ШАРАПОВА МЕНЕН ШУМАХЕР СПОРТТОГУ “ОСКАРГА”КӨРСӨТҮЛҮШТҮ

Спорт жаатындагы “Оскар” сыйлыгына тете “Лаурэс Эуорд” сыйлыгынын номинанттары белгилүү болуп калды. Эркектер арасында ага бул сыйлыктын соңку эки жылдын ээси, дүйнөнүн эң күчтүү теннисчиси швейцариялык Роже Федерер, планетанын мыкты гольф спортчусу америкалык Тайгер Вудс, өткөн жылдагы дүйнөнүн жана Европанын мыкты футболчусу, мадриддик «Реал» жана Италия курама командаларынын коргоочусу Фабио Каннаваро талапкер болушууда.
Булар менен катар эле 100 метрлик аралыкка чуркоо боюнча дүйнөнүн рекордсмени ямайкалык Асафа Пауэлл, «Формула-1» автожарышындагы мурдагы жана азыркы дүйнө чемпиондору немис улутундагы Михаэль Шумахер менен испаниялык Фернандо Алонсо да сыйлык үчүн ат салышат.
Аялдар арасында болсо спорттогу “Оскарга” тете сыйлыкка таяк менен бийиктикке секирүү боюнча дүйнө рекордчусу Елена Исинбаева жана дүйнөнүн 1-ракеткасы, теннисчи кыз Мария Шарапова көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, номинанттардын катарында теннисчилер, бельгиялык Жюстин Энен Арденн менен франциялык Амели Моресмо, швециялык Каролина Клюфт жана франциялык сууда сүзүүчү Лора Манаду бар. Атактуу француз футболчусу Зинедин Зидан “Жылдын кайрылуусу” сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн катарында. Футбол боюнча Италия курама командасы болсо дүйнө чемпионатын уткандыгы үчүн «Жылдын командасы» наамына көрсө­түлүүдө. Лаурэс Эуорддун жеңүүчү­лөрүн сыйлоо аземи 2-апрелде Барселонада өтөт. Айта кетсек, бул сыйлык 130га жакын мамлекеттин, миңден ашуун спорттук журналисттердин ой-пикиринен кийин ээсин табат.


АЛЯСКАДА ИТ ЖАРЫШЫ БАШТАЛДЫ

Аляскада эң престиждүү деп эсептелген өзгөчө спорт жарышы бар. Ал “ит жарышы” деп аталат жана анын катышуучулары чанага иттерди чегип алып жарышышат.
Бул мелдеш 35-жолу өткөрүлүп жатат. Жарышка АКШ, Норвегия, Канада, Аргентина, ошондой эле алгачкы жолу катыша турган Сербиянын өкүлдөрү болуп жалпысынан 82 унаа катышууда. Эреже боюнча ар бир чабандес демейде 12-16 ит менен чыгып, марага келгенде анын жок дегенде беш ити калыш керек. Мелдештин сыйлык фонду 795 миң долларды түзөт жана алгачкы болуп келген 30 катышуучуга бөлүнөт. Кошумчаласак, жакшы машыктырылган иттер финишке чейинки 1840 чакырым аралыкты 9-17 күндүн ичинде басып өтөт. Рекорд 2002-жылы коюлган. Анда жеңүүчү 1840 чакырымды 8 күн 22 саат 46 мүнөт 2 секундда багынткан.


АЛОНСО – ЭҢ БАЙ 3-СПОРТЧУ

«Формула-1» жарышындагы испаниялык айдоочу Фернандо Алонсо планетанын эң көп акча тапкан спортчуларынын катарында үчүнчү орунду ээледи. 25 жаштагы айдоочу 13 миллион долларлык кошумча демөөрчүлүк келишимге кол койду. Ошентип, быйыл Алонсо 43 миллион доллар каражат табышы керек. Кирешелеринин көлөмү боюнча ал гольфчу Тайгер Вудс жана Фил Микельсондон гана артта турат. Алар тиешелүү түрдө 90 жана 47 миллион доллар акча табышат. Өткөн жылы Алонсо 10 миллион доллардан азыраак гана акча топтогон. Бирок, 2-жолу катары менен Дүйнө чемпиону наамын алган. Ошону менен бирге, Михаэль Шумахердин жарыштан кетиши ага бир кыйла жеңилдиктерди түзүп берди.


ПЛЮЩЕНКО ЧОҢ СПОРТКО КАЙРЫЛЫП КЕЛЕТ

Олимпиада чемпиону Евгений Плющенко активдүү машыгууларды баштап, чоң спортко кайрылып келет. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Алексей Мишин жарыя кылган.
Анын айтымында, лидер позициясына келүү Плющенко үчүн оор болот. Анткени, “Туриндеги өткөн Олимпиададан берки бир жылдын ичинде эркектер арасындагы муз үстүндөгү бий бир кыйла алдыга жылыш жасады” дейт ал. Эске салсак, Евгений акыркы жолу Туриндеги Олимпиадада чыккан. Андан кийин ал чоң спортко активдүү чыгууларын токтотуп, муздагы шоуларды уюштуруу жана бизнес жүргүзүүгө көңүл бураарын жарыя кылган.


РОЖЕ ФЕДЕРЕР – РЕКОРДЧУ

Профессионал теннисчилер ассоциациясындагы 1-ракеткачы швейцариялык Роже Федерер рейтинг-баракчада лидер болуу мөөнөтүнүн узактыгы боюнча рекорддун ээси болуп калды.
Ал 162 жума катары менен 1-орунду эч кимге бербей келет. Мурдагы рекорд катары менен 160 жума 1-орунду ээлеген легендарлуу америкалык Жимми Коннорско таандык болчу жана ал рекорд 1977-жылы коюлган. Федерер дүйнөлүк классификацияны 2004-жылдын 2-февралынан бери жетектеп келет. Бул мезгилдин ичинде ал 50 турнирдин 36сында жеңүүчү болуп, анын ичинен «Чоң шлемдин» 13 турниринин 9ун уткан. 269 матчта швейцариялык теннисчи 254 жеңиштин ээси болгон. Бул да болсо кайталангыс жетишкендик эле. Буга карабастан Федерер жаңы бийиктиктерди багынтканы турат. Тактап айтканда, ал башка америкалык Пит Сампрастын «Чоң шлем» турнириндеги 14 жеңишин кайталап, карьерасында 286 жума бою лидер болгусу келет.


Жергиликтүү жаңылыктардан

Кикбоксинг

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ЭКИ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн чемпионатында кыргызстандык эки спортчу алтын медаль алды. Февралдын этегинде Анкарада К-1 версиясында кикбоксинг боюнча дүйнөнүн кубогуна чемпионат өттү.
Чемпионатка Азербайжан, Түркия, Иран, Чечен Республикасы жана Кыргызстандын спортчулары катышкан. Биздин өлкөнүн намысын коргогону ал жакка Ош шаарындагы «Бүркүт» спорттук денсоолукту чыңдоо борборунун тарбиялануучулары Нуриддин Эргешев менен Кобил Халилов барган болчу. Мелдештин жыйынтыгында Эргешев 54 килограммга чейинки салмакта, ал эми Халилов 67 килограммга чейинки салмакта чемпион наамын алышты. Белгилүү болгондой, эми март айында Анкара шаарында кезектеги чемпионат өтөт жана анда спортчулар өз наамдарын коргошу керек.

Футбол

“АБДЫШАТА” ИТАЛИЯДАГЫ ТУРНИРГЕ КАТЫШАТ

“Абдышата” футбол клубунун жаштар командасынын франциялык машыктыруучусу өзүнүн оюнчуларын Италиядагы эл аралык турнирге даярдоодо.
Франциялык жаңы машыктыруучу Мухаммед Шуаши 28-февралда ишке киришип, 1992-жылы төрөлгөн жаштардын атайын классын машыктырууда. Италиядагы футбол турнири тууралуу айта турган болсок, ал 6-9-апрелде өтөт. Ал эми ага чейин Шуаши баштаган футболдук клуб 30-мартта Кыргызстандан учуп, Түркияда жаш футболчулар менен эки беттешүү өткөрөт.

Бильярд

КЫРГЫЗСТАНДА БИЛЬЯРД ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ

Нооруз майрамына карата Бишкекте бильярд спорту боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Ал 22-25-мартка белгиленген.
Мелдеш москвалык пирамида эрежеси боюнча болмокчу. Турнирге эл аралык класстагы спорт чебери Каныбек Сагынбаев, спорт чебери Антон Нетесов, Медер Жаныжымышев, Сергей Андреев жана башкалар катышат. Жеңүүчү­лөр дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышат. Дүй–нөлүк чемпионат июнь айында Казакстандын Алматы шаарында өтөт.

Даярдаган Медер Тентимиш уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 227, 9-15-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан