Алмамбет Шыкмаматов: «АЯЛЗАТЫ ЭРКЕКТИ ЖАМАН ЖОЛГО ЖЕТЕЛЕБЕЙТ»

Бейне

Мамлекетти башкарууга акырындап 60-70-жыл­­дардын балдары аралаша баштады. Алар СССРдин кайра куруусун, андан кийинки өткөөл заманды да баштан өткөрүп, бир топ эле бышып-жетилип калышты десе болот. Ошондой кадрлардын катарында “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматов да бар.

ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ

  • 1969-жылы 21-октябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.
  • Мектепти Жумгал районундагы Кызарт айылынан бүтүргөн.
  • Эки кесиптин ээси: филолог жана юрист.
  • “Ата Мекен” партиясынын борбордук аппаратын жетектеп келген.
  • Партиянын катарына өткөнгө чейин сот системасында иштеген.
  • Үй-бүлөлүү, 3 уулдун жана Акылай аттуу ширин кыздын атасы.
  • Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу.

– Алмамбет мырза, сиз бир канча жылдан бери “Ата Мекендин” катарында иштеп келе жатасыз. Баары эмнеден башталды эле?
– Ал кезде Жогорку Сотто кеңешчи болуп иштеп жүргөн чагым. 2005-жыл болчу. Гезиттен Жогорку Кеңеш юридикалык бөлүмдүн башчылыгына конкурс жарыялаганын окуп, сынакка катышып калдым. Ал кезде Өмүрбек Чиркешович спикер эле. Мага “бөлүм башчы эмес, менин жардамчым бол” деп сунуштап калды. Мурун бул кишиге сырттан көз салып, анализдеп, жасаган иштерин жактырып жүрөр элем. Анан макул болуп, мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча жардамчы болуп иштей баштадым. Өмүке эл бийликке алып келген ажо убадаларынан тайып баратканын айтып, экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралды. “Эркек болсо, муунуп өлсүн” деген кеби ошол кезде чуу түшүрбөдү беле. Анда Текебаевди сындагандар көп болгон. Бирок мезгил өзү тараза. Ал сөздөрдүн бекер айтылбаганына жалпы элдин көзү жетти.
Ошентип, спикердин башына айланган кара булут бизди да каптады. Абалкы төрт жардамчысынын экөө кызматтан кетиши керек болчу. Мен башкалар менен кызмат талашпайын деген ойдо Өмүкеге кирдим, мурунку ишиме кетейин деп. Бирок ал бошотпой, биротоло иштешип калдык. “Ата Мекенге” мүчө болуп, саясатка активдүү аралаша баштадым. Партиянын Нарын аймагы боюнча ячейкасын түптөө менин моюнума жүктөлдү. Анан митингдердин заманы башталды. Алгач 2006-жылдагы ноябрь, андан соң 2007-жылдагы апрель митингдери. Ошолордун баарына “Ата Мекен” активдүү катышты.
Мурунку жумуштарыма эртең менен келип, саат 17.30 болору менен чыгып жөнөчү элем. Партия иштерине аралаша баштагандан тартып эс алуу, жумушка эртең менен келип, түштөн кийин эл катары кетүү дегендин баарын унутуптурмун. Түнкү саат 12 болгонун да байкабай иштеп отура берчү адат таптым.
– Саясий ишмердүүлүктүн азабын тартып, “мындан көрө жай пендечилик менен күн көрөм” деп ойлогон күнүңүз болду беле?
– Башында айтпадымбы, жан дүйнөңө үндөшкөн, төп келген жумушту тапмайынча ишиңе берилбейсиң деп. Мен муну эмнеге айтып жатам? Эгер жасап жаткан ишиң үчүн абийириң азап тартпаса, башка кыйынчылыктар көзүңө көрүнбөй деле калат экен. Ооба, саясий ишмердүүлүктүн азабын болушунча эле тарттык. Машинамды, чакан бизнесимди тартып алышып, жөө калган күндөрүм болду. Досторум өздөрүнчө “тобо, Алмамбетти ушундай турмушка көнөт деп элестеткен да эмеспиз” деп сөз кылышчу экен. Аны кийин айтып жүрүшөт. Бирок ошол кезде “ач калдым, ток калдым” деп ойлогон жокмун. Менимче, руханий азык башка бардык материалдык азыктардан күчтүү болот. Идеялык азыктын күчүнө өзүм күбө болдум.
– “Кимдин, кимдин заманы? Кудаяр хандын заманы” деп илгери жарчылар ырдагандай заман азыр Бириккен элдик кыймылга, айрыкча “Ата Мекенге” келгендей. Ушул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, Кыргызстанга пайдалуу иш жасай аларыңыздарга ишенесизби?
– 2005-жылды эстесеңиз, Бакиевди эл кандай колдогон эле? Ал жарданган элге “Конституциялык реформа жасайм” деп убада берген. Бирок анын өтөсүнөн чыкпады. Азыр биздин негизги милдетибиз, максатыбыз – Конституциялык реформаны ишке ашыруу. Бир адамдын колуна бардык бийликтин чогулушуна жол бербей турган системаны Кыргызстанга түзүп беришибиз керек. Ошондо гана “революция болду” деп айтууга болот. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын ар бир атуулуна референдумга келип, жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышына жапа тырмак өз салымыңарды кошкула деп чакырар элем.
– Бийлигин тарттырган үй-бүлө мүчөлө­рүнүн кайрадан төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшүүлөрүн укканда кандай абалда калды­ңыз?
– Ал сүйлөшүүнү үч кайталап уктум. Экөөнүн планы – акылга сыйбас иш. Жеңилген кишинин өзүнчө стратегиясы болушу керек да. Эгер “азырынча НПОлорду, кайсы бир партияны, журналисттерди колго алып, кайсы бир адамды даярдайлы” деген өңдүү план түзүшсө, “ии, анча-мынча акылы бар экен” демекмин. “Апрелдегиден да көп кан төгүлөт. Ансыз болбойт” деп айтып жатпайбы. Булар адам канын, адам жанын чымчыктыкындай көрбөй калышкан да. Мени аябай кыжырдантып, капа кылганы ушул логика, көз караш, ушул деңгээли менен бул адамдар бизди 5 жыл башкарып келишкени болду. Дагы деле бийлигин уланта беришсе, Кыргызстанды түптүз эле алпарып жардан ылдый тоголотуп жиберишмек. Манас атабыз түптөгөн мамлекеттүүлүктү кыйратып жок кылышмак. Төңкөрүштүн ишке ашуусуна Манас атабыздын арбагы өзү колдоо көрсөттү окшойт деп ойлоп калдым.
– Эгер Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекендин” мүчөсү болбосо, биз бул ысымды кайсы чөйрөдөн кезиктирер элек?
– “Бардык жолдор Римге алпарат” деген кеп бар эмеспи. Мурун сот системасында иштесем да, баары бир жан дүйнөмдөгү чакырык менен жүрүп отуруп, эртели-кеч ушул жолго келмекмин.
– “Аялын башкара албаган эркек, өлкөнү дегеле башкара албайт” дешет. Үй-бүлө тизгини кимдин колунда болгону жакшы деген ойдосуз?
“Башкарат деген мындай болот” деп эле аялын канжалата сабап, зөөкүр боло бергендерге караманча каршымын. Чынында, аялзаты эркекти жаман жолго жетелебейт. Илгертеден кыргыздын аялдары эркектин кеңешчиси, канат-бутагы болуп келишкен. Эми деле ошол сапатын жоготушкан жок. Кыйкырык, муштум менен өзбек, тажик аялдарын үйдөн чыгарбай отургузуп коюуга болсо керек. Себеби алардын табияты ошондой. Ал эми кыргыздын аялы эркегиндей эле эр көкүрөк, эркиндикти сүйөт. Бир ирет шагын сындырсаң, өмүр бою кечирбей да коюшу мүмкүн. Ошондуктан мен бул макалды тоталитардык, автократтык макал деп айтар элем.
– Апрель окуяларынан соң кызматка келди­ңиз. Ага чейин бир топ убакыт бош жүрдүңүз. Бала-чаканы кантип багасыз?
– Башында айтып өткөндөй, оппозицияда жүрүп бир топ эле запкы жедим. Бирок материалдык акыбалым начарлаганына ичим ооруган жок. Албетте, бала-чаканы багуу керек. Алты сан аман турганда аларды кантип бага албай калайын? Бирок келинчегимдин бир сапатына ыраазымын. Айрым аялдардай болуп “саясат-маясатыңды жыйыштыр, кереги жок, тынч эле жашайлы” деп башымды ооруткан жок. Митингдер алгач Талас, Нарында башталбадыбы. Нарынга Бекназаров менен мен бармак болдум. Ошол жакка жөнөөрдүн алдынан жакындарымды чогултуп, эки айлык кызым Акылайга жентек бердим. Анан “атасы балага жентек бериши керек. Бул карызымдан кутулдум, эми санаам тынч” десем, туугандар урушуп калышты. Келинчегиме “эртеңибиз кандай болору белгисиз. Же бизди камайт, же атат. Каматса мындай кыл, атса тигиндей кыл. Кыйналсаң баланча доско кайрыл, жардам берет” деп акыл салсам, “кайдагыны айтпачы” деп шишип-көөп ыйлап калды. Ошентип тобокел кылганыбыз үчүн да ушул күнгө жеттик деп ойлойм.
– Эртеден бери жалаң саясат, жумуш тууралуу кеп куруп бердиңиз. Жашооңузда негизги орунда азыр ушул нерселер турат окшойт. Сүйүү, үй-бүлө, карьера. Эгер ушул үчөөнүн бирин тандоо керек болсо, эмнени тандайсыз? Ушундай эле абалга мындан 20 жыл мурун туш келсеңиз, чечимиңиз кандай болор эле?
– Мындайга туш болбой эле коёюн дечи, бирок керек болсо, албетте, үй-бүлөнү тандайм да. Адамга үй-бүлөсүнөн баалуу эмне бар? А эгер 20 жыл мурун болсо... сүйүүнү тандамакмын. Дегеле сүйүүнү өбүшүп-жытташуу, экинчи, үчүнчү аял алуу деп түшүнгөндөргө кошулбайм. Эгер ушул сезимди барктап, баалап, кадырына жетпесең, сен бирөөгө жакшы дос болуп же кыйратып мамлекет деле башкара албайсың. Анткени адамзатындагы эң баалуу сезимди түшүнүп, барктоого кудуретиң жетпесе, сен жакшы адам эмессиң.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
tumarchik
2010-06-08 15:37:53
Aaй Текебаев келбей жатып досуну жирный местага тыканго. Ушул кандай болсун эми. Муну кантип тушунсо болот!
0
kyrs
2010-06-09 01:09:23
Eto ya dumay vremenno Tumarchik Referendum tynch ele otso eken/ ya dumay vse strashnoe v peredi.
0
honestbek
2010-06-10 14:39:25
Aaй Текебаев келбей жатып досуну жирный местага тыканго/
Эми досу дегенге кошулбайм экоо чогуу иштептир анан азыр Ата Мекендин ити чоп жеп атса анан башка ким отурат дейсин ТУМАРЧИК?
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан