СКАНДИНАВ БАСЫГЫ ФИТНЕСТИН ӨЗГӨЧӨ ТҮРҮ


Эгер сиз таза абада сейилдегиңиз келсе, анда эки таякты колго алыңыз. Биз сизге фитнестин пайдалуу, физикалык жактан күч келтирбей турган жаңы түрүн сунуштайбыз. Европада кеңири жайылган бул фитнестин пайдасы, эрежелери тууралуу инструктор Макс Прощенко айтып берет.



СКАНДИНАВ БАСЫГЫНЫН ПАЙДАСЫ


► Жүрөк-кан тамырларынын жана дем алуу системинин иштешин жакшыртат

► Көкүрөк булчуңдарын бекемдейт

► Сергектик тартуулайт

► Иммунитетти бекемдейт

► Ишке болгон жөндөмдүүлүктү күчөтөт

► Организмде зат алмашуу процессин жакшыртат

► Кадимки жөө басканга караганда калория 46 пайызга көп коройт

► Бой келбетти түздөйт

► Муундардын бекем болушун камсыздайт

► Холестериндин деңгээлин азайтат

► Арыктоого мыкты жардамчы


ЭСКЕРТҮҮ! Эгер сиз көптөн бери спорт менен машыкпай жүрсөңүз же кан басымыңыз жогору болсо, анда дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп коюуңуз шарт. Мындан сырткары дене табы көтөрүлүп турган кезде скандинав басыгы болбойт.


ТАЯК ТАНДОО
Таяктар адамдын боюна карата тандалат. Эгер үй шартында таяк даярдайм десеңиз, (катуу жыгачтан) боюңуздун өлчөмүн 0,68ге көбөйтүү керек.
Алсак, бой 170х0,68=115 (-+5 см.) сантиметрлик таяк сиз үчүн ылайыктуу.


ТЕХНИКАСЫ

  • Далыны түз абалда кармоо керек. Эки ийин бош болуп, кыймылдоого мүмкүнчүлүк түзүлүшү шарт.

  • Колду денеге жакын кармап, киндиктен жогору көтөрбөө туура. Кол артка ташталганда түз абалда болушу шарт.

  • Сол бут алдыга арыштаганда, оң кол артты көздөй сунулат. Кадамдар алдыга салмак менен ташталат.

  • Таякты алдыга ныгыра таштоо керек. Бут менен таяктын ортосундагы аралык 60 градусту түзүшү шарт.

  • Басууну жай темпте баштап, андан кийин ылдамдыкты бир аз жогорулатууга болот. Басыгыңыз дем алуунун ыргагына туура келүүсү шарт.

  • Жаңыдан машыгып баштагандар үчүн 20 мүнөт жетиштүү. Кийин акырындык менен физикалык дараметине жараша 1-2 саатка чейин көбөйтүүгө болот. Жаш өзгөчөлүк чектелбейт.

  • Жөө басууга чейин денени ойготуп, булчуңдарга жөнөкөй физикалык көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат.

  • Чуркоого, велосипед тебүүгө салыштырмалуу жөө басуу учурунда денедеги булчуңдардын 90 пайызы кыймылга келет.

    ТАРЫХЫ
    Фитнестин бул түрү эл арасында скандинав, швед жана норвегия басыгы деп аталат. Таяк менен жөө басуу мындан 70 жыл илгери келбетин жыл бою бир калыпта сактоо үчүн финляндиялык профессионал лыжачылар тарабынан колдонулган экен. Ал эми 1980-жылдардан тарта медициналык изилдөөлөр жүргүзүлүп, таяк менен басуунун пайдалуу жактары аныкталган.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ararat...
2018-03-20 19:14:56
Чон таяк кармап алып,адыр-тоону аралап,уй-кой кайтарган кундор эске тушуп кетти...)))Фитнесстин туру айылда гой...
+14
deva
2018-03-21 10:45:43
ararat...,эки таякты алышыбыз керек экен да. жакты мага
0
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан