар ар бир мүнөтү үчүн 2 доллар иштеп табышарын жазышууда. Тайпада катталган намыстанган жигиттер вебкам-моделдерин «улутту уяткарды» деп, ал тургай «жазага тартылсын» дегендери да четтен чыгууда. Тааныш-билишин таанып, таң калганын жашырбаган жигиттер эми кыздардын сүрөттөрүн ортого салып, териштирип-сүрүштүрүүгө өтүштү. Ал эми мындай жорукка каршы болгондор вебмоделинг – сойкулук эмес экенин, ал тургай кыздар тапкан каражатты биздин өлкөгө сырттан келген инвестиция катары баалашууда.


«ОҢОЛОТТУР, ОЙЛОНОТТУР ДЕП СҮРӨТТӨРҮН ТАРАТТЫМ»
Социалдык тармактарга кыргыз кыздардын жылаңачтанган сүрөттөрүн жарыялагандардын бири 23 жаштагы Ринат өзүнүн чет өлкөдө экенин билдирип, сүрөттөрдү кыргыздын кыздары туура жолго түшсүн деген максатта жарыялаганын айтты.
– Интернет аркылуу интимдик кызмат сунуштаган түрдүү сайттар бар. Ал сайттардын айрымдары Кыргыз өлкөсү үчүн жабык болсо, кээ бирлерине кирүүгө болот. Ошондой сайттардын биринен өзүмдүн классташ кызымдын сүрөттөрүн көрүп калдым. Анан ага байланышып, жолугуп, эмнеге мындай жолго барганын сурасам, «Бул менин кадимки эле жумушум, жумасына 500-800 доллар табам» деген жооп алдым. Бул кылыгы туура эмес экенин, токтотпосо сүрөттөрүн интернетке таратып саларымды айтып эскерткем. Оңолоттур деп 2 айттым, 3 айттым, болбой койду. «Айтканга көнбөсөң мына» деп сүрөттөрүн интернетке таратып салдым. Бардар үй-бүлөдө чоңойгон, сабакты жакшы окуган кыз болчу. Кыргыз кыздарынын ушундай жол менен акча таап жатышканы кыжырды кайнатат.


Юрист Калыйнур Батыралиев бул көрүнүштү жөнгө сала турган норма мыйзамда көрсөтүлбөгөнүн айтты.
– Кылмыш-жаза кодексинде сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштурууга, ошондой эле порнографиялык мүнөздөгү материалдарды даярдоо жана иш-чараларга катышууга жашы жетпегендерди тартууга тыюу салынган. Ал эми вебкамера аркылуу кызмат көрсөтүүгө тыюу да салынган эмес, уруксат да берилген эмес.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
Abdumital
2018-03-14 01:51:25
Мен аялдарга жагыныш эмес жеке озумун ойум
бул корунушко биринчи биз эркектер куноолуубуз себеби биз эже карындаштарыбызды биз агалары аталары кыскасы эркектер тарбиялашыбыз керек мисалы кой деер кожосу жок кыздарыбызды орусияга туркияга жиберип жатабыз биз кыздарыбызга татыктуу тарбия бере албай жатабыз динде бекер айтпаса керек айал кишини иштетбегиле деп секелек кыздар иштеп жатам деп борбордо а ал кыз кандай жумушта кантип иштеп жатат контрол кылган эч ким жок тек гана чалып сурап э
+8
toma4ko
2018-03-14 02:00:14
Каерден корсо болот экен ссылкасын кошо берсенер админ?
+1
Nuriyashka
2018-03-14 10:24:41
ал бала озу да соо эмес го ))) кантип ал сайтка кирип классташын коруп калган )) озу да ошол сайтка кызыгып кирип, коруп анан классташын таанып калса керек ))))))
+3
orxidey
2018-03-14 18:04:13
Эркек деселе жаш балдар секирип чыгасынар бул деген ата болот, ага болот, ушулар башын жерге салбай кыздарын, аялдарын, карындаштарын сыртка жибербей оздору иштеп уй булоосун камсыз кылуу керек ошондо аял киши камсыз болгонун сезет мындай ыплас иштерге барбайт.
+6
mratbashy
2018-03-15 12:46:51
Негизи комент окуганга эле кирип калдым супер инфого
+1
Nazaraliva9595
2018-03-15 19:12:30
Кайсыл жерден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты!
+5
guzi8989
2018-03-15 19:34:47
Эй тообо дегенден башка эмне дейбиз!
0
Gulnur951417
2018-03-15 23:19:53
Кызык... Тиги Ринат деген неме андай сайттарда эмне кылып журду экен???! Ар бир адамдын озуно ынсап берсин ээ Кудай. Келечегибиз кандай болот оттто карангы болуп калды. Эхх аттин....
0
Lina
2018-03-16 11:15:32
Кайсы сайт айтып койгулачы сураныч админ
-1
Lina
2018-03-16 11:23:56
Менин бир тааныш кызымда иштегем деп айткан эле
0
Bandit_bala
2018-03-16 13:00:06
Ассалоому алейкум кандайсыздар еми ашыкча еле тыя берген болбойт ар бир улута бар мындай нерсе
+1
Lina
2018-03-16 17:31:30
Кайсы сайттан корсо болот сайтын жазбасанар эмнеге жарыяладынар
0
Lina
2018-03-16 17:32:04
Мен мисалы кормой сайын ишенбейм
0
tokitok
2018-03-16 20:53:42
Илгери иштеп коргом бир аз. Азыр билинип атканы тан калычтуу.
-2
Jayloobek
2018-03-17 17:38:03
Баары Кызыгып сураптыр суротторду кайдан корсо болот деп. Вконтакте киресинер :группага кирип - KG Вирт знакомства деп жазсанар , суроттору да , видеолору да бар.
0
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан