МАИ КЫЗМАТКЕРИ ТОКТОТТУ. Эмне кылуу керек?

Сизди жол көзөмөлдөө кызматкери токтотту дейли, эмне кылуу керек? Аны менен кантип мамиле кылуу керектиги тууралуу юрист Калыйнур Батыралиев кеңеш берет.

КАЙСЫ УЧУРДА ТОКТОТОТ?
Мыйзам боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖККК) кызматкери эч себепсиз айдоочуну токтотууга укугу жок. ЖККК кызматкери төмөнкү учурларда гана айдоочуну токтото алат: Эгер ал айдоочуну жол эрежесин бузду деп эсептесе, издөөдө жүргөн адамдар унаада болушу мүмкүн деген маалымат болсо, автоунаа издөөдө болсо, жол кырсыгы же кылмыш боюнча айдоочудан же жүргүнчүлөрдөн күбө катары суроо керектелсе, кандайдыр бир кырсыкка кабылган адамга жардам берүү үчүн автоунаа же айдоочу керектелсе жана башка. Эгерде мыйзамсыз токтотуу болсо, анда ЖККК кызматкери 5 миң сомго чейин айып төлөйт. Транспорттук каражаттар болушунча кыска мөөнөткө токтотулушу керек.

ӨЗҮН ТААНЫШТЫРУУСУ ТИЙИШ
ЖККК кызматкери сизге келип өзүн тааныштыруусу (аты-жөнү, кызматы, чини), сиз талап кылсаңыз кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жана эмне себептен токтотконунун себебин айтууга тийиш. Керек учурда айдоочу инспектордун төш белгисинин номерин жазып алууга укуктуу.

ЭГЕРДЕ ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАН ЖОКМУН ДЕП ЭСЕПТЕСЕҢИЗ...

Эгер өзүңүздү жол эрежесин бузган жокмун деп эсептесеңиз, анда ЖККК кызматкеринен жол эрежесин бузгандыгыңыз боюнча далил (радарга түшкөн ылдамдык, видеодалилдер же алар болбогон учурда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү) талап кылыңыз. Эгерде ортодо түшүнбөстүк же талаш жаралса протоколго «макул эмесмин» деп жазыңыз. Административдик жоопкерчилик кодексинин 557-беренеси (Администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдун мазмуну) боюнча айдоочу протоколго тиркелүүчү түшүндүрмөлөрдү жана протоколдун мазмуну боюнча сын-пикирлерди берүүгө, ошондой эле өзүнүн ага кол коюудан баш тартуусунун жүйөөсүн баяндоого укуктуу.

ВИДЕОРЕГИСТРАТОР КОЛДОНУҢУЗ
Видеорегистраторго жазылып калган видео аркылуу күнөөлүү эместигиңизди ЖККК кызматкерине, эгер иш сотко жетсе сотто далилдей аласыз. Жол кырсыгы катталган учурда да видеорегистраторго жазылып калган видео жол кырсыгына ким күнөөлүү экендигин аныктоого чоң жардам берет.

ВИДЕОГО ТАРТА БЕРИҢИЗ
ЖККК кызматкери да, айдоочу да ортодогу диалогду аудиого жаздырууга же видеого тартууга укуктуу. Эсиңиздерде болсо керек, ушул жылдын башында ЖКККББнын (Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы) жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «ЖККК кызматкерлерин видеого тартуу, аны таратуу мыйзамга каршы келет» деп билдирген эле. Ошондон көп өтпөй Башкы прокуратура бул сөзү үчүн Ыманалы Саркуловго эскертүү берип, «мыйзам жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерди иш учурунда фотого жана видеого тартууга тыюу салбайт» деп билдирген.

ЖАНЫҢЫЗДА КАЙСЫ ДОКУМЕНТТЕР БОЛУШУ ШАРТ?

ЖККК кызматкери токтоткон учурда сиз токтошуңуз керек, бирок автоунааңыздан түшүүгө милдеттүү эмессиз. Сиздин жаныңызда унааны каттоо жөнүндө күбөлүк (техпаспорт), унаа салыгын төлөгөнүңүздү аныктаган дүмүрчөк жана айдоочулук күбөлүк болушу шарт. Коммерциялык максатта пайдаланылуучу автоунаа болсо, бул документтерге кошумча патент, техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу документ да керектелет.

КАЙСЫ УЧУРДА АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮГҮҢҮЗДҮ АЛЫП КОЁ АЛАТ?
Жол кыймылынын коопсуздугуна жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого шек келтирген, жол жүрүү үчүн жыйым төлөө эрежелерин бузуу менен байланышкан жана мыйзамда каралган административдик укук бузуу жасалганда, ал үчүн төмөнкүдөй административдик жазалардын бири: айып, транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу, административдик камакка алуу колдонулушу мүмкүн болгондо айдоочудан административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом аткарыла турган мөөнөткө айдоочунун күбөлүгү алып коюлат жана автоунааны башкаруу укугуна убактылуу уруксат берилет.
Эгерде ЖККК кызматкеринин талабы боюнча токтобосоңуз же документтерди берүүгө каршы болсоңуз, анда сиздин үстүңүздөн коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө карата баш ийбөө боюнча жоопкерчиликке тартылып калышыңыз мүмкүн. Бирок ЖККК кызматкери тиешелүү формасыз тоссо, айдоочу токтобой жолун улап кете берүүгө укуктуу.

КАЙСЫ УБАКТА АВТОУНААНЫ АЙЫП АЯНТЧАСЫНА ТОКТОТУП КОЮШУ МҮМКҮН?

  • Айдоочу мас абалда экендиги аныкталса;
  • Айдоочуда айдоочулук күбөлүк жок болсо;
  • Тормоз же руль менен башкаруу системи бузук болсо;
  • Автоунаа катталбаса, мамлекеттик каттоо белгилери жок болсо же алар жасалма болсо;
  • Жол кырсыгы болгон учурда жана ал аркылуу башка адамдардын ден соолугуна зыян келтирилген учурда жана башка учурларда.

Жол эрежесин бузганы үчүн айдоочуга протокол түзүлөт да, анын айдоочулук күбөлүгү алынып, унааны убактылуу айдоого уруксат берилет. Анан атайын убакыт бөлүп барып айып пулду төлөп (мүмкүн, андан сырткары сынак тапшыруу да керектелет), айдоочулук күбөлүктү кайтарып алууга туура келет. Ошондуктан айдоочулардын көпчүлүгү айып пулду мыйзамдуу түрдө төлөбөй, ЖККК кызматкерине пара берип кутулуп кетүүнү туура көрөт. Бирок пара алуу эле эмес, пара берүү да кылмыш экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Жакшысы, жол эрежесин бузбаңыз, мас абалда унаа айдабаңыз.

 

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
amirrus
2018-03-20 10:52:57
горячая линия кылып ишенимдуу номер(ватсап) жазып койсонор паракор гаишниктерден арылат элек,далил болчу материалдарды отуп бара жаткан адамдар да жоното турган болсо кыйла арылат элек парадан.Сотрудник да коркуп иштемек
+16
jyldyzbek222
2018-03-20 11:01:47
соонун маалымат болду. рахмат
+6
vavilon.
2018-03-20 12:52:17
Бизде өзү мыйзамдар жакшы эле жазылган. Бирок аны аткарбайт да эч ким. Керек болсо МАИ менен талашып тартышсан, сенин айыбын жок болсо да, МАИчиники туура болуп кете берет. Тааныш билиш, ж.б.
+4
Lilireinhart18
2018-03-23 07:11:32
vavilon.,ошону айтсан
0
almanbetperm
2018-03-20 13:51:19
Сонун маалымат дейсинер,корунуп эле турбайбы биринда окуп алган эмессинер праваны. Праваны окуп алсанар билишинер шарт,оз укугунарды биле жургонунор он
+3
almanbetperm
2018-03-20 13:52:48
Жанагы Болот деген бала эле окугандай корунот,окуп койсонор зыяны тийбейт
+2
KyrgyzstanBishkek
2018-03-21 11:36:32
Ошон учун кичине болсо да ПДД окуп коюш керек
+1
Lina
2018-03-21 14:11:10
Маи кызматкерлери себеби жок тосуп анысы аз келгенсип 1)озун тааныштырбайт2)документтини берсен машинасына алып жонойт себеби жок.Артынан барсан жазайынбы деп кайра сага суроо берет эмнеге деп катуурак турсан урушуп кетишет жакшы суйлосон жалдыратышат тушунбойсун буларды Ош шаарынын гаилерин
+6
Lina
2018-03-21 14:17:57
Кыргызстанда жумушка кирейин десен резюме,фото деп тим эле талапты жогору койот.Анан гос жумушта иштегендерди корсон сабатсыз тарбиясыз корс муноздуу тарбиялуу адам сылык болот кичи пейил болуш кк гос жумушта иштеген сон.Президентибиз ушул маселени карап берсе жакшы болмок
+1
Beknur10
2018-03-22 13:44:42
Бишкекте чайга ташта деп эле айтат пагончон каракчылар
+1
Kalemkash
2018-03-22 18:10:05
Юристин кенеши дагы жана башка деген создор менен болобу? Так айтта. Укугубузду так билели
+1
Nuke_A
2018-03-23 09:53:18
Kalemkash,эми бул жерде болушунча кыскартылып берилди да. баарын жазса гезитке батпайт экен
0
talant87
2018-03-22 19:38:31
Мен тан калганым токтотода неге десен тормоз иштейби аптечка барбы жок десен телефонго жазайын арзанырак деп айтат
0
bond0202
2018-03-23 23:14:50
шашпагыла гаилер,эми уйронуп алдым
+2
Suluu4a
2018-03-25 18:15:26
.....кошумча....200 сом ала туш....антпесен....олдун....ар балакетти айтышып...чумоонду чыгарышат
+2
aazamat
2018-03-25 21:22:00
Жакшы закондор бар экен? Бирок биздин укугубузду менттер бузганда кайсыл жака кайрылсак болот, же кайсы номерге кайрылсак болот ХХХХХ устунон??
0
interpol
2018-03-26 17:51:26
Менин айтайын дегеним протоколду кыргызча кылса болбойбу мисалы протокол толтуруп анан аягына кол коюуп кой десе түшүнүп анан кол коюуш керек болсо орусча билбесең кандай болот??? Кыргызстанда жашап аткандан кийин баардык иш кагаздар мамилекеттик тилде болушу шарт го. Же биз эмне орусиянын бир облусубузбу
+3
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан