БАЛДАРДЫН ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН «КЕРЕМЕТ КӨЧТҮН» ЖАҢЫ СЕРИЯСЫ ТАРТЫЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында «Тунгуч» жаштар театрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында «Керемет көч» мультфильминин атайын сериясынын бет ачарын жаш көрүүчүлөрүнө сунуштады. Бул маараке улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Дүйнөлүк акча жумалыгынын урматына арнап өткөрүлдү.


«ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК ЧОҢДОР ҮЧҮН ЭЛЕ ЭМЕС, ЖАШ БАЛДАР ҮЧҮН ДА ӨЗӨКТҮҮ ТЕМА»
Мультфильмдин бет ачары болор алдында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өлкөнүн борбордук банкы балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга айрыкча көңүл буруп жатканын белгилеп өттү: «Бүгүн өзгөчө окуя орун алып турат. Учурда финансылык каражаттарды туура пайдалануу компьютердик сабаттуулук ыкмаларын өздөштүрүү сыяктуу эле турмуштук зарыл инструментке айланды. Бул Улуттук банк Билим берүү министрлиги менен биргеликте жаштарды финансылык сабаттуулуктун деңгээлин көтөрүү максатында жасалып жаткан иш-чара. 2-3 жылдын ичинде финансылык сабаттуулук мектеп программасына кириши керек.
Дүйнөлүк акча жумалыгынын башкы максаты – коомчулуктун көңүлүн акчаны туура пайдаланууга буруу. Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу – улуттук банк жана өкмөт үчүн өзөктүү маселе»,- деди ал өз сөзүндө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо бардык курактагы жаш балдарды акчаны туура колдоно билүү ыкмасына окутуунун жана бул багытта маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн айтты: «Керемет көчтүн» 11 жылдык иш натыйжасында 400дөн ашык чыгарылыш тартылып, кичинекей күйөрмандардын сүймөнчүгүнө айланды. Бардык ата-энелерди балдарына көбүрөөк убакыт бөлүүгө, аларга китеп окуп берип, кызыктырган суроолоруна жооп берүүгө үндөйм. Балдар ар кыл темада билимдүү болушу зарыл. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен кызматташып жатканыбызга кубанычтамын»,- деп белгиледи ал.

АКЧАНЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНУУГА ҮЙРӨТКӨН МУЛЬТФИЛЬМ
«Керемет көч» анимациялык фильминин атайын чыгарылышы каармандардын акчадан кагаз учак жасап учурганынан башталат. Ал арада Актандын иниси Кенже ичинде акчасы бар капчык таап алган болот. Балдар чогулуп ал акчаны кантип коротууну ойлоп, аягында чоң атасы менен кеңешүүнү туура көрүшөт. Чоң ата балдарга акчанын кайдан, кантип өндүрүлөрүн, чоңдор аны кантип иштеп табышарын айтып берет. Андан тышкары акчаны пландап коротуп, туура пайдаланып, ага карата аяр мамиле жасоо керек экенин түшүндүрөт. Мультфильмдин соңунда Актан, Акылай, Кенже жана Такай төртөө таап алган капчыкты ээсине кайтарып беришет.
Жалпысынан мультфильмдин жаңы сериясында балдарга жеткиликтүү болсун деп жалпак тил менен акчанын канчалык баалуу экенин, улуттук валюта, үй-бүлө бюджети тууралуу баяндалат.

«АКЧАГА СҮРӨТ ТАРТПАШ КЕРЕК ЭКЕН»
«Тунгуч» театрына мультфильм көрүү үчүн келген балдар Актан менен Акылайды жакшы көрүшөрүн, алардын ар бир иши үлгү болорун айтышты. Окуучулардын бири Дария Исакова болсо мультфильмди көргөндөн кийин акчага туура мамиле жасоо керектигин үйрөндүм дейт:
– Мен бул мультфильмди көргөндөн кийин акчага сүрөт тартпай, бүктөбөй, андан учак жасабай жакшы сактап, туура мамиле кылыш керек экенин чоң атанын сөзүнөн үйрөндүм. Эгер акча таап алсаң аны ээсине бериш керек экенин билдим. Мен Актан менен Акылайды дайыма туура иш жасаганы үчүн жакшы көрүп келем. Ал эми мультфильмде балдардын капчыкты ээсине алып барып беришкени, бул жакшылык үчүн капчыгын жоготкон эженин балдарга рахмат айткан бөлүгү жакты. Ошондой эле биздин сомдун туулган күнү экенин билдим.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.
Актан менен Акылай акчага аяр мамиле керектигин балдарга үйрөттү.


Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Zaina
2018-03-28 00:48:18
Иий бултуська, жакшы нерселерди уйронуптурсун. Чонойгондо банкта иштеп калаарсын, билиминди оркундото бер кичинекей кыз.
+1
Nurmuhammed2016
2018-03-28 15:56:55
мультфилимди ошол болумдору телевизордон коюп бере башташтыбы
0
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан