«4 ОКУУЧУБУЗ МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫ БАГЫНТТЫ»

Кыргызстандан барган 4 окуучу Сингапур өлкөсүнүн Сингапур шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага катышып, эң жакшы көрсөткүчкө ээ болуп келишти.

Венера Кадыркуловна, «Шенмо-Кыргызстан» менталдык арифметика борборунун жетекчисинин орун басары:
– Биздин борбордун 4 окуучусу, атап айтсак, Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик №5 гимназиянын 4-классынын окуучусу Аэлита Сагынбекова, Балыкчы шаарындагы №4 гимназиянын 6-классынын окуучусу Айгерим Ашымбекова, Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 6-классынын окуучусу Нураида Апасова, Ак-Талаа районунун Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Канатбек уулу Дастан 7-11-март аралыгында Сингапур шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага катышып, ийгиликти багынтып келишти. Олимпиадага 28 өлкөнүн, анын ичинде олимпиадага жаңыдан катышып жаткан Кыргызстан, Америка, Непалдын окуучулары катышкан. Көрсөткүчтөр «төмөнкү деңгээл», «орто деңгээл», «жогорку деңгээл» деп бааланган. Биздин окуучулар «жогорку деңгээлди» багынтышты. Бул менталдык арифметика жаңыдан өнүгүп жаткан биздин өлкө үчүн чоң сыймык.
Окуучуларды Сингапур өлкөсүнө биздин борбордун тренери Чоробек кызы Бактыгүл жетектеп барып келди. Жол кире чыгымын ата-энелер көтөрсө, жатакана, тамак-аш чыгымын «Шенмо» эл аралык менталдык арифметика борбору каржылады. Биздин борбор 2016-жылдан бери иштеп келет жана анда 10 тренер, 10 мугалим иштеп, Бишкек, Балыкчы, Чүй, Нарын, Жалал-Абад аймактары болуп жалпы 500 окуучу бар.

Чоробек кызы Бактыгүл:
– Олимпиадага даярдыкты былтыртан баштап көрө баштаганбыз. Минтип акыбети кайтып отурат. Сингапурга жакын мамлекеттерден башталгыч класстын окуучулары да келишти. Биз деле балдарды али кичине дебестен алпарып катыштыра берсек болот экен деп ойлоп калдык. Кийинки олимпиадалар 2019-жылы Европада, 2020-жылы Америкада, 2021-жылы Африкада өтө турганы маалым болду. Буюрса, аларга да катышабыз деп турабыз. Олимпиададан тышкары эс алуу жагы жакшы уюштурулуптур. Карусель, зоопарк, лазердик шоу дегендер бекер болду. Олимпиадага келген ар кайсы өлкөнүн балдары бири-бири менен таанышып, достошуп алышты. Биз өлкөнүн желегин ала барганбыз, анан окуучуларыбыз улуттук кийимдерди кийген эле. Кийимдерине кызыгып, таң кала карашып, кармалап да көрүп жатышты. Окуучулардын ата-энелери бизди колдоп жол кирелерин төлөп бергени үчүн ыраазыбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nuraiym94
2018-03-20 12:20:38
Жакшы !Ушундай азаматтарыбыз кобойо берсин!
+5
allia
2018-03-20 16:22:59
Азаматтар
+2
Nurmuhammed2016
2018-03-24 13:41:13
эн сонун азаматтар, жалалабадтын каеринде окутат экен?
0
33SUUN
2018-03-25 03:28:39
Алга Кыргызстан алга
0
Zainidin96
2018-03-25 23:39:56
Онорунор оркундой берсин ийгилик
0
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан