КУБОКТУ БАЛБАНДАР БАСЫП ЖЫГЫЛЫШТЫ

Ошентип, “Кыргызстандын жаштары биримдик жана сергек жашоо үчүн!” урааны астында футбол боюнча “Супер-Инфонун” кубогу да жыйынтыкталды. Түрдүү тармактын өкүлдөрүн чогулткан спорттук таймашта медалдарга кантип жетишүү керектигин баарынан мыкты билген спортчулар жеңип чыгышты. Бирок балбандардан турган “Спорт жылдыздарына” чемпион болуу үчүн көп эле тер төгүүгө туура келди.

ЧЫНЫГЫ СПОРТТУК МАЙРАМ
29-30-май күндөрү Бишкектин Абдрахманов-Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Дордой” спорт комплекси өзгөчө шаңга бөлөндү. Кыргызга аты таанымал инсандар “Супер-Инфонун” кубогу үчүн топ кубалап, таймашка түшүштү. Алардын ар кимиси өз ишинин чеберлери болгону менен, бул жолу баары футбол боюнча күч сынашышты. Бул күндөрү мелдешти көргөнү жүздөгөн көрүүчүлөрдүн келиши кубандырбай койгон жок. Учурда өлкөбүздүн чемпиондугунда да мындай көрүнүш сейрек кездешет эмеспи.

АБДАН ТОЛКУНДАТКАН УЧУР
Алдын ала айтылгандай, спорттук мелдешти концерттик шоу-программалар коштоду. Мелдешти “Star Dance” бий тобу өзгөчө бийи менен ачып берди. Андан соң футбол талаасына атайын сахна жасалды. “Супер-Инфонун” негиздөөчүсү Кылычбек Султанов менен “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Шаршен Касеновдун куттуктоо сөзүнөн кийин чүчү кулак ташталды.
Сахна четинде достук маанайда турган командалар чүчү кулактан кийин заматта атаандаштарын таап, бири-бирине башкача карай башташты. Чүчү кулактын негизинде төмөнкүдөй жуптуктар аныкталды:

“ТАМАШОУ” – “СПОРТ ЖЫЛДЫЗДАРЫ” –
1:1 (пенальтиден 2:4)

"Тамашоучулар" менен спортчулар беттешкен алгачкы эле оюнда чыныгы күрөш, голдор жана пенальтилер сериясы орун алды. Футболдук лотереяда “2-ротанын” өкүлү Адилет менен “юрист” Кубаттын жаза тебүүсү командасына кымбатка түштү. Мүмкүн, “тамашоучулардын” жеңилишине жетекчиси Эрмектин жок болгондугу таасирин тийгизгендир. Эрмектин зарыл жумуштар менен чет өлкөгө учуп кеткенин билдик. Такталбаган маалыматтар боюнча, ал Египетте жүрөт.

“УЛУТТУК БИРИНЧИ КАНАЛ” – “ШОУ-БИЗНЕС” –
2:1

Тележурналисттер чүчү кулак таштоо учурунда “Шоу-бизнеске” туш келгенин укканда кубанычтарын жашырышкан жок. Буга баары күбө болду. Бирок аларга ырчыларды жеңүү оңойго турбады. Жадакалса шоу-бизнес өкүлдөрү биринчи болуп гол киргизүүгө жетишишти. Ошентсе да “Улуттук биринчи канал” жеңишти өз тарабына оодура алды.

“МЕГАКОМ” – “СУПЕР-ИНФО” –
2:1

Бул оюн биринчи күндүн жабылыш оюну болду. Күйөрмандарынын сүрөөнү астында эсепти ачкан “суперчилер” жеңишти кармап кала алышпады. Оюндун экинчи бөлүмүндө “мегакомчулар” эсепти теңеп гана чектелбестен, жеңиш голун да жарата алышты.
Ошентип, “Супер-Инфо” өзү уюштурган бул мелдеште байгелүү орундардын баары өнөктөштөрүнө буюра тургандыгы белгилүү болуп калды.

ОЙНОП, ЫРДАГАНДАР ДА БОЛДУ
Эки күн бою оюндардын аралыгында көрүүчүлөргө футболдун ордуна Гүлзинат Суранчиева, Мирбек Атабеков, Кундуз Канатбек кызы, Даниэль, Аида Кулуева, Кумар Асанов, Дайыр Исмадияров, Добр, Аваз Акимов ырларын тартуулашты. Добр менен Аваз өз өнөрлөрүн футбол ойноп да көрсөтө алышты. Ал эми алпаруучулук кызматта белгилүү телеалпаруучу жана ди-джей Арстанбек Абдыманов турду. Ошондой эле чечүүчү “Спорт жылдыздары” –“Улуттук биринчи канал” беттешинин жүрүшүн Кубан Атабеков өзү баяндап берди.

ФИНАЛДЫК ОЮНДАР ТУУРАЛУУ
Мелдештин экинчи күнүн­дө да майданда биринчи күн­дөгүдөй маанай болду. Кө­рүүчүлөрдүн көптүгүнөн эл отургучтарга батпай, көк майсаң үстүнөн орун алгандар болду. Ал эми чемпион 3 команданын ортосунда айлампа системасында аныкталды. Алгач “Мегакомдун” “Улуттук биринчи каналга” 1:2 эсебинде жеңилип, “Спорт жылдыздары” менен 1:1 эсебинде тең чыгуусунан кийин кубоктун тагдыры “Спорт жылдыздары” – “Улуттук биринчи канал” беттешинде чечилмей болуп калды.

“НАМЫСТЫ АЛДЫРБАЙЛЫ!”
Буга чейин эки оюнда тең 1:1 эсебинде тең чыгып келген балбандар үчүн чемпион болуу үчүн жеңиш гана зарыл эле. Ал эми “Улуттук биринчи каналга” тең чыгуу жетиштүүлүк кыл­мак. Оюн алдында Канат Бегалиевдин командалаштарына: “Биз жеңишибиз керек. Жеңбесек, анда эмнебиз спортчу? Намысты алдырбайлы!”- деген кайрылуусу жерде калбады. Натыйжада оюн эсеби 3:1, “Спорт жылдыздары” – чемпион! Балбандардан куралган "Спорт жылдыздары" – “Супер-Инфонун” кубогунун туңгуч жеңүүчүсү!

КОЛДОГОНДОРГО ЧОҢ РАХМАТ!
Футбол талаасы менен камсыздаган “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Шаршен Касеновго, демилгебизди колдоого алган КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Алмаз Касеновго, чакыруубузду кабыл алып катышып берген бардык командаларга, эки күн микрофонду колунан түшүрбөй жүргөн Арстанбек Абдымановго жана колдоп келип берген көрүүчүлөргө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ал эми "Шоу-бизнес" командасы колдоо көрсөткөндүгү үчүн "Замандаш" партиясына ыраазычылыгын билдирет.


Жергиликтүү кабарлардан

Футбол

“АБДЫШ-АТА” КӨЧ БАШЫНДА
29-май күнү “Нефтичи” – “Алга” беттешүүсү менен КРнын чемпиондугунун 2 айлампа оюндары башталды. Кочкор-Аталык “нефтичилер” дебютант “Алганын” үстүнөн 2:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишип, 2-орунга көтөрүлүп алышты. Калган оюндарда “Дордой” “Шерди” 6:0, “Абдыш-Ата” “Химикти” 3:0 эсебинде артта калтырган. 5-июнь ишемби күнү Бишкектеги “Спартак” стадионунда “Дордой” – “Абдыш-Ата” оюну өтөт. Башталышы 18:00дө.

Таэквондо

ОРУСИЯНЫ БАГЫНТЫШТЫ
Жакында кыргызстандык чеберлер таэквондо АТФ боюнча Краснодарда Орусиянын ачык чемпиондугуна ийгиликтүү катышып келишти. Өлкөбүздүн атынан барган 5 өкүлдүн бири да медалсыз кайткан жок. Алсак, Бишкектин №31-мектебинин 10-классынын окуучусу Бактыгүл Шерматова 60 килограммга чейинки салмакта алтын медаль тагынган. Ошондой эле Арсен Айбек уулу (35), Жаркынай Замирбекова (45), Алымбек Кадыров (55) мелдештин күмүш медалдарына татышса, Канат Аралбек уулу (30) байгелүү 3-орунга илинди.

ДЕНИ САК УЛУТ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨНҮН НЕГИЗИ
27-майда Чолпон-Атада “Дени сак улут – өнүгүп бараткан өлкө” урааны астында республикалык спартакиада жыйынтыкталды. Мелдеш айыл жаштарын сергек жашоо образына үндөөнү көздөдү. Ага өлкөбүздүн бардык облустарынан 700дөн ашуун өкүлдөр катышып, футбол, күрөш, волейбол, тогуз коргоол, жеңил атлетика жана ордо боюнча таймашышты. Спартакиадада Ош облусунун спорт сүйүүчүлөрү 1-орунду ээлешти. Кийин­ки байгелүү орундарды Чүй жана Талас об­­­лусунун өкүлдөрү эч кимге беришкен жок.

Ушу

“ГЕРМЕС-ПРОФИ” ДА ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ
Өткөн дем алышта балбандар футбол талаасында жеңиш жаратып жаткан чакта, “гермесчилер” ушу-саньда боюнча өлкө биринчилигинде жалпы командалык эсепте 1-орунду ээлешти. Ушу-саньда боюнча КРнын бардык чемпиондору: Т.Таалайбеков (салмагы 48 килограмм, командасы “Маралбек”), У.Маматов (52, “Гермес-профи”), М.Сүйүмбаев (56, “Мирбек”), А.Федосеев (60, “Гермес-профи”), А.Дүйшөмбиев (65, “Гермес-профи”), С.Дарканбаев (70, “Гермес-профи”), К.Жалиев (75, “Гермес-профи”), А.Шамшидин уулу (80, “Гермес-профи”), Р.Никарамазанов (85, “Гермес-профи”), У.Мамытов (90, “Келечек”) жана Д.Алымжанов (95, “Келечек”).

Базарбек Абдураимов Адилет Бектуров
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Футбол боюнча "Супер-Инфонун" кубогу - 2010"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
URB KG
2010-06-07 16:18:15
Аттин ай, Бишкекте болгонумда созсуз барат элем го, Супер футболго.
Эми буйруса, кийинки сезонду куто туралы.
Чемпиондор лигасынан кем болбосо керек, Кыргызстандын масштабында.
0
Asat
2010-06-07 20:16:57
BAktygyl Shermatova saitka kirsen menin mailym Asat93@mail.ru naidi pls:)))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))) BAKTYGYL SHERMATOVA
0
ЛИМОН
2010-06-08 04:09:09
Эк.... сулуумун деп эле жарым жыланач борлуп алыш керекпи,уялбай жургонуно тан калып жатам толтура элдин арасында. тээтиги кызга,аты ким дейт женуучу.
0
АйГа
2010-06-09 18:42:43
Лимон, эмне кыз адам эмеспи?
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан