Жеңишбек Жумакадыр коомдо болуп жаткан орчундуу көйгөйлөрдү көзгө сая көрсөтүп, ырга салып аткарган чебер акын. Төкмө акындын эне тил жөнүндө, мекен жөнүндө саптары көпчүлүктүн көңүл түпкүрүнөн орун алып, соцтармактар аркылуу кеңири тарап, бат эле "элдик ырга" айланып кетип жатканын билебиз. Бүгүн биз төкмө акындын коомдогу көңүл ооруткан маселелер боюнча оюн угуп көрдүк.
– Кош келипсиз, Жеңишбек мырза, биз сизди эл көйгөйүн ачык, так чагылдырган жалындуу ырларыңыз менен тааныйбыз. Айтсаңыз, ырларыңыз кандай учурларда жаралат, эргүү кайсы убакта келет?
– Кош келдик, менин жан дүйнөм дайыма тынч эмес, бирде ырдап, бирде ыйлап жүрөт. Кандай учурда болбосун ырдайм десем ырдайм, жазам десем жазам. Болгону көп нерсе сыртка чыкпай ичте кайнап жүрө берет. Эргүү келсин деп аны күтпөй, тескерисинче, аны дайыма чакыра жүргөн адам гана чыныгы чыгармачыл адам деп түшүнөм. Келген эргүүңдүн жыйынтыгы учуру келгенде элге тартууланат. Өнөрдөн башка да көр турмуш менен алпурушуп жүрүп убакыттан уттуруп жиберген учурлар көп.
– Дин темасында ырларыңыз көп, бул темага көп кайрылганыңыздын себеби эмнеде?
– Динди жашоодон бөлүп кароого мүмкүн эмес. 24 саат дем алып жашаган жашооң өзү дин. Мен бардык улуулукту, урматтоону, сыйлоону, туура жашоону динден үйрөндүм. Өзгөрүлдүм, өкүндүм, сүйүндүм дегендей. Кээде сөз менен жеткире алгыс сезимдерге ээ болдум. Өзүм тапкан бактылуулукту башкаларга да ыраа көрүп, өнөрүм менен акыйкатка чакырганга аракет кылып келем. Бирок бизде дин темасы козголгондо бардык тема кошо козголот. Мен дайыма айтып келем «аттиң, ай, Кудай бизге Исламды бергениндей түшүнө албадык» деп. Чалкыган деңиз жатса, бир кудуктун тегерегинде талашып-тартышмай. Диндин кандай экенин бирөөнүн кемчилиги аркылуу таразалабай, аны өздөрү терең окуп анализдешсе дейт элем.
– Тил маселеси боюнча да көп үлгү-насаат ырларыңыз бар, жакында эле Фейсбукта ушул кыргыз тилинин таламын талашам деп сынга кабылдыңыз окшойт?
– Тил жөнүндө ырдап да, жазып да келе жатабыз. Фейсбук баракчама кыргыз тилин колдоп жазганым боюнча көп талкуулар болду. Мени өкүндүргөнү, таза кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөйлү дегениме, орусча комментарийлерди жазып акыл үйрөткөндөр болду. Менин бир «киргиз» таанышым бар, мага теңтуш өзү. Ага тамашалап «айылга барсам үйдөгү жылкым уйча мөөрөп калыптыр» десем, "жинди болуп сүйлөбөчү буга ким ишенет" деп күлөт. "Жок, болот экен, сен деле кыргыз болуп орусча сүйлөп жатпайсыңбы" дедим. Ар бир кыргыздын жети тилди билишин каалайт элем. Бирок кыргыз менен кыргыз өз мекенинде кыргызча сүйлөшүшү керек. Тилибизди чанып отурсак урпактарга кайсы тилди "ата-бабаң сүйлөгөн тил" деп мурас калтырабыз?!
– Коомдо болуп жаткан кайгылуу, капалуу, кубанычтуу окуяларды акындар жүрөгү аркылуу өткөрүшөт, сизди акыркы күндөрү коомдо болуп жаткан кайсы окуялар түйшөлтүп жүрөт?
– Бизде өзү түйшөлтпөгөн маселе барбы? Бардык маселе түйшөлтөт. Тартиби бекем, баары ыймандуу, жемкорлук жок, жерин сатпаган, мыктыларды камабаган, көчөдө коркпой баса турган, чыныгы мыйзамдар иштеп өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген мамлекетке айлансак деп кыялданам.
– Чыгармачыл адамдардын көбү той-аштарда кызмат кылып каражат табышат, ал эми төкмө акындардын каражат тапчу булагы эмнеде?
– Илгертен акындардын ырыскысы элден болуп келген да. Байыртан жарчы болуп жакшылыктардын башында туруп келишкен. Кыргыздын тойлорун Филипп Киркоровсуз элестетүүгө болот, бирок төкмө акындарсыз элестетүү кыйын (күлүп). Мындан сырткары жеке өзүмдүн бир аз акча тапчу иштерим бар.
– Саясатты сындап да, ырдап да каласыз, өзүңүз келечекте саясатка аттанып, эл көйгөйүн чечүүнү каалайсызбы?
– Азырынча өздөрүнө эле буюрсун. Саясатчыларды сындап, чымчылап тургандын өзү саясат.
– Коомчулукта дайыма «казак төкмөлөрү кыйын, кыргыз төкмөлөрү кыйын» деген талашып-тартышуу жүрүп келет, сиздин оюңузча кимиси кыйын?
– Казактардын да мыкты акындары бар, өздөрүнүн ырдоо стилдерине жараша. Бирок коркпой-үркпөй эле кыргыздын төкмөлөрү кыйын деп айта алам.
– Былтыр Казакстан чек араны жаап койгондо ыр менен Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасаган элеңиз, ал кайрылууңузга жооп болдубу?
– Ал киши мени жакшы тааныйт. Эки жолу тар чөйрөдө чакыртып ырдаткан эле. Мен аны күлдүрүп, көңүлүн көтөргөн жайым бар. Чек ара жабылганда элдин кыйналганын көрүп кыска гана кайрылуу жасап койдум. Мен муну акындык да, атуулдук да милдетим деп билдим. Эми көшөгөнүн артында кандай саясат болуп турганын түшүнүп турдук да. Баары эле «эмне казак ажосу жооп бердиби?» деп сурап жатышты. Мен дагы «ооба, мен ырдагандан кийин чек ара ачылбадыбы» деп койдум (күлүп).
– Учурда төкмөлүк өнөрдүн Кыргызстанда абалы кандай, өзүңүз шакирттерди таптайсызбы?
– Кыргызстанда бул өнөрдү алып жүрүүчүлөрдүн саны арбып баратканы сүйүндүрөт. Биздин жолду улап кете турган жаш төкмөлөрдөн уучубуз кур эмес. Алардын көбү менин өкүл балдарым, шакирттерим. Аалы, Идирис, Баян, Кубат, Турат, Чыңгыз, Жамайка деген кызыбыз жана башка дагы тапталып келе жаткан жаш акындарыбыз бар.
– Өзүңүздүн чакан мамлекетиңиз тууралуу да айта кетсеңиз, балдарыңыздын ичинен сиздин жолду жолдоочулар барбы?
– 3 кыз, 2 уулум бар. Эки кызым университетте, экөө мектепте, кичүүсү эки жарым жашта. Колуктум болсо үйдөгү университет. Балдарга мыкты тарбия берип, мага махабатын арнап дагы бүтүрө албай келе жатат.
– Эмнеден эргүү аласыз, сахнада көл-шал болуп ыр төккөндөнбү же элдин кыраан-сүрөөнүнөнбү?
– Өзүм сатирага абдан жакынмын. Сахнада жана башка жерлерде алып баруучу болгондон жана мыкты атаандаш туш келип эл алдында айтышкандан эргүү алам.
Лунара Бекиева
star@super.kg