ПАЛЛИАТИВДИК ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ УЮШТУРУУ ЖАНА АНЫ ЖЕТКИЛИКТҮҮ КЫЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ.

Колдонууга мүмкүн болбогон укук

Паллиативдик жардам – бул өмүргө чоң коркунуч келтирүүчү дартка чалдыккан бейтаптардын жана алардын үй-бүлөсүнүн жашоосун жакшыртууга болгон мамиле. Анда бейтаптардын ооруларына терең баа берилип, оорудан азап чегишинин алдын алуу, жеңилдетүү аркылуу аларга психосоциалдык жана руханий жактан жардам берүү.

2017-жылы «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен паллиативдик жардам боюнча изилдөө жүргүзүлүп, анда бул тармак боюнча Кыргызстандагы абалды талдоо жана калк үчүн мындай медициналык кызматтарды жакшыртуу максаты коюлган.

Биздин өлкөдө паллиативдик жардам көрсөтүү боюнча биринчи мыйзам негиздери 2012-жылы түптөлгөн. 2016-жылы «Паллиативдик жардам» түшүнүгүн жана мамлекеттин аны аткаруусу боюнча милдеттерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү изилдөө жүргүзүүгө түрткү болду. Анткен менен бул мыйзам иш жүзүндө аткарылбай келет. Себеби кыргызстандыктардын дээрлик көпчүлүгү аны жөн гана колдоно алышпайт. Өлкө боюнча орто эсеп менен жылына 20 миң адам паллиативдик жардамга муктаж. Аларга онкологиялык гана оорулар эле эмес, СПИД, жүрөк кан-тамыр, неврологиялык жана өпкө оорулары сыяктуу башка айыкпас дарттар да кирет. 2016-жылы онкологиялык оорудан жабыркаган 876 гана бейтап стационарда, ал эми 230 адам үйдө дарыланды. Ал эми медициналык маалыматтарга таянсак, 3 миң 3 жүз кыргызстандык бейтапка мындай жардам ар күн сайын көрсөтүлүп турушу керек болчу.
Мындай абалга бир катар көйгөйлөр алып келген. Биринчиден, мындай жардам көрсөтүү үчүн өлкөбүздө Бишкек шаарында 25 орундуу, Ош шаарында 5 орундуу болгон 2 гана стационар иш алып барат. Андан сырткары кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн Кеминдеги ооруканадагы 60 орун да кирет. Ал жактарда дарыланып жаткан бейтаптар үчүн дарылануу убактысы чектелген (10 күнгө чейин), ошондой эле дарылануу да бир топ кымбатка турат. Мисалы, Бишкек шаарында 1 бейтап үчүн түз жана кыйыр чыгымдар айына 15 миң сомго чейин жетсе (жумушчулардын айлык акысын жана коммуналдык кызматтарды төлөөдөн баштап изилдөө жүргүзүү жана дарылоого чейинки чыгымдар), Ош шаарында бул чыгым 17 миң сомго жетет.

Экинчиден, паллиативдик бейтаптар тийиштүү комплекстүү медициналык кызматтарды ала алышпайт. Себеби Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамы бейтаптардын опиоиддик анальгетиктерди (морфинди) колдонуусунун дозасын 3000 миллиграммга чейин гана чектеп койгон, башкача айтканда, бейтап ооруну сездирбөөчү каражатты толугу менен ала албайт. Ошондуктан айрым бейтаптар жан чыдагыс оорудан улам көз жумган учурлар да кездешет. Андан сырткары өлкө боюнча болгону 40% гана дарыгерлер оорунун синдромуна туура баа бере алышат, ал эми морфиндин рецептин тууралап жазып берген дарыгерлердин саны андан да аз.

Үчүнчүдөн, өлкөдө бейтаптарга паллиативдик жардам көрсөтө билген адистер дээрлик жокко эсе. Андай адистерди даярдоо биздин өлкөдө калыптануу жана иштеп чыгуу стадиясында гана жүргүзүлүүдө.

Мындай абалдан чыгуунун жолу катары Кыргыз Республикасында паллиативдик жардамды үйдө көрсөтүүнү өнүктүрүүгө басым жасоо сунушталууда, мында мамлекет үчүн каржы көйгөйү чечилет. Үйдө паллиативдик жардам көрсөтүү стационарга салыштырганда орточо 3 эсе арзанга турат. Андан сырткары башка негизги нерселерге да көңүл буруу керек: үйдөгү чөйрө жана тууган-туушкандардын бейтапка көзөмөл кылуусу ооруканага салыштырмалуу пайдалуураак жана ыңгайлуурак.

Азырынча өлкөбүздө 2013-жылдан бери «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен паллиативдик жардамды үйдө көрсөтүү боюнча болгону 3 дисциплина аралык топтор гана Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барышууда. Бир айда ар бир бейтап үчүн мындай паллиативдик кызматты үйдө көрсөтүү 3 миң сомго чыгат, толук кам көрүү (орточо эсеп менен үйгө 45 жолу баруу) 20 миң сомду түзөт, ал эми бейтаптардын жана алардын үй-бүлөлөрү эч кандай акы төлөшпөйт.

Ошентип, изилдөөнүн жыйынтыгы бюджеттик каражатты кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү келип чыккандыгын көрсөттү. Анда каражатты паллиативдик жардамды үйдө көрсөтүүнү кеңири өнүктүрүүдө колдонууга боло тургандыгын, бул медициналык жардам көрсөтүүдө арзан түшөрүн, ошондой эле анын бейтаптар менен алардын тууган-туушкандары үчүн артыкчылыкта болорун көрсөттү.


Асаналиева Лола Усенгазиевна,
медицина илимдеринин доктору,
«Ачык медициналык жамаат»
коомдук бирикмесинин башкаруу
кеңешинин жетекчиси

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aizirek...
2018-03-15 18:16:55
Урматтуу Супер инфо кант диабети жөнүндө жазыңыздарчы. Кандай тамактарды жегенге болот, болбойт... кыскасы кенээн кылып. Сураныч сиздерден
0
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан