ТҮРКИЯДА ЖУМУШ: ЖОГОРКУ МАЯНА, ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЖАНА КЕПИЛДИК

Учурда кыргыз жарандарын чет өлкөгө жумушка орноштуруучу агенттиктер көбөйүп кетти. Бирок кээ бир учурларда мигранттардын укуктары бузулуп, кулчулукка кабылгандары да бар. Бул багытта түркиялык Өзер Арджан "АППАК консалтинг" аттуу жумушка орноштуруучу жаңы компания ачып, кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылуу боюнча иш баштаган. Өзер мырза компаниясын мыйзамдуу жана коопсуз кызмат көрсөтөт дейт.

– Саламатсызбы, Өзер мырза? Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.
– Мен 1973-жылы Түркияда туулгам. 6 балам бар. 3 уул, 3 кыз. Алгач Орусиянын Челябинск шаарында филология адистигине ээ болуп, кийин Ростов-на-Дону шаарында экономика адистиги боюнча билим алгам. Акыркы 4 жылдан бери үй-бүлөм менен Кыргызстанда жашап жатам.
– «АППАК консалтинг» компаниясы негизинен эмне менен алектенет?
– Биздин "АППАК консалтинг" компаниябыз жарандарды Түркияга мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу боюнча иш алып барат. Бул боюнча атайын лицензияга да ээбиз. Компаниябызды 2015-жылы ачканбыз, бирок Түркияга жарандарды жумушка орноштурууну быйыл баштадык.
– Мындай идея кайдан келди сизге?
– Мага Аланья шаарындагы 5 жылдыздуу мейманканадан чет элдик жарандарды ишке орноштуруучу компания ачуу сунушу түшкөн. Ал мейманканада 2 миң адам иштейт экен. Кызматкерлеринин баары түркиялыктар. Түркиянын мыйзамына ылайык, мейманканалар жумуш орунунун 20 пайызына чет өлкөлүктөрдү алууга укуктуу. Ушул себептүү чет өлкөлүктөрдү, айрыкча кыргызстандыктарды ишке орноштурууну чечтим.
– Эмне үчүн кыргызстандыктарды гана?
– Кыргызстандык эмгек мигранттары чынчыл, жоопкерчиликтүү, токтоо болуп, жаңы жумушка тез ыңгайлашышат. Туризм тармагында мындай сапаттар өтө жогору бааланат. Туризм ызы-чууну, тополоңду сүйбөйт. Кыргызстандыктар андай эмес.
– Сиздер кандай жумуштарды сунуштап жатасыздар? Кандай өзгөчөлүктөр каралган?
– Жумушка кыргызстандыктарды кабыл алуу боюнча Аланья шаарындагы 5 жылдыздуу 4-5 мейманкана менен келишим түзгөнбүз. Жаш курагы 18ден 35 жашка чейин болуш керек. Негизинен, мейманканада тейлөө тармагында иштешет. Суткасына жумуш убактысы 8 сааттык. Жумасына 1 күн дем алыш. Күнүнө 3 маал бекер тамак жана жумушчулар үчүн мейманканадан жай берилет. Медициналык камсыздандыруучу компания тарабынан камсыздандырылат.
Албетте, кайсы жумушка орношуусуна анын буга чейинки жыйнаган тажрыйбасы таасир этет. Эгер буга чейин тейлөө тармагында иштебеген болсо катардагы официант болуп ишин баштайт. Алгач официанттын жардамчысы, официант, бармен жана башка кызматтарда иштей алат. Биздин Appak.kg деген расмий сайтыбыз, юристибиз, нотариусубуз, авиакассабыз бар.
– Айлык маянасы канча болот?
– Кыргызстанда банк кызматкерлери жакшы маяна алышат. Бир ирет банкта акча которуу жагында иштеп жаткан татынакай кызга барып, маянасын сурасам 10 миң сомдун тегерегин айтты. Ал эми күн сайын колунан миллиондорду өткөрүп жаткан кассирге барып маянасын сурасам 15 миң сомдун тегерегин айтты. Жадакалса алардын тамак-ашы, жол киреси жана жашаган жери да бекер эмес. Биз эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. Биз сунуштап жаткан жумушта 420 доллардан 750 долларга чейин айлык ала алышат.
– Жубайлар да барып иштесе болобу?
– Биздин компанияга Түркияга иштөөнү каалаган 10 чакты жубай келди. Бирок аларга өзүнчө жашоого шарт жок экенин түшүндүрдүк. Алар биз койгон шарттарга макул болду. Жумуш учурунда жолуга албашы мүмкүн, бирок дем алыш күндөрү бирге сейилдеп, эс алганга шарт түзүлгөн.
Жумушчу визасын даярдаганга орточо 3-4 апта керек болот. Алгачкы топту биз ушул жылдын апрель айынын аягына чейин жөнөтүүнү пландап жатабыз. Биз колдон келишинче 20-40 адамды бирге жөнөткөнгө аракет кылабыз. Ишенбөөчүлүк болбошу үчүн кеңсебизге бардык жакындары менен келип, шарттар тууралуу маалымат алып кетсе болот. Биздин кызмат эң коопсуз.
– Жумушка орношууну каалаган жарандардан жалпы канча каражат керектелет?
– Виза ачуу, учактын жол киреси сыяктуу кызматтарды кошкондо 240 доллар керек болот. Ал эми андан сырткары биздин кызмат үчүн 100 доллар төлөшөт. Жалпы чыгаша 340 долларды чапчыйт. Жумушчулардын айлык маяналары түрк лирасы менен атайын ачылган картага түшөт. Аны ошол эле замат каалаган валютасына алмаштырып алса болот. Эгер биздин кызмат үчүн берилчү 100 долларды башында төлөй албаса, анда алгачкы айлыгынан төлөп койсо да болот. Бул да биздин өзгөчөлүгүбүз.
Алгач жарандар керектүү документтерди биздин компанияга беришет. Биз аларды түркчө которуп, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине тапшырабыз. Элчилик бизге атайын код берет. Коддорду Түркиядагы жумуш берүүчү мейманканаларга жиберебиз. Алар кайра бизге 3-4 апта ичинде жумушчуларды тандап, кат жолдошот. Чакырылган жарандарга элчилик даяр болгон 1 жылдык визаны тапшырышат.
– Түрк тилин билбегендер да барып иштей алышабы?
– Түрк тилин билүү шарт эмес. Андан көрө англисче, орусча, немисче же арабча билгендер болсо жакшыраак болот. Себеби Аланья шаарындагы мейманканаларга жылына 2 миллиондон ашык турист келип кетет. Тескерисинче, тил билбеген жаштар барса өздөрү үчүн аябай пайда. Себеби жумушта болгон 6-7 ай бою түрк жана англис тилин практика жүзүндө үйрөнүп алат. Бул өтө сонун мүмкүнчүлүк. Акча иштегенче тил да үйрөнүп алышат.
– Стажировкага канча убакыт берилет?
– Стажировкага убакыт берилбейт. Жумушту жасап жатып эле утурлай үйрөнүп кете беришет. Себеби убакыт тар. Түркия тейлөө кызматы боюнча дүйнөдө лидер. Бул багытта Түркияга Кипр, Греция, Испания сыяктуу мамлекеттерден атайын келип окуудан өтүп кетишет. Мындан улам алар жаңы кызматкерлерге ыңгайлуу жана оңой жолдор менен тез эле үйрөтүп коё алышат.
– Эмгек келишими канча убакытка түзүлөт?
– Эмгек келишими туристтик сезонго ылайыктап 7 айга түзүлөт. Тагыраагы, апрелден баштап ноябрдын башына чейинки убакка. Келишим мөөнөтү аяктагандан кийин мейманкана жетекчилиги жумушчуга Кыргызстанга кайтчу билетин алып берет. Жумушчулар таратылгандан кийин мейманканада кийинки сезон үчүн оңдоп-түзөө иштери жүрөт.
– Мейманкалар жайгашкан Аланья шаары тууралуу айта кетсеңиз...
– Аланья шаары Түркиянын түштүгүндө, Анталиядан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Менимче, Анталиядан ары 2 сааттык жол. Кооз жана тынч аймактан орун алган. Быйыл жаңы баштагандыктан өтө көп кишини жумушка орноштура албайбыз. Бул жылы орточо 450-500 жумушчу жөнөтүүнү пландадык. Учурда бизге кайрылгандар да көп болууда.
– Эгерде жумушчу келишимди аягына чыгарбай кетүүнү кааласа эмне болот?
– Келишимди түзүп жатканда эки тараптуу милдеттер жана шарттар коюлат. Коюлган шарттарга макул болсо гана келишим түзүлөт. Жумуш сезон учурунда гана болгондуктан, ар бир күн баалуу. Ошондуктан бара турган адам башында эле ойлонушу керек. Эгер эч эле болбой келишимди буза турган болсо, анда кайтуусу үчүн мейманкана билет алып бербейт.
– Алдыда кандай пландарыңыз бар?
– Буюрса, биздин "АППАК консалтинг" компаниябыз мындан ары да кулачын кенен жаят. Жарандарды жумушка орноштурууну көбөйтөбүз. 2019-жылы 1500-2000 жаранды ишке орноштурууга аракет кылабыз. Ушул тармакта баарынан мыкты болууну ниет кылганбыз. Андан сырткары жаңы кызмат көрсөтүү багыттарын ишке киргизебиз. Кыргызстандагы кесиптештерибиз менен да кызматташууга даярбыз.


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  • Жалпы жарандык паспорт
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымдама
  • Жашаган жеринен маалымдама
  • 5х6 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт
  • Тулку бою чагылдырылган 10х15 өлчөмүндөгү сүрөт

Биздин өнөктөштөр:

► «Кыргызинстрах» жабык акционердик коому. Биз бул компания менен расмий түрдө кызматташабыз. Алар жумушка орношуучуларды камсыздандыруу иштеринде көмөк көрсөтөт.
► Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги. Мен аталган элчиликтен котормо иштерин жүргүзүү укугун дагы алганмын. Мага жасаган колдоосу жана ишеними үчүн элчи Жеңгиз Камил Фырат мырзага ыраазычылык билдирем. Ал жакында кызматка киришсе да өтө жакшы иштеп жатат.
► Түркиянын өкмөтүнө караштуу ТИКА агенттиги. Аталган агенттикке да биздин компанияга көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем.

«Биздин чакан жана ынтымактуу команда».

www.appak.kg
О! +996 505 066 777
Мегаком +996 553 066 777
Билайн +996 775 066 777
Бишкек ш., Москва көч., 73


Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Targarien
2018-03-13 15:24:17
Ушундай компаниялар кобоюп кетиптир Мен Турцияга барганда келишимде 500 доллар деп жазылган Анан иш жузундо 380 доллардан ашык алган жокмун Булар ар бир жумушчунун айлыгынан 100 доллар жейт экен Бирок аны моюндарына албайт Ото арзан 8 сааттан коп иштетет Англис ж.б тилдерди билсе андан коро Дубайга кеткен жакшы
+7
portugalia
2018-03-13 15:34:27
Кимдер ишенип барышат экен, такыр тушунбойм.
+4
portugalia
2018-03-13 15:37:15
Тил билуу зарыл эмес деп реклама кылып жатышат.Тил билбей кантип иштешет?
+5
gulya583
2018-03-14 00:27:19
Кудай озу сактасын Кыргыз элимди, жеримди. Ишениш кыйын акыркы убактарда
+5
Kirajsjk
2018-03-14 15:45:01
kalp ele jakwi kiwi bolup kairan turktor,birinchi ozunordun kizikchiliginardi oilodunarda.
+2
D.Uezalieva
2018-03-14 21:09:02
Кыргыздар аз айлыкка,коп саат жумушка макул болуп иштей беришет ошого алышат да.Турк ооой оной менен жедирбейт.
+2
langar
2018-03-14 22:12:35
Зарплата азго расияда 25000р алышат ен аазы булардын зарплатасы ошого тенго
+2
langar
2018-03-14 22:13:08
Зарплата азго
+2
Jumanazar.97
2018-03-14 22:55:29
Булардын максаты оздорунун мейманканаларын арзан жумушчу кучу менен камсыз кылуу
+4
Jyrgal_msk
2018-03-20 03:35:48
Турктор эс качан акчаны жон бербейт.500 доллар учун эки эсе оор жумуш берет.Экинчиден,ал жакта иш берген адамдар кандай мамиле кылат.Ошого жооп бере алабы?Иш бергендер кордук корсотсо куткара алабы?Моральный,материальный чыгымдарын ондуруп бере алабы?Жалан кыздарды алат экен да ошондо ээ?
Ойлонгула кыздар.
0
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан